TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Инстинкт биологияда: кыскача баяндалышы макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Инстинкт биологияда (латынча instinctus — «импульс») — ишке келтирүүчү белгилер жана иш-аракеттер программаларынан турган тубаса зарылдыктар жана аларды канааттандыруунун программаларынын жыйындысы. Башкача айтканда — белгилүү бир жандыкка белгилүү бир шарттарда мүнөздүү болгон татаал тукум куугучтук иш-аракет актылары менен шартталган иш-аракет. Бул терминдин психологиялык мааниси дагы бар. Мында психологиялык мектепке (багытка) жараша түрдүү маанилерде жана контексттерде колдонулат. Инстинкттин адамга колдонмолуулугу психологдор арасында көптөн бери келе жаткан дискуссиянын предмети. Башкача айтканда, адамдагы инстинкттин болуусу — психологиядагы эң талаштуу концепция. Бул макалада дээрлик биологиялык мааниси баяндалмакчы. Инстинкт деген эмне? Дээрлик соолуп калган өзөндүн тайыз суусунда чоң, күчтүү лосось балыгы агымга каршы жанталашып өйдө карай сүзөт. Анын капталы ташка тилинип жараланууда. Сууга араң көмүлгөн бакалоорлору диртилдейт. Бирок балыкты артка, чалкыган океанга кайра бура турган күч жок. Анткени ал өзү ушул жерде жаралган, анын тукуму да ушул жерден дүйнөгө келиши керек. Муну инстинкт, башкача айтканда, жаныбардын түпкү тегинен бери мурасталып келаткан негизги жүрүм-туруму талап кылат. Кыштан чыгуу үчүн ылайыктуу үңкүр издеп, ага жалбырак төшөөгө аюуну да ушул инстинкт мажбурлайт. Бал аарысы башка аарылардын уюк салганын эч качан көрбөсө деле өзүнө уюк салып алат. Жээкти мекендеген чабалекей уясын инстинкт боюнча ийиндерге, чопо жарларга, ал эми айыл-кыштактагы чабалекей болсо — курулмалардын чатырларынын астына салат. Жашоо-тиричиликтин өзү күн сайын жаныбарларга ар кандай кыйын учурларда аман калуу үчүн эмне кылуу керек деген маселени коёт. Эгер жаныбарлар көп кылымдар бою бирдей эле маселелерге дуушар боло берсе, аларды чечүү милдетинен кутулушат. Аларда жүрүм-турумду башкаруучу белгилүү бир инстинкт иштелип чыгат. Албетте, бул өтө ыңгайлуу. Бирок тигил же бул жаныбардын жашоо шарттары өзгөрүп турат. Жаңы шарттарда инстинкт пайда эмес зыян кылышы мүмкүн. Мисалы, америкалык бизондордо үйүрдө жашоо инстинкти өнүккөн. Үйүрдө жашаганда аюу, карышкырлардан биргелешип оңой коргонууга болот. Бирок мылтыкчан аңчыга жолукканда бул инстинкт — артыкчылык эмес кемчилик боло баштаган: үйүрдө жаныбарды атып алууга оңой. Ооба, инстинкт сокур. Өзүңөр көргөндөй ал кээде тирүү жандарды өлүмгө дуушар кылышы ыктымал, бирок ансыз жаныбарлардын бүтүңдөй бир түрлөрү жок болуп кетмек. Инстинкттер жаныбарлардын ар кыл түрлөрү үчүн зарыл жана пайдалуу. Инстинкт жаныбарлардын жүрүм-турумунун бөлүнгүс тубаса касиети болсо, ал адамдарда акыл-эс менен башкарылат. Демек, инстинкт жаныбарлардагы тубаса сокур сезим десе да болот.