TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Корея мамлекети макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
"Корея мамлекети" тарыхы, географиясы, кызыктуу фактылары. Башында Корея олкосу бир чоң олко болгон. Андан кийин алар бөлүнүп кетишкен. Төкпөй чачпай баарын айтып берели Көгүлтүр көлдөрү менен сууларынын укмуштуудай кооздугунан жана карагайынын жапжашыл болуп кулпуруп турушунан улам байыркы замандан эле Кореяны таңдай серүүн өлкө деп аташат. Өлкө Түштүк-Чыгыш Азиядан орун алган. Анын жээктерин Япон жана Сары дениздери чулгайт. Жеринин көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Андан көп пайдалуу кендер казып алынат. Корей токойлорунда жумшак ийне жалбырактуу дарактар, корей кедри, саян карагайы, манжур жана амур липасы өсөт. Токойлорунда жолборс, кабылан, аюу, жырткыч сүлөөсүн, жапайы каман жашайт. Корейлер иштетүүгө жарактуу алакандай жерди да зор устаттык менен пайдаланышат. Алар шалы, жүгөрү, буурчак, арпа, жашылча, жемиш, жүзүм өстүрүшөт. "Корея мамлекети" - байыркы маданияттуу өлкө. Китеп басуу үчүн металлдан куюлган арипти ойлоп чыгарышып, өз алфавитин иштеп чыгышкан. Корейлер фарфор, лак жана күмүштөн жасалган буюмдары, аялдардын чебер колдорунан жаралган оймо-чийме саймалар менен даңктанышат. Кореядагы көпчүлүк имараттарда архитектуралык улуттук белгилер сакталып калган. Буларда корейлердин эски турак үйлөрү сыяктуу эле үй жылытуу системасы полдун астына жайгаштырылган. Адатта корейлер жылуу полго отуруп тамактанышат, иштешет, укташат. Алар жаа тартуу, күрөш сыяктуу эзелтен берки улуттук оюндарын жакшы көрүшөт. Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин Корея 1500 жылдай тарыхы бар көз карандысыз мамлекет болгон. 1945-жылы Корея советтик жана америкалык аскерлердин жардамы менен япондук баскынчылардан бошотулуп, бирок мунун натыйжасында мамлекет түштүк жана түндүк корея болуп экиге бөлүнүп калган. 1950-1953-жылдары бул эки өлкөнүн ортосунда айыгышкан кандуу согуш болгон. Бирок буга карабастан, Кореянын эки жак бөлүгүндөгү патриоттор бирдиктүү мамлекет түзүү үчүн күрөшүп келе жатат. Учурда Түштүк Корея баарыңар билгендей абдан өнүккөн өлкө, ал жакта атактуу "Самсунг" телефону чыгат, ошондой эле машина куруу жаатында дагы мыкты жетишкендиктери менен алар мактана алышат, анткени азыр дүйнө боюнча корея унаалары абдан бааланууда. Опа гандам стайлды ырдаган ырчы PSY дагы Түштүк Кореядан болот. Түштүк Кореянын кыздары абдан сулуу келет, анткени аларга ата энеси бойго жеткенде пластикалык операция жасатууга акча-каражат берип беттерин мыкты кылып жасатышат, бул алардын салты сыяктуу болуп калды. Тескерисинче Түндүк Корея жонундо андай өнүгүүлөрдү айтуу кыйын, бул өлкө милитардык өлкө болуп калды десек ашык болбос. Катуу тартип, өлкө жарандарына көп нерселер тыйуу салынган, мисалы, уюлдук телефон колдонууга болгон, жада калса, ал жакта интернет дагы жок, болгону өкмөт тарабынан ойлоп чыгарылган ички интернети бар. Жарандарынын кийген кийимдери бири-бириникине окшош, боз түстө болуп, аскер формасына окшош. Учурда алар согушка катуу дайынданып, өзөктүк ракеталарды чыгаруу менен катуу алек болушууда. Дүйнө өлкөлөрү буга каршы чыгып, көптөгөн санкцияларды салууда. Кореяга баруудагы жакшы мезгил бул - жаз жана күз, жазында чиелер ушундай кооз болуп гүлдөйт, күзүндө болсо бак-дарактар жалбырактары алтындай болуп саргарып, өзгөчө бир көрккө ээ болот. Кышкысын кар аз түшөт дагы, айлана боппоз болуп, аябай суук жана шамалдуу, жайкысын өтө эле ысык, нымдуу жана жаан-чачын көп жаайт. Түштүк Кореянын аянты 100210 чарчы чакырым, биздин өлкөдөн дээрлик эки эсе кичине (Кыргызстандын аянты 199900 чарчы чакырым), бирок өнүгүүсү боюнча биз четине дагы теңеле албай жатабыз. Түндүк Корея олкосунун аянты дагы анча чоң эмес, 120540 чарчы чакырым. Калкынын саны: Түштүк Корея - 51,25 миллион (2016 ж.), Түндүк Корея - 25,37 миллион (2016 ж.) Түштүк Кореядагы эң популярдуу спорт - бейсбол саналат. Тоого чыгып саякаттоо кореялыктардын бирден бир жакшы көргөн эс алуу ыкмасы. Түштүк Кореялыктардын 90% Forbes журналынын ою боюнча, эң эмгекчил адамдар дал ушул Түштүк Кореялыктар. Түштүк Кореялыктар өзүлөрүнөн чыккан өндүрүмдөрдү (товарларды) абдан колдошот, ошондуктан тиш паста, сагыз, прокладка, чипсы жана башка импорттук товарларды ал жакта табуу өтө кыйын. Түндүк Кореяда болсо өкмөттүн радиосун үйдө да өчүрүүгө болбойт, акырындатып гана коюууга улуксат. Түндүк Кореянын "Квамён" аталган өзүнүн жеке интернети бар, ал жакта кылдат чыпкаланган илимий жана техникалык макалалар жайгашкан. Пхеньян шаарынын жарандарына үйүндө ит кармоого тыйуу салынган. Официалдуу эмес маалымат булактарынын айтуусу боюнча Түндүк Кореядагы орточо айлык маяна 6$ түзөт (биздин акча менен 400сомдун айланасы). Түндүк Кореялыктардын орточо жашоо узактыгы эркектериники 61 жашты жана аялдарыныкы 66 жашты түзөт. Түштүк Кореялыктардын орточо жашоо узактыгы 82 жаш. Түштүк Корея борбору Сеул Түндүк Корея борбору Пхеньян Мынакей достор Корея жонундо маалымат ушундай болду. "Корея мамлекети" боюнча кызыктуу фактылар ушундай, албетте дагы биз билбген көптөгөн кызыктар бар, силер билген кызыктар болсо пикир калтырып жазып койгула.