TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Суу буусу: баяндалышы, жылуулук алып жүрүүсү макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Суу буусу — суунун газ сымалдуу агрегаттык абалы. Түссүз, даамсыз жана жытсыз. Таза түрүндө же нымдуу газ курамында (нымдуу заттын бети менен термодинамикалык тең салмактагы болуусу) — тең салмактуу суу буусу деп алат. Суу буусу тропосферада камтылат. Суу буусу суунун молекулалары тарабынан аны буулантууда, кайнатууда же муздан сублимациялоодо калыптанат. Суу буусу абанын көпчүлүк башка түзүүчүлөрүнөн тыгыздыгы азыраак келип, конвекциялык агымдарды чакырат. Ал эми агымдар болсо булуттарды калыптандырышы мүмкүн. Суу буусунун абага кошулуусунда башка газдар сыяктуу эле парциалдык басымдар аталган белгилүү бир басымды жаратат. Ал басым бирдиктери паскальдар менен ченелет. Суу буусу түздөн-түз муз кристалдарын жаратуучу катуу фазага (десублимация) өтө алат. 1 куб метр абадагы суу буусунун грамм менен өлчөнүүчү саны — абанын абсолюттук нымдуулугу деп аталат. Жылуулук алып жүрүүчү Буунун жылуулук сыйымдуулугу, тагыраак айтканда анын конденсациясынын жылуулугу жетишээрлик жогору болгондуктан, ал эффективдүү жылуулук алып жүрүүчү катары кеңири колдонулат. Мисал катары, буу жылуулук мештерин, абаны буулантып муздатуу, ошондой эле, буу генераторлорун айтса болот. Буулантып муздатуу кондиционерлер системасында колдонулат. Ошондой эле, буу калыптануу процессинин өтө чоң жылуулук сыйымдуулугун эске алуу менен, каныгуу температурасындагы суу кубаттуу электр лампалардын аноддорун, ичинен күйүүчү кыймылдаткычтарды муздатуута колдонулат.