TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Лыжа спорту макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Лыжа спорту — спорттун кеңири таралган массалык түрү. Анын лыжа менен жарышуу, секирүү, тоодон ыкчамдык менен түшүү, туристтик жүрүштөр, лыжа тээп сейилдөө жана башкалар түрлөрү бар. Лыжа спортунун атайын машыгууларды талап кылган мелдештер өткөрүлүүчү түрлөрүнө лыжада жарышуу, тоо-лыжа спорту, трамплинден секирүү кирет. Ачык абада шаардын сыртында лыжа спорту менен машыгуу организмдин жалпы абалын жакшыртып, нерв системасын, организмди чыңдоого жардам берет. Лыжа тебүүгө булчуңдардын ар кандай топтору катышып, зат алмашуу процессин, дем алуу, кан айлануу органдарынын ишин жакшыртууга түрткү берет. Лыжа спорту балдарды жана жаштарды дене тарбия жактан даярдоодо, коллективдерде уюштурулган спорттук иштерде жана ар кандай курактагы кишилердин спорт менен машыгуусу үчүн колдонулат.