TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Клеткалык теория: баяндалышы, тарыхы, абалдары макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Клеткалык теория же клетка теориясы — дүйнө өсүмдүктөрүнүн, жаныбарларынын жана башка клеткалуу түзүлүштөгү тирүү организмдердин түзүлүш жана өнүгүү негиздеринин биримдигин ырастаган, андагы клеткалар тирүү организмдердин бирдиктүү түзүмдүк элементи катары каралган, жалпы кабыл алынган биологиялык жалпылоолордун бири. Макала мазмуну Шлейден — Шванн клеткалык теория абалдары Заманбап клеткалык теориянын негизги абалдары Клеткалык теориянын кошумча абалдары Тарыхы XVII кылым XVIII кылым XIX кылымдын биринчи жарымы Пуркинье мектеби Мюллер мектеби жана Шванндын иши XIX кылымдын экинчи жармындагы клеткалык теориянын өнүгүшү XX кылым Заманбап клеткалык теория Клеткалык теория — XIX кылымдын ортосунда калыптанып, тирүү жандыктар дүйнөсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүүгө жана эволюциялык окуунун өнүгүүсүнө базаны берген, биология үчүн негиз салуучу теория. Маттиас Шлейден жана Теодор Шванн көптөгөн клетка изилдөөлөрүнө таянып, клеткалык теорияны калыптандырган (1838—1839-ж.). Кийинчерээк (1855-ж.) Рудольф Вирхов «каалаган клетка башка клеткадан чыккан» деген эң маанилүү абал менен аны толуктаган. Шлейден менен Шванн клетка жөнүндөгү болгон билимдерди жалпылап, клетка каалаган тирүү организмдин негизги бирдиги экенин аныкташкан. Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана бактериялардын клеткалары окшош түзүмгө ээ. Кийинчерээк бул кортунду организмдердин бирдиктүүлүгүн аныктоо үчүн негиз болгон. Т. Шванн менен М. Шлейден клетка жөнүндөгү илимге негиз болуучу түшүнүктү киргизген: клеткадан тышкары жашоо жок. Клеткалык теория бир нече ирет толукталып, оңдолгон. Шлейден — Шванн клеткалык теория абалдары Теодор Шванн тарабынан клеткалык теория негиздерин төмөнкүдөй формулировка кылса болот: Клетка организм түзүмүнүн элементардык биологиялык бирдиги жана төмөнкү тартиптеги биологиялык индивидуалдуулук (өзүнчө организм, мисалы, жөнөкөйлөр). Клетканын пайда болуусу көбөйүүнүн универсалдуу негизи. Организмдин жашоосу аны түзүүчү клеткалардын жашоосунун суммасына алып келиши мүмкүн жана укуктуу. 1855-жылы Рудольф Вирхов клеткалык теориянын медицинада колдонуп, кийинкидей маанилүү абалдар менен толуктаган: Каалаган клетка башка клеткадан чыккан. Каалаган ооруксунткан өзгөрүүлөр организмди түзгөн клеткадагы кайсы бир патологиялык процесстер менен байланыштуу. Заманбап клеткалык теориянын негизги абалдары Клетка — бул бүткүл тирүү түзүмдөрдүн элементардык, функционалдык бирдиги. Көп клеткалуу организм ткандар жана органдарга бириктирилген жана интеграцияланган, бири-бири менен байланышкан (клеткалык түзүмү жок вирустардан башкалары) көп клеткалардан турган татаал системаны түшүндүрөт. Клетка — бүтүн пайда болууну түшүндүргөн, органелла — байланыштуу функционалдык бирдиктерден турган, бири-бири менен мыйзам ченемдүү байланышы бар элементтерди камтыган бирдиктүү система. Бардык организмдердин клеткалары гомологиялуу (салыштырылуучу). Клетка, энелик клетканын бөлүнүшүнөн гана пайда болот. Клеткалык теориянын кошумча абалдары Клеткалык теорияны заманбап клеткалык теориянын маалыматтары менен толугураак ылайыкка келтирүү үчүн анын абалдар тизмесин дайыма толуктап жана кеңейтип турушат. Көптөгөн булактарда бул кошумча абалдар айырмаланып, алардын топтому жетишээрлик ар түрдүү. Прокариот жана эукариот клеткалары ар башка татаалдык деңгээлиндеги системалар, жана бири-бирине толук гомологиялуу эмес. Организмдердин клеткаларынын бөлүнүүсүнүн жана көбөйүүсүнүн негизинде тукум куугучтук маалыматты көчүрүү — ДНКнын молекулаларынын нуклеин кислоталары («ар бир молекула молекуладан») жатат. Генетикалык үзгүлтүксүздүк абалы («клеткадан ар бир клетка») жалпы клеткага гана эмес, анын майда компоненттери — митохондрия, хлоропласттар, гендер жана хромосомаларга да таралат. Көп клеткалуулардын клеткалары тотипотенттүү (бөлүнүү жолу аркылуу каалаган клеткалык түрдөгү организмге башат берүү мүмкүндүгү) келип, ошол организмдин бардык клеткаларынын генетикалык потенциялдарына ээ болуп генетикалык маалымат боюнча теңдеш, бирок бири биринен түрдүү гендердин ар кандай экспрессиясы (иши) менен айырмаланат, а бул дифференцировкага же морфологиялык жана функционалдык ар түрдүүлүккө алып келет. Тарыхы XVII кылым 1665-жыл — англиялык физик Роберт Гук «Микрография» ишинде жука кесиндилердеги туура жайгаштырылган боштуктарды таап, тыгын (пробка) түзүмүн баяндайт. Бул боштуктарды Гук «пора, же клетка» атаган. Мындай түзүмдөрдүн башка өсүмдүктөрдө да болушу ага белгилүү болгон. 1670-жылдары — италиялык медик жана табиятчы Марчелло Мальпиги жана англиялык табиятчы Неемия Грю өсүмдүктөрдүн түрдүү органдарындагы «мүшөкчө же ыйлаакчаларды» баяндап, өсүмдүктөрдөгү клеткалык түзүмдүн кеңири жайылуусун көрсөткөн. Клеткаларды голландиялык микроскопчу Антони ван Левенгук дагы өзүнүн сүрөттөрүндө чагылдырган. Дал ушул Левенгук бир клеткалуу организмдер дүйнөсүн ачкан — бактерияларды жана протисттерди (инфузорияларды) баяндаган. Өсүмдүктөрдүн «клеткалык түзүмүнүн» кеңири жайылганын көрсөткөн XVII кылымдын изилдөөчүлөрү, клетка ачылышынын маанисин баалаган эмес. Алар өсүмдүк ткандарынын үзгүлтүксүз массасындагы клеткаларды боштук катары түшүнүшкөн. Грю клеткалардын дубалчаларын (стенкаларын) була катары карап, ушуга байланыштуу текстилдик кездеме аналогиясына ылайык «ткань» терминин киргизген. Жаныбарлардын органдарынын түзүмүн микроскопиялык изилдөөлөрү кокустук мүнөздө болуп, алардын клеткалык түзүмдөрү жөнүндө кандайдыр бир маалымат берген эмес. XVIII кылым XVIII кылымда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн клеткаларын салыштыруу боюнча биринчи аракеттер болот. Каспар Фридрих Вольф өзүнүн «Жаралуу теориясы» (1759) ишинде өсүмдүк менен жаныбардын микроскопиялык түзүмүнүн өнүгүүсүн салыштырууга аракет кылат. Вольфтун ою боюнча жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түйүлдүгү түзүмсүз заттан өнүгүп, андагы кыймылды каналдар (тамырлар) жана боштуктар (клеткалар) түзөт. Вольф тарабынан келтирилген факттык маалыматтар өзү тарабынан жаңылыштык менен түшүндүрүлүп, XVII кылымдын микроскопчуларына белгилүү болгон маалыматтарга жаңы билим кошкон эмес. Ошентсе да, анын теориялык түшүнүктөрү маанилүү деңгээлде келечектеги клеткалык теория идеяларын озуп жүргөн. XIX кылымдын биринчи жарымы XIX кылымдын биринчи чейрегинде өсүмдүктөрдүн клеткалык түзүмүндөгү түшүнүктөр тереңделет, бул микроскоптун конструкциясынын алгылыктуу деңгээлде жакшыртылышы менен байланыштуу (негизинен ахроматикалык линзалардын жасалышы менен). Генрих Фридрих Линк жана Молднхоуэр өсүмдүк клеткаларында өз алдынча дубалчалардын болушун аныкташат. Клетка морфологиялык жактан кандайдыр бир обочолонгон түзүм экени билинет. 