TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Трансплантация макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Трансплантация — медицинада кайсы бир органды же тканды алмаштыруу, көчүрүү, мисалы, бөйрөк, жүрөк, боор, өпкө, чучук (сөөк мээси), найлык (стволовой) гемопоэтикалык клетка, чачтар. Алмаштыруу үчүн органдар же ткандар алынган организмди донор деп аташат. Органдары же ткандары алмашылуучу организмди реципиент деп дешет. Тигил же бул трансплантантты кайталап алмаштырууну белгилөө үчүн (мисалы, травмалык ампутацияда) «ретрансплантация» термини кызмат кылат. Трансплантация эксперименталдык жана клиникалык болуп айырмаланат. Эксперименталдык трансплантация, клиника алдындагы тигил же бул органды же тканды алмаштыруунун бардык биологиялык, хирургиялык жана уштуруучулук маселелерин иштеп чыгуу үчүн зарыл. Экспериментте дээрлик бардык ткандардын жана органдардын трансплантациясын ишке ашырышат. Эксперименталдык трансплантация реципиентке донордук орган же ткан менен алмаштырылгандан кийин анын иммундук реакцияларын изилдөө үчүн керек. Эксперименталдык трансплантация генетикалык жактан айырмаланган жаңы орган же ткандын алмаштырылгандан кийин нормалдуу адаптацияланышына көмөктөшүүчү жаңы дары-дармектерди дагы (мисалы, циклоспорин) иштеп чыгууда маанилүү. Трансплантациянын түрлөрү: аутотрансплантация, же аутологиялуу трансплантация — трансплантаттын реципиенти өзүнө-өзү донор болот. Мисалы, теринин жабыркаган аймактарынан күйгөндөрүнө аутотрансплантация жасоо оор күйүктөргө учурагандарга кеңири колдонулат. Чучуктун же гемопоэтикалык най клеткаларынын аутотрансплантациясы жогорку дозалуу шишикке каршы химия терапиясында лейкоз, лимфома жана химияга сезимталдуу жаман шишиктерде кеңири колдонулат. изотрансплантация, же изогендик трасплантация — трансплантаттын донору реципиентке генетикалык жана иммунологиялык жактан окшош, реципиенттин бир жумурткалуу эгизи болот. аллотрансплантация, же гомотрансплантация — трасплантаттын донору катары генетикалык жана иммунологиялык жактан айырмаланган адам организми болот. ксенотрансплантация, же түр аралык трансплантация — жаныбар башка биологиялык түрдөн органдарды трансплантациялоо. Чучук (сөөк мээ) трансплантациясы өзгөчө абалда турат, анткени, бул хирургиялык операция эмес, кан куюуунун бир түрүнө кирет.