Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдраев Карыке

Баш барак | Биографиялар | Абдраев Карыке

Абдраев Карыке(1932-жылы туулган, Ысык-Көл району, Корумду айылы) - мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республиканын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер (1992). 1955-жылы Москва текстиль институтун бүгүргөн. 1955—61-жылы чарбалык жооптуу кызматтарда иштеген. 1961—67-жылы Кыргыз Республиканын жергиликтүү чарба министрлигинин өнөр жай башкармасынын жетекчиси, Кыргызстан Министрлер Советинин алдындагы Калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө башкы башкармасында өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси. 1967—70-жылы республикадагы калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө министринин биринчи орун басары. 1970—80-жылы Ысык-Көл облустук Эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1980—85-жылы Кыргызстан КП Талас облустук комитетинин 1-катчысы. 1985—91-жылы Кыргызстандын жергиликтүү өнөр жай министри. 1991-жылы жергиликтүү өнөр жай ишканалар концернинин, 1992-жылдан бери ошол эле ишканалардын ассоциациясынын төрагасы. 1992-жылдан республикадагы Кыргызстан - Түркия достук коомунун президенти.

1971—85-жылы Кыргыз ССР, жогорку Кеңешинин, 1984-89ж. СССР Жогорку Кеңешинин депутаты. 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 565, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу