TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Жусуп Абдрахманов макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Жусуп Абдрахманов, Абдрахманович (кыргызча ысымы — Усуп Абдраманов, 1901-жыл 28-декабрь, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Жаркымбаев айылы — 1938-жыл, 5-ноябрь [18-февраль] Таш-Дөбө) — советтик мамлекеттик жана саясый ишмер, Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин биринчи төр агасы. Жусуп Абдрахманов Ишин улантуучуБаялы Исакеев Туулган датасы1901-жыл, 28-декабрь Өлгөн датасы1938-жыл, 5-ноябрь (36 жаш) ПартияКПСС ТаандыгыРСФСР Согушка катышуусуРоссия жарандык согушу Коюлган жайы«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси Макала мазмуну Өмүр баяны Кыскача хронология Жеке күндөлүгүнөн Үй-бүлөсү Түбөлүктөө Эмгектери Өмүр баяны Саясий ошондой эле мамлекеттик кызматкер, эл тарыхын объективдүү изилдөөчү — Жусуп Абдрахманов Семиреченск облусунун Каракол уездиндеги Күнгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей кыштоосунда (азыркы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Жаркымбаев айылы) 1901-жылдын 28-декабрында бай-манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы — Абдрахман Балапанов — манап, бий, болуштук башкаруучулукта үч жыл эмгектенген. Он үч жаш өспүрүм кезинде Каракол баштапкы жогорку окуу жайына тапшырган. 1916-жылдагы Үркүн катышуучусу. Үркүндө карапайым элдин үй-бүлөлөрүндөй эле Кытайга качууга аргасыз болгон. Атасы келте (тиф) оорусунан каза болот, ал эми энеси жана жакынкы 7 биртугандары Нарындагы көтөрүлүштү басууда казактардын колунан каза тапкан. Жусуп 15 жашында иниси Токо (1909-жылы туулган) экөө жетим калат. Мекенке кайтып келип 16 жашында Каракол гарнизонунда жылкычы болуп эмгектенет, андан соң короо шыпыруучу жана башка ушул сыяктуу кара жумуштарда эмгектенет (батракчы). Кызыл Аскерде кызмат өтөп, Семиречье фронтунда аскер операцияларына катышат (1918-1919-жылдар түндүк Жети-Суу фронтундагы ак казактар салгылашы). Кыргыз комсомолунун башында туруп, атактуу ВЛКСМдин III съездинин делегаты болуп, анда президиумдун курамына шайланган. Съездде В. И. Ленин менен узак убакытка чейин баарлашкан деп айтышат. Андан кийин ЦК РКП(б)нин (ЦК РКП — Центральный Комитет Российской Коммунистической Партии, кыргызча — Россия Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитети [РКП БК]) аппаратында иштеген. 1924-жылы заманбап Кыргызстандын чек араларын аныктаган. Элдин өз жашоосун өзү эркин аныктоо максатын ишке ашырууну көздөп, Жусуп Абдрахманов Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана башкалар менен биргеликте 1920-жылдардын башында Түркстан республикасынын курамында Тоолуу облусту түзүү сунушун берген. Борбору Жалал-Абад болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чейин грандиоздуу Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү проектиси боюнча чыккан. 1927-жылдын 12-мартында 26 жаш курагында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин комиссарынын төр агасы болгон. Республиканын аткаруу бийлигинин башындагы кызматта Борбордон тышкаркы (Россиядан) таң калаарлык кайраттуу саясатты жүргүзгөн. 1929-жылдын ноябрь айындагы жана 1930-жылдын апрель айындагы Сталинге болгон каттарында, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу, союздук Борборго, РСФСРге жана Средазбюрого зыян алып келген баш ийүүнү токтотуу боюнча өтүнүп келген. Кийинчерээк бул позиция улутчул деп бааланган. 1930-жылдардын башындагы Кыргыз АССРинин оор экономикалык абалына көз салып, сталиндик иш-чараларга скептикалык көз караштарын айта баштаган. Нан азыктарын даярдоо боюнча жогорку пландарын аткаруудан баш тартып, муну ошол жылдардагы Кыргыз АССРиндеги ачкачылыктын анча болбогону менен байланыштырышат, ал эми СССР масштабында ачкачылык массалык мүнөзгө ээ болгон. ЦКК ВКП(б) (Центральная Контрольная Комиссия Всесоюзной коммунистической партии, кыргызчасы — Бүткүл союздук коммунисттик партиянын Борбордук Көзөмөл Комиссиясы) президиумунун төр агасынын орун басарына болгон түшүнүк катында Жусуп Абдрахманов кийинкидей жазган: «...