1831-жылы Г. Моль клеткалык эмес сыяктанган өсүмдүктөрдүн суу алып жүрүүчү түтүктөрү да клеткалардан өнүгөөрүн тастыктайт. Франц Юлиус Фердинанд Мейен «Фитотомиясында» (1830) «ар бир клетка өзгөчө индивид болуп, балырларда жана козу карындарда кезиккендей жалгыз же жогорку уюшкан өсүмдүктү калыптандырып, аздыр-көптүр салмактуу массага бириккен» өсүмдүк клеткаларын баяндаган. Мейен ар бир клетканын зат алмашуудагы өз алдынчалыгын баса белгилейт. 1831-жылы Роберт Броун өзөктү (ядро) баяндап, ал өсүмдүк клеткасынын туруктуу түзүүчү бөлүгү экендиги жөнүндөгү жоромолун айтат. Пуркинье мектеби 1801-жылы Вигиа жаныбарлардын ткандары жөнүндө түшүнүк киргизип, бирок ал ткандарды микроскопиялык эмес, анатомиялык препарация (союуу) жолу аркылуу бөлгөн. Жаныбарлардын ткандарынын микроскопиялык түзүмүнүн түшүнүгү Вроцлав шаарында (Польша) өзүнүн мектебин ачкан Пуркиньенин изилдөөлөрү менен байланыштуу. Пуркинье жана анын окуучулары (өзгөчө Г. Валентин) биринчи жана эң жалпы түрдө ткандардын түзүмүн жана сүт эмүүчүлөрдүн органдарын микроскопиялык түрдө табышкан (анын ичинде адамдын). Пуркинье жана Валентин өзүнчө өсүмдүктөрдүн клеткаларын жаныбарлардын жеке микроскопиялык ткан түзүмдөрү менен салыштырган, Пуркинье аларды көбүнчө «данек» деп атаган (анын мектебинде кээ бир жаныбарлар түзүмүнө «клетка» термини колдонулган). 1837-жылы Пуркинье Прага шаарында бир нече докладдары менен чыгат. Анда ал өзүнүн ашказан бездери, нерв системасы ж. б. жөнүндөгү байкоолорун айтат. Докладка тиркелген таблицада жаныбарлар ткандар клеткаларынын так түшүрүлгөн сүрөттөрү болгон. Ошого карабастан, өсүмдүктөр менен жаныбарлар клеткаларынын гомологиясын (салыштыруусун) Пуркинье көрсөтө алган эмес: данек деп — ал бирде клеткаларды, бирде клеткалык өзөктү атаган; ал убакта «клетка» термини түз мааниде «дубалчалар менен чектелген мейкиндик» деп түшүндүрүлгөн. Өсүмдүктөр клеткасы менен жаныбарлардын «данегин» салыштырууну Пуркинье («гомология» жана «аналогия» терминдерин заманбап мааниде түшүнүү менен) ал түзүмдөрдүн гомология планында эмес, аналогия планында киргизген. Мюллер мектеби жана Шванндын иши Жаныбарлар ткандарынын түзүмүн микроскопиялык жактан изилдеген экинчи мектеп катары Иоганнес Мюллердин Берлин шаарындагы лабораториясы болгон. Мюллер арка кылдардын (хорданын) микроскопиялык түзүмүн изилдеген; анын окуучусу Генле ичеги эпителийи жөнүндөгү изилдөөнү жарыялап, анда ал анын ар кандай түрлөрүн жана алардын клеткалык түзүмү жөнүндө баяндаган. Бул жерде клеткалык теориянын түпкүрү түптөлүп, Теодор Шванндын классикалык изилдөөлөрү аткарылган. Шванндын ишине Пуркинье жана Генленин мектеби чоң таасир эткен. Шванн өсүмдүктөрдүн клеткаларын жана жаныбарлардын микроскопиялык элементардык түзүмүн туура салыштыруунун негизин тапкан. Ал гомогологияны орнотуп, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн элементардык микроскопиялык түзүмдөрүндөгү түзүлүш ылайыкташтыгын тастыктаган. Клеткадагы өзөктүн (ядронун) маанисине Матиас Шлейдендин 1838-жылы чыккан «Фитогенез боюнча материалдар» изилдөөсү Шваннга түрткү болгон. Ошондуктан Шлейденди клеткалык теориясын соавтору деп көп аташат. Клеткалык теориянын негизги идеясы — өсүмдүк клеткасынын жана жаныбарлардын элементардык түзүмдөр ылайыгы — Шлейденге бөтөн болгон. Ал түзүмсүз заттан пайда болгон клетка теориясын формулировкалаган, ага ылайык майда данекчеден өзөкчө конденсацияланып, анын айланасында клетканы пайда кылуучу (цитобласт) өзөк калыптанат. Бирок бул теория туура эмес фактыларга таянган. 