TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Зоология илими, бөлүмдөрү, тармактары, тарыхы жөнүндө маалымат макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Зоология — жаныбарлардын өөрчүшүн, түзүлүшүн, тиричилик аракетин, айлана-чөйрө менен байланышын, жер бетинде таралышын, классификациясын жана келип чыгышын изилдөөчү илим, биологиянын негизги бөлүктөрүнүн бири. Макала мазмуну Жалпы маалымат Тарыхынан Айрым жаныбарлар жөнүндө илимдер Жалпы маалымат Зоология жаныбарлардын пайдаланууларын (бакма жана жапайы жаныбарларды) көбөйтүп, жер-жерлерге таратып, байырлаштырып асыроонун жана зыяндуулары (айыл чарба жана токой зыянкечтери, илдет таратуучулар) менен күрөшүүнүн илимий негизин түзөт. Зоология бир нече илимий тармактарга бөлүнөт: Жаныбарлардын морфологиясы — жаныбарлардын сырткы жана ички макроскопиялык, микроскопиялык (гистология, цитология) түзүлүшүн жана алардын жеке өөрчүшүн (жаныбарлар эмбриологиясы) изилдейт. Салыштырма анатомия жана салыштырма эмбриология — түрдүү топтогу жаныбарлардын түзүлүшүндөгү жана өөрчүшүндөгү жалпы жана айрым өзгөчө белгилерди, тарыхый өөрчүү процессиндеги негизги мыйзам ченемин изилдейт. Жаныбарлар физиологиясы — организмде жана анын бөлүктөрүндө (орган, ткань, клеткада) өтүүчү процесстер менен алардын кызматын изилдейт. Зоопсихология — жаныбарлардын кыймыл-аракетин изилдейт. Жаныбарлардын биохимиясы — тирүү ткандардагы химиялык процесстерин изилдейт. Биофизика — биологиялык кубулуштардагы физикалык жана физикалык-химиялык мыйзам ченемдерди, орган жана ткандардын кызматына физикалык процесстин тийгизген таасирин жана ал таасирдин механизмин изилдейт. Экология — жаныбарлардын чөйрө менен байланышын изилдейт Зоогеография — жаныбарлардын географиялык таралыш мыйзам ченемин изилдейт. Палеозоология — казынды жаныбарларды изилдейт. Систематика — жаныбардын көп түрдүүлүгүн жана алардын окшоштуктары боюнча системалык топторго бөлүнүшүн изилдейт. Филогенетика жаныбарлардын эволюциялык жолун изилдейт. Генетика — жаныбарлардын өзгөргүчтүгүн жана тукум куугучтугун изилдейт. Жаныбарлардын ар кандай тобун изилдөөгө байланыштуу зоологияда протозоология — бир клеткалууларды (жөнөкөйлөрдү) изилдөөчү, гельминтология — мите курттарды, арахнология — жөргөмүш сымалдарды (анын ичинде акарология — кенелерди), энтомология — курт-кумурскаларды, малакология — моллюскаларды, карцинология — рак сымалдарды, ихтиология — балыктарды, батрахология — жерде-сууда жашоочуларды, герпетология — сойлоп жүрүүчүлөрдү, орнитология — куштарды, териология же маммалиология — сүт эмүүчүлөрдү изилдөөчү өз ара тыгыз байланыштуу илимдер пайда болду. Тарыхынан Жаныбарлар, алардын тиричилик өзгөчөлүктөрү, адамдын турмушундагы мааниси жөнүндөгү маалымат Байыркы Кытай, Индия жана Египет жазма эстеликтеринде (биздин заманга чейинки 3-2-миң жылдык) бар. Зоология боюнча алгачкы жыйнактар грек философу Аристотелге (биздин заманга чейинки 384-322-жылдар) таандык: "Жаныбарлардын тарыхы", "Жаныбарлардын бөлүктөрү жөнүндө", "Жаныбарлардын пайда болушу жөнүндө". Аристотель жаныбарларды 500 түргө бөлүп, классификациялоого аракеттенген. XVI кылымда жаныбарлардын көп түрдүүлүгү жөнүндөгү маалымат кеңейген. XVII кылымда микроскоптун чыгышына байланыштуу, майда организмдер ачылып, жаныбарлардын микроскопиялык түзүлүшүн изилдөө башталган. Ушул мезгилден баштап зоология ар кандай илимдерге бөлүнө баштап, акырындык менен комплекстүү илимге айланды. Зоологиянын өнүгүшүндө Карл Линней, Ж. Л. Бюффон, П. С. Паллас, Ж. Б. Ламарк, К. Кювье, Ч. Дарвин, И. И. Мечников, А. Н. Северцов жана башка илимпоздордун эмгектеринин ролу чоң. Айрым жаныбарлар жөнүндө илимдер Айрым топтогу жаныбарлар жөнүндөгү илимдин өнүгүшү алардын турмуштагы маанисине байланыштуу болгон. Мисалы, жөнөкөйлөр систематика жана эволюция проблемаларын чечүүдө гана кызыгуу туудурбастан, малдын жана адамдын ар кандай ылаң, ооруларын козгогучтар катары (амёба ич өткөгү, безгек, лейшманиоз жана башка) да белгилүү болду. Акыркы он жылдыктарда курт-кумурскалардын физиологиясы жана экологиясы көбүрөөк изилденип, алардын зыяндуулары менен күрөшүүнүн, пайдалууларын колдоно билүүнүн теориялык негизи түзүлүүдө. Омурткалуулардан айрыкча балыктар, куштар жана сүт эмүүчүлөр изилденген; алардын тиричиликке мааниси ар тараптуу жана эбегейсиз (мал, куну жана аңчылык кылынуучу жаныбарлар, айыл чарбасы, токой зыянкечтери, жугуштуу ылаң козгогучтарды алып жүрүүчүлөр жана башка). Азыркы зоология билиминин деңгээли жаныбарларды коргоо, рационалдуу пайдалануу, айыл чарба зыянкечтери менен күрөшүүнүн ыкмаларын колдонууга мүмкүндүк берет. Зоология айыл чарбасы, ветеринария жана медицина менен тыгыз байланышта. Зоологиянын айрым бөлүмдөрү (паразитология, гидробиология, эпизоотология) алардын курамдык бөлүгү катары кирет. Зоология боюнча изилдөөлөрдү зоологиялык институттар, музейлер, зоологиялык илимий коомдор жүргүзөт. Кыргызстанда зоологиялык изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын Биология институтунда, Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Кыргызстан айыл чарба институтунда аткарылган. Айыл-чарба администрация-башка