Республиканы, Казакстандын абалына чейин алып баргандан көрө, бизди планды аткарбаганыбыз үчүн алып салсын» (жеке котормо). Ошол кезде, Кыргыз АССРинде Украинадан, Казакстандан, Поволжьеден келген миңдеген качкындар жан сактап калышкан деп ырасталат. 1933-жылы кызматынан алынып, бир айдан кийин «троцкисттер тобунунун таасири менен партиянын чечимдерин ак ниетсиз колдоп, чындыгында аларды бурмалап, өзүнүн партиялык эмес алып жүрүүсү үчүн» деп партиядан четтетилген. Борбордук Комитетке апелляция менен кайрылуусу натыйжага алып келген эмес. 1937-жылдын 4-апрелинде камалган. Абдрахмановго ойлоп чыгарылган «пантүрк борборунун жетекчилери Рыскулов, Ходжаев, Асфендияров, Ходжановдор менен болгон байланышы үчүн», ошондой эле, эч качан болбогон «Советтик бийликти кулатуу, Кыргызстанды СССРден ажыратуу жана Англияга багытталган буржуаздык-улуттук мамлекетти түзүүнү максат кылган оңтроцкисттер уюмунун бөлүмүндө иш алып барган антисоветтик террористтик диверсиялык-саткын Социал-Туран партиясына таандыгы бар» деген айыптар салынган. Куугунтукталган ишмерге өзгөчө ыкмалар колдонулуп, акыл-эси жайында эмес абалга келтирилип, жалган көрсөтмөлөргө мажбурлап кол койдуруп алышкан. Кийинчерээк Абдрахманов СССРдин генералдык прокурору Вышинский жана НКВДнын башчысы Ежовго арыз жазып, протоколдо жалган көрсөтмөлөр берилгендиги жөнүндө айткан. Арыздан цитата: «Мени суракка алган тергөөчү Зеликман Н. П., мага атайын ыкмаларды колдонуп, мени акыл эсим жайында эмес абалга келтирип, эч бир сураксыз, өзү тарабынан түзүлгөн айтылуу сурак протоколуна кол коюууга мажбур кылды... Мунун баары жалган, эч кандай контр-революциялык уюмдарда мен болгон эмесмин. Андан тышкары, бул протоколдордо контр-революциялык уюмдардын катышуучусу катары, мен тааныган өңдүү кылып көптөгөн адамдар көрсөтүлгөн. Анын ортосунда, бул адамдардын көпчүлүгүн менен таптакыр тааныбайм жана аттарын Зеликмандан биринчи угушум. Айтылгандарга таянып НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан түзүлгөн сурак протоколдоруна койгон колумдан баш тартамын жана айтылган адамдардын үстүндө сот болсо, менин колумду тастыктама катары эсептебеңиздер (орусча жазылган катынан кыргызчага жеке котормо)». 1938-жылдын 5-ноябрында (кээ бир маалыматтар боюнча 18-февраль) сурак убагында тергөөчүнү стөл менен уруп жибергенде атылып өлтүрүлгөн делет. 1958-жылы СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы тарабынан реабилитацияланган (акталган). 1968-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети реабилитациялаган. «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде сөөгү коюлган. Кыскача хронология 1910—1915 — Сазановск (учурдагы Ананьево айылы, Ысык-Көл облусу) орус-тузем мектебинде окуган. 1915—1916 — Караколдогу жогорку баштапкы окуу жайда окуусун уланткан. 1916—1917 — улуттук-боштондук көтөрүлүштү басууда биртугандары менен Кытайда болгон. 1917—1918 — Каракол гарнизонунун офицерлеринде жалданма батрак болуп иштеген, офицерлердин бири анын Верный шаарына (учурдагы Алма-Ата) алып кеткен. 1918—1919 — Түндүк Семиречье фрондунда ак казактарга болгон куралдуу күрөштө катышкан. 1919 — РКП(б)нын катарына кирип, Верный гарнизонунун райком мүчөсү болуп шайланган. Ошондой эле облустук Семиречье уюштуруу бюросунун комсомол мүчөсү жана Түркстан РКСМ (Российский коммунистический союз молодёжи) бюросунун Президиум мүчөсү болуп тандалган. 