1838-жылы Шванн 3 алдын ала билдирүүлөрдү жарыялайт, ал эми 1839-жылы анын «жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түзүмүндө жана өсүүсүндөгү алайыкташуу тууралуу микроскопиялык изилдөөлөр» классикалык дилбаяны чыгып, эң башында клеткалык теориянын негизги ойлору чагылдырылган: Китептин биринчи бөлүгүндө хорданын жана кемирчек түзүмүнүн элементардык түзүмдөрү — клеткалар бирдей өнүгөөрүн карайт. Андан соң, жаныбарлар организминин башка ткандарынын жана органдарынын микроскопиялык түзүмү да — хорда жана кемирчек клеткалары менен салыштырууга болгон клеткалар экенин аныктайт. Китептин экинчи бөлүгүндө өсүмдүктөр менен жаныбарлардын клеткалары салыштырылып, алардын ылайыктыгы көрсөтүлөт. Үчүнчү бөлүгүндө теориялык абалдар өнүгүп, клеткалык теориянын негиздери формулировкаланат. Так ошол Шванндын изилдөөлөрү клеткалык теорияны калыптандырып, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн элементардык түзүмүнүн бирдиктүүлүгүн тастыктаган (ошол мезгилдеги билим деңгээлинде). Шванндын башкы катасы Шлейденден кийин клетканын түзүмсүз клеткалык эмес заттан пайда болуу дегени болчу. XIX кылымдын экинчи жармындагы клеткалык теориянын өнүгүшү XIX кылымдын 1840-жылдары клетка жөнүндө окуу бүтүн биологиянын көңүл борборунда болуп, дүркүрөп өнүгүп, илимдин өзүнчө бөлүгү — цитологияга айланат. Клеткалык теориянын андан аркы өнүгүүсүнө, анын протисттерге (жөнөкөйлөргө) жайылуусу болуп, эркин жашоочу клеткалар болуп таанылган (1848-жыл, Сибольд). Бул мезгилде клетканын курамы боюнча түшүнүк өзгөрөт. Мурда клетканын эң маанилүү делген бөлүгү, клеткалык кабыктын экинчи даражадагы мааниси ачылат, жана протоплазманын (цитопплазма) жана клекалардын өзөгүнүн (Кон, Л. С. Ценковский, Моль, Лейдиг, Гексли) мааниси алдыңкы планга чыгып, Макс Иоганн Сигизмунд Шульце тарабынан 1861-жылы берилген клетканын аныктамасында өзүнүн туюнтмасын тапкан. Клетка — бул ичинде өзөгү бар протоплазма тоголокчосу. 1861-жылы Брюкко клетканын татаал түзүмдүү теориясын чыгарып, клетканы «элементардык организм» деп аныктайт, Шлейден жана Шванн тарабынан өрчүтүлгөн клетканын түзүмсүз заттан калыптануу теориясын (цитобластеманы) ачат. Жаңы клеткалардын пайда болуу ыкмасы клеткалардын бөлүнүүсү экени аныкталат, муну эң алгач Моль жиптүү балырларда изилдеген. Ботаникалык материалдагы цитобластема теориясын төгүнгө чыгарууда Негели жана Н. И. Желенин изилдөөлөрү маанилүү ролду ойногон. Жаныбарлардын ткандык клеткаларынын бөлүнүүсү Роберт Ремак тарабынан 1841-жылы ачылган. Бластомерлердин майдалануусу ырааты менен бөлүнүү сериясы экени ачыкталган (Альберт фон Кёлликер, Биштюф). Клекалардын бөлүнүүсү жаңы клетканын пайда болуу ыкмасы деген идеянын жалпыга жайылуусу Р. Вирховдун кийинкидей афоризми менен бекилет: «Omnis cellula ех cellula» — Ар бир клетка клеткадан. Клеткалык теориянын өнүгүүсүндө XIX кылымда жаратылышка механикалык көз караштын чегинде өнүгүп жатканы, клеткалык окуунун эки мүнөздүүлүгүн чагылдырган карама-каршылыктар курч болот. Шванндын организмди клеткалардын суммасы катары караган аракеттери кезигет. Бул тенденция Вирховдун «Целлюлярдык патологиясында» (1858) өзгөчө өсүүгө ээ болот. Вирховдун иштери клеткалык окуунун өнүгүүсүнө бир тектүү эмес таасирин тийгизген: Клеткалык теория патология чөйрөсүнө жайылып, клеткалык окуунун универсалдуулугун таанууга өбөлгө түзгөн. Вирховдун эмгектери цитобастема теориясынан баш тартууга бекемделип, клетканын маанилүү деп табылан бөлүктөрү, протоплазма жана ядрого көңүл бурула баштаган. Клеткалык теориянын өнүгүү жолун организмдин таза механикалык трактовка жолуна бурган. Клеткаларды өз алдынча жандык деңгээлине тургузуп, натыйжада организм бүтүн эмес, клеткалардын суммасы катары каралган. XX кылым Клеткалык теория XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта, организмде өтүп жаткан каалаган физилогиялык процесс өзүнчө клеткалардын жөнөкөй физиологиялык көрүнүшүн караган, Ферворндун «Цкллюлярдык физиологиясы» менен бекемделген, метафизикалык мүнөзгө ээ болот. Бул клеткалык теориянын өнүгүүсүнүн аякташы менен «клеткалык мамлекеттин» механикалык теориясы пайда болуп, Эрнст Генрих Геккель да муну жактаган. Берилген теорияга ылайык организм мамлекет менен салыштырылат, ал эми клеткалар — жарандар. Мындай теория организмдин бүтүндүүлүк негизине каршы келген. Клеткалык теориянын механикалык багыттагы өнүгүүсү катуу сынга алынган. 1860-жылы Вирховдун клетка жөнүндөгү түшүнүгүн сындап Иван Михайлович Сеченов чыккан. Кийинчерээк башка авторлор тарабынан дагы сын балоолорго кабылган. Өтө эле олуттуу жана принципиалдуу каршы пикирлерди Гертвиг, Александр Гаврилович Гурвич (1904), Мартин Гейденгайн (1907), Добелл (1911) жана чехиялык гистолог Студничтер (1929, 1934) айтып чыгышкан. 1930-жылы советтик биолог Лепешинская Ольга Борисовна онтогенездеги клетка клеткалык эмес тирүү заттан өнүгүшү мүмкүн деген теорияны көтөргөн (кийин толугу менен жокко чыгарылган). Заманбап клеткалык теория Заманбап клеткалык теория, клеткалык түзүм жашоонун болушуна шарт түзгөн эң маанилүү формасы дегенден келип чыгат. Клеткалык түзүмдүн жакшыртылуусу жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн эволюциялык өнүгүүсүнүн башкы багыты болуп, клеткалык түзүм көптөгөн заманбап организмдерде бекем сакталган. Ошону менен бирге клеткалык теориядагы догматикалык жана методологиялык жактан туура эмес абалдар кайра бааланышы керек: Клеткалык түзүм башкы болот, бирок жашоонун жападан жалгыз формасы эмес. Клеткалык эмес жашоо формаларына вирустарды киргизсе болот. Чындыгында вирус тирүү жандык белгилерин (зат алмашуу, көбөйүү мүмкүндүгү ж. б.) клетканын ичинде гана көрсөтөт, клеткадан тышкаркы вирус — татаал химиялык зат. Окумуштуулардын ою боюнча, вирустардын келип чыгышы клетка менен байланыштуу, алар клетканын генетикалык материалынын бөлүгү, «жапайы» болуп кеткен ген. Клеткалардын эки түрү болоору аныкталган — прокариоттук (бактериялардын жана архебактериялардын клеткалары), ядронун чел кабык менен бөлүнүшү жок болгон, жана эукариоттук (өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, козу карындар жана протисттердин клеткалары), эки кат чел кабыгы бар ядро жана ядролук поралар. Прокариот жана эукариот клеткаларынын ортосунда көптөгөн башка айырмачылыктар бар. Көпчүлүк прокариоттордун ички чел кабыктык органоиддери жок, ал эми көпчүлүк эукариоттордо митохондрия жана хлоропласттары бар. Симбиогенез теориясына ылайык, бул жарым автономдуу органоиддер — бактериалдык клеткалардын тукуму. Ошентип, эукариоттук клетка — жогоркураак уюшулган деңгээлдеги система, ал бактерия клеткасында толук гомологиялуу деп саналбайт (бактерия клеткасы адам клеткасындагы бир митохондрияга гомологиялуу). Ушуга байланыштуу бардык клеткалардын гомологиясы андагы эки кат фосфолипиддерден турган жабык тышкы чел кабыкка келген (башка организмдер тобуна караганда, архебактрияларда ал башкача химиялык курамга ээ), рибосома жана