TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Тег деген эмне макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Тег деген эмне, кээде тэг деп дагы жазышат (англисче tag «белги, энбелги, белгилөө, ярлык»): Тег - категориялоо, баяндоо, маалыматтарды издөө жана ички түзүмдү берүү үчүн индентификатор; аудио жана видео файлдарда үн жазууларын автору, альбомдун аталышы ж. б. боюнча баяндоо жана издөө үчүн маалыматтык белги (мисалы, ID3-тег); фолксономиялардагы (элдик классификациядагы) категориялоонун негизги сөзү. Тег - дескриптордун жаргондук аталышы, белги ачкыч сөз катары. Тег — белгилөө тилинин элементи (мисалы, XML, HTML). Тег - Ethernet пакеттерине кошулуучу жана ар башка виртуалдуу маалыматтар каналын бир физикалык каналда колдонулуучу индентификатор-белги. IEEE 802.1Q. стандартында аныкталат. Үн тег же үн белги (англисче voice tag) - минуска салынуучу вокалдын бир нече секунд узактыктагы аудио жазуусу (биттин «белгиленген» версиясын түзүү жана сатып алуучуларга көрсөтүү үчүн). Негизи продюсердин атын жана аткаруучу топтун атын камтыйт. Битте ар 10-30 секунд сайын кайталанат. Кээде белгилердин ордуна «DJ drops» колдонулат. Биологияда белок тег - рекомбинанттык белок курамындагы аминокислоталык ырааттуулук (олиго- же полипептиддик), максаттуу белокторду тазалоодо (мисалы, аффиндик хроматография) жана детекциялоо (мисалы, вестерн-блот) сыяктуу түрдүү ыкмаларда пайдаланылат.