TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Истамбекова Жийдеш макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
(1923-жылы туулган, Ак-Суу району, Шапак айылы) - терапевт, медициналык илимдеринин доктору (1973). Кыргыз ССР эмгек сиңирген врачы (1973). КММИни бүтүргөн (1946). 1946—53-жылы Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарында врач, бөлүм башчы. 1953—56-жылы аспирант. 1956-жылдан КММИнин факультеттик терапия кафедрасында ассистент, 1964-жылы доцент. 1968—93-жылы кафедра башчысы. 1993-жылдан пенсияга чыгып, Казакстан мамлекеттик врачтардын билимин жогорулатуу институтунун директору. И. 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 1 монография) автору. негизги эмгектери Кыргызстандын бийик тоолуу шартында өпкөнүн өнөкөт сезгенишинин өзгөчөлүктөрүн жана Жети-Өгүз курортунун минералдуу сууларынын жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. СССР саламаттык сактоонун отличниги (1965). Медалдар менен сыйланган.