хромосомага — белоктор менен комплексти түзгөн ДНКнын молекула түрүндөгү материал. Бул, албетте, химиялык курамынын жалпылыгы менен тастыкталган, клеткалардын жалпы келип чыгышын жокко чыгарбайт. Клеткалык теория организмди клеткалардын суммасы катары караган, ал эми аны түзүүчү клеткалардын жашоо көрүнүштөрүнүн суммасында жок чыгат. Ушуну менен организмдин бүтүндүгүнө көңүл бурулган эмес, бүтүндүк мыйзам ченемдүүлүгү бөлүктөрдүн суммасы менен алмашылган. Клетканы жалпы түзүмдүк элемент катары эсептөө менен, клетка теориясы толук гомологиялуу түзүмдөрдү ткандык клеткалар жана гаметтер, протисттерди жана бастомерлерди караган. Простистердин көптөгөн татаал көп өзөктүү клекалары клетка үстүндүндөгү түзүмдөр катары каралгандыктан, клетка түшүнүгүнүн простисттерге колдонулушу клеткалык окууда дискуссиондук маселе. Өзөк түрүндөгү кариоплазманын бөлүнүшүнүн морфологиялык жактан туюнткан, ткандык, жыныстык клеткаларда, протисттерде жалпы клеткалык уюшулуу байкалат, бирок, бул түзүмдөрдү алардын спецификалык өзгөчөлүктөрүн «клетка» түшүнүгүнөн тышкары карап, сапаттуу теңдеш деп эсептөөгө болбойт. Негизинен, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн гаметтери — бул жөн эле көп клеткалуу организмдердин клеткасы болбостон, генетикалык, морфологиялык, кээде экологиялык өзгөчөлүктөргө ээ болгон жана табигый тандоонун көз карандысыз иш аракетине кабылган жашоо циклинин өзгөчө гаплоиддик мууну. Ошол эле убакта бардык эукариоттук клеткалар шексиз жалпы тегине жана гомологиялык түзүмдөргө ээ — эукариоттук түрдөгү цитоскелет элементтери, рибосомалар ж. б. Догматикалык клетка теориясы организмдеги клеткалык эмес түзүмдөрдүн спецификалуулугун тоготпой же аларды Вирхов жасагандай тирүү эмес деп тааныган. Чындыгында, организмде клеткадан тышкары көп өзөктүү клетка үстүндөгү түзүмдөр (синцитиялар, симпласттар) жана метаболизм мүмкүндүгүнө ээ өзөксүз клетка аралык зат бар. Алардын жашоосун көрсөтүү жана организмге болгон маанисинин спецификалуулугун белгилөө заманбап цитологиянын тапшырмасы. Ошол эле убакта көп өзөктүү түзүмдөр жана клеткадан тышкаркы заттар клеткалардан гана пайда болушат. Көп клеткалуулардын синцитини жана симпласттары — баштапкы клеткалардын кошулуусунун өндүрүмү, ал эми клеткадан тышкаркы зат — алардын секрецияларынын өндүрүмү, башкача айтканда ал клеткалардын метаболизминин натыйжасында калыптанат. Бөлүк жана бүтүндүк көйгөйлөрү метафизиканын ортодоксалдуу клеткалык теориясы менен чечилген: Бардык назар организмдин бөлүктөрүнө өткөн — клетка же «элементардык организмдер». Организмдин бүтүндүгү изилдөөгө жана ачууга жеткиликтүү болгон табигый, материалдык өз ара байланыштардын натыйжасы. Көп клеткалуу организмдердин клеткалары өз алдынча жашаганга мүмкүндүгү бар индивидуум эмес (айтылуу организмден тышкаркы клеткалар маданияты жасалма түзүлүүчү биологиялык системаларды элестетет). Өз алдынча жашоого мүмкүндүгү бар клеткалар, көп клеткалуулардын жаңы өзүнчө жашай алганга башат берген клеткалары (гаметтер, зиготтор же споралар) жана алар өзүнчө организм катары каралышы мүмкүн. Клетканы айлана-чөйрөсүнөн арылтууга болбойт (башка тирүү системалар сыяктуу эле). Көңүлдүн бардыгын өзүнчө клеткаларга буруу сөзсүз организмди, бөлүктөр суммасы катары унификацияланган жана механикалаштырылган түшүнүгүнө алып келет. Механикалаштыруудан арылган жана жаңы маалыматтар менен толукталган клеткалык теория биологиялык жалпылаштыруулардын эң маанилүүсү бойдон калууда.