TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Комузум (ыр): тексти, автору, кошумча шилтемелер макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
«Комузум» аттуу ыр. Сөзүнүн жана обонунун автору С. Жумаев. Тексти Кечээ армияда жүргөндө, Ала барган комузум. Асмандан мина келатса, Амал кылып окопко Жата калган комузум. Өзүм менен фронтко, Кошо барган комузум. Ажыдаардай фашистин алдынан, Тосо барган комузум. Эй, далай майор, капитан: «А ну давай пасмотрим, Что такой инструмент» деп Кармалаган комузум. Мен жарадар болгондо, Ыйлап турган комузум. Калганымды артымдан Жыйнап турган комузум. Байкуш бала кантет деп, Сыйлап турган комузум. Согушту көздөй бет алса Олсо эми мейли деп Чуркап чыгат чалкалап. Штыковой бой болсо Ийреңдеген фашистти Кырып салат талкалап. Батышты көздөй бет алсам, Көчүп калды комузум. Баштагыдан күч алып, Өөрчүп калды комузум. Берлинден кармап Гитлердин Сыртынан жарып боорунан Отун алды комузум. Сак-саламат сапарда Аман кайтты комузум. Элжуртуна жылмайып, Аман-эсен жеништүү Салам айтты комузум. Дагы караңыз Комуз аспабы Комузчу деген ким Күү (музыкада) Кылдуу музыкалык аспаптар Комуз күнү