1920 — Түркстан РКСМнин 1-съездинин ишинде катышкан, Семиречье обком комсомолунун аткаруу бюросунун мүчөсү болуп тандалган, ошондой эле, «тузем жаштары арасында иштөө боюнча» комиссиянын төр агасы, обком партиясындагы РКСМ обкомдун өкүлү болгон. РКСМдин Москвадагы 3-съездине катышып, В. И. Ленин менен баарлашкан. 1920—1921 — Алма-Ата уезддик-шаардык Түркстан Компартия (ТКП, орусчасы КПТ) комитетинин жоопту катчысы. 1921 — Талды-Коргон уезддик-шаардык Түркстан Компартия комитетинин катчысы. 1921—1922 — Каракол уезддик-шаардык Түркстан Компартия комитетинин катчысы. 1922—1923 — Пишпек уезддик-шаардык Түркстан Компартия комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. 1923—1924 — Жети-Суу (Семиречье) облустук Түркстан Компартия комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. 1923 — СССР БАКтын (Борбордук Аткаруу Комитети) жана РСФСР ББАКтын (Бүткүлроссиялык Борбордук Аткаруу Комитети) мүчөсүнө кандидат болуп тандалган, ошондой эле Түркстан Компартиясынын 7-съездинде — Түркстан Компартиясынын Борбордук Көзөмөл Комиссиянын мүчөсү болгон. 1924 — Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун мүчөсү, Түркстан БАКтын жооптуу катчысы болуп дайындалган. 1924—1925 — Кыргыз Облпартбюросунун жооптуу катчысы. 1925 — БК (Борбордук Комитет) РКП(б)нын Орто Азия бюросунун уюштуруу-бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 1925 — УКК-НРК РКИ СССР комиссиясынын мүчөсү. Мешхед (Персия) шаарына командировкаланган. 1925—1926 — ВКП(б) Борбордук Комитетинин уюштуруу-бөлүштүрүү бөлүмүнүн нускоочусу (инструктор). 1926—1927 — Кыргыз автономдуу облусунун облисполкомунун төр агасынын биринчи орун басары, Орто Азия экономикалык кеңешме президиумунун (СредЭКОСО) жана Кыргыз обком партия бюросунун мүчөсү. 1927—1933 — Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төр агасы. 1927-жылдан ВЦИК РСФСР мүчөсү, СССР БАК Президиумунун мүчөсүнө жана Борбордук Комитет ВКП(б) Средазбюросунун мүчөлүгүнө кандидат. 1933—1935 — Орто-Волга аймактык жер бөлүмүнүн мал-чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары (Самара ш). 1935—1937 —Оренбург облискомунун облустук мал-чарбалык жер иштетүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 1937 — Антисоветтик ишмердүүлүк боюнча айыпталып камалган. 1938 — Репрессияланган. 1958 — Жарандык акталуу (реабилитация). 1989 — Партиялык акталуу. Жеке күндөлүгүнөн Күндөлүгүнүн электрондук варианты, көчүрүп алсаңыз болот (орус тилинде, zip-архивде, microsoft word форматында). Абдрахманов өзүнүн күндөлүгүндө белгилүү футурист жана троцкист Натансон Мария Яковлевнага болгон бийик сезимдери жөнүндө ачык жазган. 1927-жылы Мария Натансон, кулатылган Лев Троцкийдин жактоочусу болгондуктан партиядан четтетилип, Фрунзеге жөнөтүлгөн. Ал Фрунзеде Мампландын (Госплан) өнөр жай секциясында (промсекция) иштеп, тажрыйбалуу болгондуктан көп өтпөй жетектөөчү экономист болот. Ушул жактан күчтүү сезимдерге өсүп чыккан республикалык Эл Комиссарлар Кеңешинин төр агасы Жусуп Абдрахманов менен таанышат. Мария Натансон Жусупту, Осип жана Лили Бриктин үй-бүлөсү жана Владимир Маяковский менен тааныштырат. Ошондон бери Абдрахманов Гендриков тар көчөсүндөгү чыгармачылык интеллигенция чогулган батирде тез-тез келүүчү конок болот. «Кечки саат 10дө Бриктерге бардым. Аграновдорго кезигип, Злата менен тааныштым. Злата менен Лиля экөө жакшы тааныш. Вит кечээкидей эле Л. аттуу итине кам көрүүдө — өтө жаман. Лиля, Вит аны терең сүйөт деп ишенет, ал дагы аны сүйөт, бирок Виттей анчалык эмес. Андан тышкары ал Вит менен көңүл калуусуз ажырашуу мүмкүн деп эсептейт, албетте, эгер ал өткөнгө кызгануусун токтотуп, Оськага болгон мамилесин түшүнсө. Ишигыса, Вит тууралуу ашыкча сүйлөбөйт, өтө мактабайт. Л. эмнегедир менин бул нерселер жөнүндө жакыныма айтуумду каалабайт. Балким, ал менин Мусенькадан эч кандай сырларым жок экенин билбесе керек» — Жусуп Абдрахмановдун күндөлүктөрүнөн. 1930-жылдын 29-ноябрынан тарта. Абдрахманов Маяковский жана Бриктер менен музейлерге барып, адабий кечелерди көп уюштурган. Жусуп Лиляга гүлдүү өзбек панно (сюзане), ал эми Владимир Маяковскийге — ресрубликанын гүлдөөсүнүн символу болгон — кымбат баалуу койдун статуэткасын берет. Улуу советтик акын тарабынан Жусупка берилген белектердин арасында кийинкилер болгон: сыя топтомдору, мрамордук жазма стол жана АКШга барганда ала келген «Gillette» фирмасынын сакал алгыч топтому. Абдрахманов адабиятчылардын арасында өз чөйрөсүндөй сезчү. Эн жакын, туу туткан досу — акын Владимир Маяковский болгон. В. Маяковский Гулбахрам эжеге алтын саат, алтын билерик тартуу кылган, ал репрессия убагындагы сурак учурунда чечилип калган экен. 1930-жылы В. Маяковский дүйнөдөн өткөндө аза күтүүгө Ж. Абдрахманов катышкан. В. Маяковский жана Ж. Абдрахманов жөнүндө Влюбленная лодка деген кино тасма кыздарында сакталуу. Жусуп Абдрахманов кыргыз интеллигенциясынын төл башы болуп, эгемендүүлүктүн түптүрүн түптөгөн улуттук лидер. Бул адам Кыргызстанга (кыргыздарга) эгемен мамлекеттин башатын баштап берген. Анын эмгек жолу кандай татаал, оңой эмес болгондугу өзүнүн күндөлүгүндө айкын жазылган. Абдрахмановдун күндөлүгүнө айткан кийинкидей сөздөр бар дешет: «Сен менин колумда досумсуң, башка бирөөнүн колуна түшкөндө мага душман болуп калышың мүмкүн». Чындыгында өзү айткандай, Абдрахмановдун күндөлүгүн Сталин окуп «товарищ Когановичке, Молотовго: Кыргызстан совнаркомунун төр агасы Абдрахмановдун күндөлүгүн окуп чыгууну суранам, балким, муну наумовцтор таарынткан чыгаар, окуп чыккандан кийин кайра мага кайтаргыла» деп виза басканы анык. Үй-бүлөсү Атасы — Абдрахман Балапанов Иниси — Токо, Жусуп Оренбургда жашап турганда, Токо камакка алынып, 1916-жылкы Үркүндөн аны Жусуп алып калган Жубайы — Гулбахрам Ахмедова, казак кызы Уулу Анвар (1920-жыл) Алибек (1923) Аида (1927) Раиса (1928) Ленина Жусуп Абдрахманов жубайы Гүлбахрам Ахмедова менен (сүрөт булагы) Түбөлүктөө «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы (2021-жыл, 31-август) Ысык-Көл облусунун, Балыкчы шаарында муруңку Фрунзе көчөсү Абдрахмановдун ысымына өзгөртүлгөн (2021) Ысык-Көл облусунун, Карой айылында Жусуп Абдрахмановдун ысымы менен көчө аталган (2021) Жусуп Абдрахмановдун эстеликтери — Чон-Ташта, өзү туулган айылда (Чиркей [азыркы Жаркымбаев]) Ж. Абдрахманов айыл Өкмөтүндө (мурдагы Жаркынбаев атындагы совхоздо), Ала-Арчада Гулбахрам Ахмедовнанын жанында, Бишкекте — эң биринчи Окмот үйүнүн алдында тургузулган Жусуп Абдрахмановдун 100 жылдык мааракесине анын туулган жери, Ысык-Көл облусунун Жаркынбаев айылында бюсту орнотулган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылы жайгашкан айыл аймакка Абдрахмановдун ысымы берилген Абдрахмановдун 110 жылдын мааракесине «Рух-Ордо» маданий-этнографиялык борбордо, Ысык-Көлдүн жээгинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү катары эстелиги тургузулган 2018-жылдын май айында Оренбургдагы Набережная 18 көчөсүндөгү үйдө мемориалдык тактасынын ачылышы өткөн, мында Абдрахманов 1935-1937-жылдары жашаган. Оренбуржья облустук борборунда ал Оренбург облустук мал-чарба боюнча жер бөлүмүнүн башчысынун орун басары болуп иштеген 2019-жылы режиссер Эрнест Абдыжапаровдун Абдрахмановго арналган «Акыркы сурак» кинотасмасы чыккан Эмгектери Китептери Мал чарбасын өнүктүрүү перспективалары Жаштар кыймылынын таңында 1916-жылдагы көтөрүлүш Октябрдын таңында Өкмөт башчы кезинде Фрунзе, Ош шаарларында аэродром курулушу Фрунзе, Чолпон-Ата шаарларында ипподром Фрунзе, Рыбачье темир жолу салынат Завод, фабрикалардын жана жалпы эмгекчилерге турак жайлар жасалып, жөнгө коюлат Ачкачылык, жакырчылык, сабатсыздыкка салым Чомуш плотинасы, Ат-Башы каналы курулат Жаңы жер, Төмөнкү Чүй, Жаңы Пахта совхоздорун уюштурулат Ош, Жалал-Абад кантондорун бир Ош округуна уюштуруу долбоору түзүлөт