TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Китеп макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Китеп — басма-сөз өндүрүмүнүн бир түрү: катуу каптам менен тышталдган жана өзүнчө кагаз барактарынан (беттерден) же дептерлерден турган мезгилдик эмес басылма, барактарга типографиялык же кол жазма ыкмасы менен тексттик жана графикалык (иллюстрация) маалымат түшүрүлөт. Маалыматтык технологиялардын өнүгүүсү менен электрондук китептер кеңири жайылууда — басылма китептердин электрондук версиялары. Буларды компьютер, телефон, планшет же атайын буга арналган электрондук түзүлүштөрдө (электрондук китеп түзүлүшүндө) окууга мүмкүн. 2013-жылы электрондук китептер китеп рыногунун сандык көлөмүндө 30% жана баа маанисинде 14% ээлешкен. Бирок, бул макала салтуу китеп жөнүндө болмокчу. Макала мазмуну Жалпы маалымат Китеп жөнүндө кызыктуу фактылар Дагы караңыз Жалпы маалымат Китеп ачып, андагы саптарга көз жүгүртүп окуйбуз. Көп өтпөй эле Манас бабабызга кошулуп согушка кирип же үч мушкетёр менен бирге кызыктуу окуяларга туш болобуз. Китеп бизди чексиз космос мейкинине алып чыгат, деңиз түпкүрүнө, атомдун ичине саякаттатат. Китептин пайда болгонуна бир нече миң жыл болду. Бул мезгилдин ичинде анын түрү аябай өзгөрдү. Вавилондуктар, ассириялыктар жана башка байыркы элдер китепти ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактайчага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин бул тактайчаны кургатып, өткө бышырган. Мындай ылай тактайчалардан китептер, ал түгүл чоң китепканалар түзүлгөн. Байыркы Ассирия мамлекетинин борбор шаары турган жерди казып жатып, окумуштуулар мындан жүз жылча мурда ушундай китепкана табышты. Ал падыша Ашшурбанапалга (биздин заманга чейинки 7-кылым) тиешелүү болгон экен. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлыктар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Биздин замандын 2-кылымынан тартып кагазга жаза башташкан. Байыркы Египетте таш плиталарга чегип, китеп жазышкан. Кийинчерээк папирусту ойлоп табышты. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге чейин жеткен тасма жасашкан. Жазгандан кийин бул тасманы түтүк кылып ороп сакташчу. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу материалы катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган. Египеттин Александрия шаарындагы китепкана байыркы дүйнөдөгү эң чоң китепкана болгон. Аны дүйнөнүн жети кереметинин бири деп аташкан. Биздин заманга чейинки 2-кылымда кичи Азиядагы Пергам падышалыгында айбандардын терисинен жаңы жазуу материалы - пергамент жасалган. Папирус менен пергамент өтө кымбат турган, ошондуктан Байыркы Греция менен Римде аларды үнөмдөш үчүн адегенде мом чапталган тактайчага учтуу таякча менен жазышып, андан кийин гана папируска же пергаментке көчүрүшкөн. Катты мом тактайчага эле жазышчу. Орто кылымдарда китепти пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол менен жазышкан. Барактар бүктөлүп же бырышып калбасын үчүн дептерлерди эки жагына жыгач тактай коюп бириктирип көктөшкөн. Жыгач тактайды булгаары же кездеме менен капташкан. "Китеп жонундо маалымат" берүүнү уланталы. Азыркы биз билген китептин формасы мына ушинтип пайда болгон. 13-кылымдан тартып Европада кагаз негизги жазуу материалы болуп калды. Кол менен жазылып, миниатюра-сүрөттөр менен кооздолгон китептер өтө кымбат турчу. Акыры 15-кылымда китеп басуу ойлоп табылды. Дүйнөдөгү эң чоң китепканалардын бири - Москвадагы В. И. Ленин атындагы мамлекеттик китепканасында миллиондогон китептер сакталып турат. Анын сейрек китептер сакталуучу бөлүмүндө эң баалуу китептер чогултулган. Алгачкы басма китептер - инкунабулдар өзгөчө кылдаттык менен сакталат (кунабулум латынча - бешик дегенди билдирет, демек инкунабул - китеп басуу али бешикте экендиги айтылат). Сейрек китептердин айрымдары - бийиктиги бир жарым метрге жеткен зор томдор. Аларды