TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Музыкалык түзүм макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Музыкалык түзүм — белгилүү бир бийиктиктеги үндөрдүн музыкалык үн катарынын баскычтарына ылайык келүүсүн берүүчү система. Музыкалык түзүм негизги тондордун, ага кирген үндөрдү же катыштыктарды эквиваленттик түрдө эсептеп чыгарууга мүмкүндүк берген жыштыктарынын сандык катыштыгынын жыйындысы катары элестетилет. Кыскача мүнөздөмө Тарыхый жактан маанилүү делген бир нече музыкалык түзүмдөр бар: Эки интервалдуу пифагордук Таза обертондук Орто тондук (башка аталышы — «мезотондук») Бирдей темперацияланган Башка микрохроматикалык түзүмдөр Заманбап музыкалык аспаптарда үндүн туруктуу бийиктиги менен негизинен бирдей темперацияланган түзүм колдонулат. Музыкалык аспаптарды тууралоодо батыш европалык салтта негизги маани натыйжа берүүчү ар кандай бийиктиктеги үндөрдүн айкалышына ээ. Мисалы, таза түзүм ак клавишалуу квинталардын таза чыгуусу (башкача айтканда согуусуз чыгуусу) менен мүнөздөлөт; ошону менен бирге, башка квинталар (кара клавишалар ортосунда, же ак жана кара клавишанын айкалышында) анча таза болбой калат, ал эми кээ бирөөлөр — ачык эле жасалма угулуп, кыйла согулуу үндөрү байкалат (айтылуу карышкыр квинталар). Эгер аспапты тууралоодо тигил же бул үндүн бийиктигин кичине өзгөртсө, интервалдар жана аккорддордун «акустикалык» сапатынын жакшыруусуна жетүүгө болот, алар идеалдуу таза болбогондугуна карабастан, угуу үчүн аздыр-көптүр жакшы эле угулуп калат (мисалы, бирдей темперацияланган фортепианодо). Музыкалык түзүмдөрдү изилдөөнү салттуу түрдө (грек антикасынан баштап) музыка теориясы, Жаңы замандан биздин күндөргө чейин — музыкалык акустика алып барган. Түзүмдөрдүн тарыхына арналган монографияларды, чоң макалаларды чыгарган ири батыш окумуштуулары Мюррей Барбур, Марк Линдли, Рудольф Раш болгон. Көптөгөн гармония китептери (ошондой эле, элементардык музыка теориясы боюнча окуу куралдары) өзүнө музыкалык түзүмдөргө арналган очерктерди камтыйт. Башка маанилери «Музыкалык түзүм» термини кийинкилерди дагы билдириши мүмкүн: Абсолюттук бийиктиктик түзүм, башкача айтканда, үндүн чыгуусунун «эталондук» жыштыгын берүү (салыштырмалуу интервалдык катыштыктар менен катар), мисалы, академиялык музыкада кабыл алынган a1=440 Hz стандарты; Реалдуу үндүн чыгышынын ноталанган үндөн (караңыз: музыкалык үн) айырмаланганын көрсөтүүчү (in B кернейи, кларнет in B) транспондолуучу аспаптардын мүнөздөмөсү; Музыкалык аспаптарды туруктуу же ага каршы болгон эркин тууралоо ыкмасы; үнүнүн бийиктиги туруктуу орнотулган (мисалы, гитараныкындай ладдар же органдыкындай ар кандай узундуктагы түтүктөр) аспаптырды, түзүмү туруктуу аспап дешет. Үзгүлтүксүз бийиктик диапазондорун алууга мүмкүн болгон аспапты (мисалы, тромбондогудай), кээде түзүмү туруксуз аспап дешет. Чертме жана жаалуу аспаптардын (кылдуу музыкалык аспаптар) кылдарын тууралоо. Түзүмдөр мисалы: Кварта-терцалык — классикалык гитара EADGHE (терция GH). Кварталык — EADG контрабас, EADG бас-гитара. Квинталык — GDAE кыл кыяк, CGDA альт, CGDA виолончель Дагы караңыз Музыка деген эмне