Жүктөлүүдө...
Абдыкерим Сыдыков
Кыргыз эли кылымдар бою умтулуп келген мамлекеттүүлүгүн түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаган мамлекеттик, партиялык ишмер А. Сыдыков 1889-жылы Пишпек уездине караштуу Башкарасуу айылында туулган. Теги айтылуу солто уруусундагы бай үйбүлөдөн чыккандыктан жаш чагынан эле жакшы тарбия, билим алган. Мусулман мектебинен окуп куранды жана араб жазуусун жакшы өздөштүргөн. Анын үстүнө чоң атасы Өзүбектин үйүндө кыргыздын атактуу акындары менен манасчыларынын жолугушуулары, айтышуулары көп өткөндүктөн жаш жеткинчектин алгачкы университети болгон. А. Сыдыковдун адамдык жакшы сапаттарынын калыптануусуна өзү кызыгып окуп үйрөнгөн Манас эпосунун таасири тийген.
Ал 1904-1911-жылдарда привилегиялуу окуу жайы болгон Верныйдагы (Алматы) эркек балдар гимназиясында окуп, аны бүткөндөн кийин Казань университетинен билим алган. 1912-жылы Пишпек башкармасынын башчысы Путищивге котормочулук кызматка алуусун өтүнүп арыз менен кайрылган. 1913-жылы 10-январда аны кызматка кабыл алган. Ошентип 1917-жылга чейин катчы жана тилмеч болуп ак ниети менен иштегендиктен медал-ордендерге татыктуу болуп колледждик регистратор деген граждандык чинден алууга жетишкен.
1917-жылы февраль революциясынан кийин Орто-Азияда ар кандай социал-демократиялык партияларды түзүү иштери жүргөн. Өз замандаштары И. Айдарбеков, К. Тыныстанов, И. Арабаев сыяктуу кыргыздын атуулдары менен бирге ал да Алмаш-Ордо кыргыз-казак партиясын түзүшүп, ага мүчө болушкан. Кыргыз жергесинде болшевиктик уюмдар түзүлүп ал коммунисттик партиянын катарына кабыл алынган. 1920-жылга чейин турмуштук тажрыйбасы бай, иштин көзүн таба билген билимдүү инсан Жети-Суу обком партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1922-жылы Жети-Суу областтык аткомунда президиумдун мүчөсү, төрагасынын орун басары, Түркстан АССРинин ички иштер эл комиссарынын орун басарлык милдетин аткарган жана Бүткүл союздук Кеңешинин I съездине кыргыз элинин атынан өкүл болуп катышкан. Жаркен уездинде жер-суу реформасынын жүрүшүн жетектеген. Бирок, айрым бир чыгымчыл адамдардын кесепетинен бай-манаптын тукумунан деген шылтоо менен төрт ирет партиянын катарынан чыгарылып кайра калыбына келтирилген.
Канчалык ага бут тосушпасын А. Сыдыков идеясына берилген бойдон кыргыздарды бириктирүүдө, бирдиктүү көз карандысыз мамлекетти калыптандырууда тартынбастан аракеттенген. Ал 1922-жылы март айында өткөн Бүткүл түркстандык съездде Кыргыз Тоолуу облусун түзүү маселесин көтөрүп чыгып, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп, добушка жетишип, Тоолуу облусту түзүү боюнча комиссиясынын төрагалыгына бекитилген соң, өзүнүн жактоочулары менен жаңы идеянын үстүндө аракеттенип иштей баштаган.
Бишкекте өткөн (1922-ж. 4-июль) съездде анын сунушу бекип, Кыргыз автономиясын түзүү идеясы жеңип чыккан. Ошол эле жылдын 13-июлунда съезд ким тарабынан уюшулгандыгын жана анын мүнөзүн тактоону талап кылган Сталинден келген телеграммадан кийин иш тескерисине айланып өз жандарынан корккон Жети суулук жетекчилер съезддин 90 пайызы бай-манаптардын тукумунан, ондон бир бөлүгү кедей-кембагалдардан деп маалымат жөнөтүшкөн. Кыргыз облусун түзүү маселесиндеги мындай ачакей көз караштар аны расмий иш-чараларга катышуу укугунан четтетип, жат көрүнүш катары партиянын катарынан чыгарса дагы, 1924-жылы октябрда Кара Кыргыз автономиялуу обласын түзүүгө активдүү катышып өз салымын кошкон.
1926-1932-жылдары Ташкенде Орто Азия мамлекеттик университетинде илимий кызматкер болуп иштеп турганда Кыргыз элинин уруулук бөлүнүшү (1927), Көчмөндөрдө малды жайытта багууну уюштуруу (1930) деген илимий макалаларын жазган. 1932-жылы республикага чакырылып мамлекеттик пландоонун төрагасынын орун басары болуп иштеп турганда андан кийинки тагдыры отузунчулардын ишине байланыштуу Социал-Туран партиясын түзүүгө аракет кылган деген куру жалаа менен 1933-жылы НКВД тарабынан камакка алынып, 1938-жылы февралда 49 жашында атууга өкүм кылынган. Биздин мамлекетибиздин эгемендүүлүккө жетишине өзүнүн өмүрүн арнап мерт болгон А. Сыдыков 1958-жылы акталган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 7369, Өзгөртүлгөн: 2016-05-23,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо