TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Түшүмдө (ыр): тексти, автору А. Бердибаев макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Түшүмдө (ыр), сөзүнүн жана обонунун автору А. Бердибаев. Суюлуп жылдыз бириндеп, Суу ылдый шамал дирилдеп. Айылдын алды терең сай, Ташыган өзөн күрүлдөп, Өзөндү бойлоп келатсам, Алдымдан чыктың күлүңдөп. Сыдырым соккон жел менен, Саамай чачын сеңселет. Жанымда турсан буралып, Жалындайт жүрөк энтелеп. Жароокерсиң, түгөнгүр, Жаш баладай эркелеп. Эзилип сүйгөн жалжалым, Эсимде дедиң, ар дайым. Эсен бол жаным агай деп, Ийилип колдон кармадын. Белегим сага ушул деп, Белестин гүлүн арнадын. Ангыча чоочуп ойгонсом, Өңүм эмес түш экен. Капилеттен көргөн түш, Каалаган селким өзү экен. Унутпай эстеп жүргүн деп, Урматтап айткан сөзү экен.