жалгыз киши көтөрө да албайт. Эң кичинекей эргежээл китептер да бар. Айрымдары ширеңкенин кутусундай, ал түгүл почта маркасындайлары да учурайт. Булгаарыга, жука тыгын барактарга басылган, жибектен токулуп жазылган китептер да бар. Бирок бардык китептердин ичинен жоокер китептер адамзат үчүн өзгөчө кымбат. Бул тайманбаган акыйкат китептерди жазгандар өз мезгилинде өз китептеринде адилетсиздикке каршы күрөшкө үндөп, адамдарга жерде тиричиликтин пайда болушу, жердин жана бөлөк планеталардын түзүлүшү тууралуу чындыкты айтып беришкен. Бул китептердин бир азы гана бизге жетти. Анткени инквизиция мындай китептерди жазгандарды гана жазалап тим болбостон, алардын китептерин да жок кылган. Мисалы, атактуу окумуштуу Жордано Бруно менен кошо анын чыгармалары да өрттөлгөн. Китеп менен дос болгула, ал силерге билимдин бардык кенчтерин ачат. Китеп - бул адам баласы жасаган кереметтердин эң бир улуусу жана ажайыбы. "Китеп жонундо маалымат" ушундай достор. Кыргызстанда басылып чыккан китептердин бир нускасы китеп палатасында калат. Китеп басуу жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, китеп басуу макаласын окунуз. Өзүңөр билгендей эле китеп кагаздан жасалат эмеспи, кагаз жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, "кагаз" аттуу макалабыз менен таанышып алыңыз. Китеп жөнүндө кызыктуу фактылар Мурда китептер текчеге капталы дубалды каратып тескерисинче коюлчу экен Изилдөөлөр көрсөткөндөй 4-6 жаштагы баланы окууга үйрөтүү эң ылайыктуу курак дейт окумуштуулар. 6-7 жаштан кийин татаалыраак болот. Орто кылымдагы Европа китепканаларында китептерди чынжыр менен бекитип коюшчу. Мындай чынжырланган китептер алып окууга жетишээрлик узун болуп, бирок китепти алып кетүүгө мүмкүндүк берген эмес. Бүгүнкү күндө сатылуучу китептердин жарымын 45 жаштан өткөн адамдар сатып алышат. Окурмандардын көбүнчөсү китептин 18-барагында китепке болгон кызыгын жоготуп коюшат экен. Жер шарындагы китептердин саны 129864912 Эң көп окулуучу китеп "Библия" Эң байыркы басылма китеп Дхарани оролмосу (свиток) ал биздин замандын 704 жылынан кеч эмес жазылган. Азыркы кадимки китепке окшош биринчи китеп биздин заманга чейинки 1-жүз жылдыкта түзүлгөн. Бирок окумуштуулардын ою боюнча дүйнөдөгү эң биринчи китеп Месопотамия такталары эсептелинет. Алар 5000 жыл мурда түзүлгөн. Оролмо китептер өтө узун болушуп, узундугу 45 метрге чейин жеткен. Ассирияда китептер чоподон жасалчу. Лондон музейинде сакталып калган "географиялык атлас" дүйнөдөгү эң оор китеп, анын салмагы 175кг. Эң ири сөздүк "Немец сөздүгү". Башында чынжырлар тууралуу айткандай, үйдө дагы ушундай ыкма менен китептерди бекитип коюшчу, анткени ал убакта китеп эң кымбат жана баалуу болуучу. Китеп уурдаган адамды библиоклептоман деп атайт. Дүйнө китептеринин 68 пайызын аялдар сатып алышат. Наполеон жөнүндө 10 миң китеп жазылган. 17-19-жүз жылдыкта китептин мукабасына адамдын терисин колдонуулар болгон. Албетте, мусулмандардын ыйык китеби Куран эсептелинет. "Властелин колец" трилогиясы эки сөөмөй менен гана жазылган деген имиштер бар. Печаттык машинкада жазылган биринчи китеп "Том Сойер" болгон. Айтматовдун чыгармалары 100 миллион экземпляр китеп менен 176 тилде жана 128 өлкөдө басылган. Жылына орточо түрдүү аталыштагы 800 миң китеп чыгат. 6 мүнөт китеп окуу стрессти жоготот, бул окумуштуулар тарабынан тастыкталган. Войнич кол жазмасы түшүнүксүз тилде жазылган эң сырдуу китеп катары эсептелинет. Эң популярдуу китептердин экинчиси "Гиннестин рекорддор китеби" Адам китепти үнүн чыгарып окуганга караганда ичинен тезирээк окуйт. Эң барагы көп китеп Кытайдын Юнлэ энциклопедиясына таандык, жалпы саны 510000 барак. Бул китепти адам күнүнө 100 барактан окуса 14 жылда окуп бүтөн экен. Дагы караңыз Китеп жөнүндө ырлар, учкул сөздөр Көркөм окуу, ыкмалары, негиздери Китеп берүү күнү Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү