TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Тооктордун чумасы макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Тооктордун жана үндүктөрдүн өтө жугуштуу оорусу. Ооруган канатуулардан жугат.Кантип жугат: - ооруган тооктордон, шаймандар менен, жапайы канатуулардан, шамал менен, кык аркылуу.Белгилери: - Тооктор жүдөйт, чычкактайт, таажысы карарат, канаты сүйрөлөт, буту шал болот. Кээде туруп-туруп эле өлүп калат, эч белгиси жок. Ооруган тооктор дем ала албай кыйкылдап, кырылдап калышат.Дарылоо: Жардам бербейт, ошон учун алдын алыш керек.Алдын алуу: Вакцинация кылуу (эмдоо), ”Н” деген вакцина, чоң тоокторго төшүнө сайылат, ошондо бир жыл оорубайт. Ла-Сота деген вакцина оозуна тамызылат, үч жолу, жарым жыл оорубайт.
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу