TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Барабан: аспаптын тарыхы, түрлөрү, даярдалышы макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Барабан (кыргызча — доол) — урма музыкалык аспап. Үн чыгаруучу элементи цилиндр же конус сымал көңдөй чарага тартылып, материал катары булгары же пластик мембрана кызмат кылат. Типтүү өкүлү катары мембраналык барабан саналат, ал белгилүү бир формадагы көңдөй резонатор-чарадан туруп, булгары же пластик мембрана менен капталат. Мембрананын тартылуусу менен үндүн салыштырмалуу бийиктиги туураланат. Барабандын чарасы жыгачтан, металлдан (болот, сары жез), акрил пластиктен же ал гана эмес чоподон дагы даярдалат. Кичи барабан, снэр Барабандын кыргызча түрү: Добулбас. Үн алуу үчүн мембранага кол менен, учтары жумшак жыгач ургуч, таякча, щетка менен урулат, кээде сүрүү менен. Бир нече аспапты колдонуу үчүн түрдүү барабандар барабандардын урма орнотмосуна чогултулат. Башка конструкциядагы барабандар — болот барабан, көзөнөктүү барабан (мембранасы жок жана идиофондорго таандык). Тарыхы Барабандар эзелки убактан бери эле белгилүү болуп, жер шарынын дээрлик бардык аймактарында кездешет. Өз убагында аларды чоподон, сөөктөн, колодон ж. б. жасашчу. Месопотамиядагы казууларды жүргүзүүдө кичинекей цилиндр түрүндө жасалган эң байыркы урма аспаптардын бири табылган, булардын келип чыгышы биздин заманга чейинки алтынчы миң жылдык деп даталанат, бул мезгилге Түштүк Америкадагы үңкүрлөрдөгү таш бетиндеги сүрөттөр дагы таандык. Моравиядан табылган барабандын жашы биздин заманга чейинки бешинчи миң жылдык деп даталанган, Байыркы Египетте болсо барабандар биздин заманга чейинки 4 миңинчи жылда пайда болгон. Байыркы Шумерде дагы барабан болгону белгилүү (болжолдуу б. з. ч. 3000-жыл). Аспаптын узак өнүгүү тарыхы жөнүндө анын бүгүнкү күндөгү көптөгөн түрлөрүнүн болуусу күбө. Байыркы заманда барабан белги берүүчү аспап катары, ошондой эле, ырым-жырымдык бийлерди, диний жөрөлгөлөрдү, аскер жүрүштөрүн коштоо үчүн колдонулган, мындан тышкары ритмди кармоо зарыл болгон иш-аракеттерде дагы, мисалы, басуу, чуркоо, тартуу, эшүү же эптүү чабуул жасоо сыяктуу. Мисалы, байырки гректерде жана римдиктерде тимпан барабаны (байыркы грекче τύμπανον), заманбап литаврлардын мурдагысы, Кибела жана Вакха культтарында колдонулчу. Ошондой эле, аскерде жана чабак уруп сүзүүчү флотто. XVI кылымда барабандар Британ армиясындагы жөө жүрүүчү аскерлери, драгундар жана кавалерияда колдонулчу. Генрих VIII мезгилинде 100 адамдан жогору болгон ар бир ротадан эки барабанчы (доолчу) болгон. XVII кылымдагы баранчылар тарабынан колдонулуучу негизги белгилер «Көңүл буруу», «Тизилүү», «Даярдык», «Марш», «Чабуул», «Чегинүү» болгон. Японияда VI—VII кылымдар менен даталанган тайко барабанын кармаган чоподон жасалган барабанчынын фигурасы табылган. Бул барабандар согуш талаасында душманды коркутуу, таң калтыруу үчүн пайдаланылган: бир жоокер барабанды жонуна илип жүрчү, артындагы эки жоокер баранды урушчу. Биздин заманга чейинки 684-жылдагы Ци менен Лунун чечүүчү кармашында барабандар жоокерлерди шыктандырып, кармаштын жүрүшүнө чоң таасир эткен. XX кылымда барабандардын эки маанилүү жакшыртылышы болгон. 1920—1940-жылдары Gretsch компаниясы жыгачты көп катмарга ажыратуу технологиясы менен барабандардын чарасын жасачу, бул ыкма бүгүнкү күнү дагы колдонулат. 1956-жылдын айланасында Эвансон Марион тери мемрананын ордуна нымдуулуккка чыдамдуу, туураланышын жакшы сактаган, жана жаныбарларга карата этикалуу болгон пластикти колдонууну ойлоп тапкан. Учурда аспаптын өнүгүүсү жана жакшыртылышы, ошондой эле аткаруунун жаңы техникаларынын изденүүлөрү уланууда. 1930—1932-жылдары заманбап драм-машиналардын прототиби болгон Rhythmicon ойлоп табылган. Драм-машиналар программаланган үндөрдү ойнотууга мүмкүндүк берип, аранжировканын мүмкүндүктөрүн кыйла жогорулатат. Ошого карабастан алар музыканы аткарууда барабанчылардан жогору боло алган эмес. Даярдоо Барабандарды даярдоодо түрдүү материалдар колдонулат: металл (болот, коло), жыгач, бамбук, пластик, тери. Барабандардын басымдуу бөлүгү жыгачтан жасалган: клён, кайың, эмен, липа, ясен, кызыл дарак, ошондой эле, бүтүн же бир нече катмар болуп чапталган фанера. Айрым өндүрүүчүлөр жыгачтын бир нече түрүн аралаштырып жасашат, а бул баасы жана сапаты катыштыгынын жакшысын алууга мүмкүндүк берет. Барабандын үнүнө көбүрөөк деңгээлде жыгачтын тыгыздыгы жана ошол жыгачтан жасалган терегек чарасынын шакекчесинин калыңдыгы таасир этет. Мындан тышкары, мембрана менен кездешүүчү кырынын сапаты, анын кесилиш бурчу да маанилүү. Шакекчесин даярдагандан кийин ага фурнитураларды карматышат — мембрананы бекитүү жана чоюуучу шаймандар. Бурамаларды буралуучу кулпулар, бекитмелер жана көзөнөктөр үндүн чыгышын начарлатат, ошондуктан көптөгөн өндүрүүчүлөр аспаптын бүтүндүгүн сактаган бекитүү системасынын түрдүү ыкмаларын сунуштап келишет (мисалы, RIMS). Диний максаттарга арналган айрым барабандарды жана добулдарды даярдоо түрдүү ырым-жырымдар менен коштолушу мүмкүн. Тууралоо Барабанды тууралоо — татаал процесс, жана буга көптөгөн макалалар жана көрсөтмөлөр арналган. Барабандар белгилүү бир үн бийиктигине ээ болгон үнүнүн бийиктиги (литаврлар, рототом) жана үнүнүн бийиктиги аныкталбаган (кичи барабан, том-том) болуп бөлүнүшү мүмкүн. Бул тууралоо эки топко бирдей тиешелүү. Тууралоонун негизги максаты — ашыкча обертондордон арылуу. Жакшы туураланган барабандын мембранасы тегиз тартылган, үнү так, ачык жана кең болот. Дерек Йонгсма жана Bleeding Through тууралоо боюнча кийинкидей кеңештерди берет: «Баранда ойноонун эң маанилүү түзүүчүсү — бул анын туураланышы, буга көптөгөн музыкачылар көңүл бурушпайт. Эгер барабандар туура туураланбаса, алар эң начар үндөрдү чыгарышат. Эгер барабандар туура эмес туураланса, алар күңкүлдөп же күркүрөп калат. Эгер барабандардагы пластик бошоп калган болсо, алардын үнү жандуу эместей сезилет, ашыкча тартылган пластик дагы начар угулат.» — Bleeding Through барабанчысынан метал мастер-класс. Барабандын мембранасы чарасынын шакекчесине бекилип, заманбап метал обручтар жана бурамалар менен же жиптер же келтирүүчү кур менен туураланышы мүмкүн. Мыктардын жардамы аркылуу бекем бекитүү (бё-тайко сыяктуу) барабанды тууралоо мүмкүндүгүнөн ажыратат. Заманбап өндүрүүчүлөр мембрананын түрдүү салмактагы, калыңдыктагы, бир нече катмардагы көптөгөн модификацияларын чыгарат. Мунун баары аспаптын үнүнүн чыгышына ар кандай таасир этет. Эгер мембранадан экөө болсо, алардын бирөөсү жукараак болуп, ургулоого багытталбайт, резонансты күчөтүү максатында гана мүмкүн. Уруучу жана резонанстык мембрананы салыштырмалуу тууралоо барабандын үнүнүн чыгышына таасирин тийгизет: эгер резонанстык мембрана урмадан жогору туураланса, үндүн узактыгы (сустейн) жогорулайт. Кичи барабанда мүнөздүү үн берүүчү серпилгичтерди тууралоо чоң мааниге ээ. Булгары мембраналар колдонулуучу барабандарда терини ысытуу (тарттыруу) же нымдоо (бошотуу) менен тууралоого болот. Түрлөрү Тиби боюнча Заманбап оркестрга кийинкидей барабандар кириши мүмкүн: Чоң барабан (түрк барабаны) — эки жактуу, сейрек бир жактуу. Мындай аспапта учу жумшак массивдүү ургучтар менен ойношот; үнү — күчтүү, күңүрт жана төмөн. Ургучтан тышкары, кээде таякчаларды, шыпыргычтарды ж. б. колдонушат. Чоң барабандын негизги багытталышы — жалгыз уруулар (пианиссимодон тарта чагылган разряддары сыяктуу фортиссимого чейин). Европалык композиторлор тарабынан чоң барабан алгач аскер оркестринде колдонулган. Ал эми XVIII кылымдан тарта — опералык оркестрда. Чоң барабандын мурдагысы — янычар музыкасында колдонулган түрк барабаны болгон. Чоң барабанын көбүнчө янычар музыкасын имитациялоо үчүн пайдаланышат. Бар-барабан өлчөмү боюнча чоң (концерттик) барабандан кичирээк келет — 20—22" (50—56 см). Урма орнотмонун курамына кирип, анда бут менен басуучу баскычтын жардамы аркылуу ойношот. Кичи барабан — жалпагыраак келген цилиндрге эки жагынан тартылган эки мембранасы бар барабан. Төмөнкү мембрананы бойлой кылдар тартылган (10дон 34кө чейин, колдонулушуна жараша). Булар үнгө кургак, титирек жана дуулдаган сапатты берет. Кылдарды атайын рычаг аркылуу ажыратканда мындай мүнөздөгү үндөр жоголот. Ойноо рудименттерде (барабандык алфавитте) негизделген: бөлчөк, тез тремоло. Аспапта учу жазыраак келген эки жыгач таякчалар менен ойнойт. Ошондой эле, аспаптын шакекчесине (римшот) уруулар сыяктуу башка ыкмалар да колдонулат. Мисалы, бласт-бит, гравити ролл, булар музыканын экстремалдык стилдерине мүнөздүү, ошондой эле таякчаларды тегеретүү ж. б. Кичи барабандардын ар кандай өлчөмдөгүлөрүн колдонушат, мисалы, отуруп ойноодо бир нерсенин үстүнө коюп алышат, басып баратып ойноодо кур менен илип алышат. Опералык жана симфониялык оркестрга кичи барабан XIX кылымда киргизилген; мында көбүнчө аскердик көшөгө-сахналарда колдонушат. Бүгүнкү күндө — джаздын ритмдик тобунун жетектөөчү аспабы. Том-том (там-там [гонг] менен алмаштырбайлы) — кылдары жок цилиндр формасындагы барабан. Ал америкалык же азиялык жергиликтүү элдерден чыккан, аборигендер тарабынан аскердик, диний максаттарда колдонулган. Көңдөй дарактардан жана жаныбарлардын терисинен жасалган. XX кылымдын башында том-том урма орнотмого кирет (2ден 4кө чейин же андан да ашык). Литаврлар — бул мембрана тартылган жез казандар системасы (2ден 7ге чейин жана андан дагы ашык). Ойноо учурунда тууралануучу, үнүнүн белгилүү бийиктигине ээ. Булар XV кылымдан белгилүү боло баштап, оркестрдын курамына кийинчерээк кирген. Оркестрдан тышкары литаврлардын мурдагылары — накрлар аскер катарларын башкаруу үчүн ковалерияда колдонулган. Өлкөлөр боюнча Барабандар бардык өлкөлөрдө жана бардык мезгилдерде белгилүү болгон. Элдик барабандардын жасалышы жөнөкөй жана ойноонун өзгөчө ыкмаларын талап кылбайт. Ошондуктан булардын жүздөгөн түрлөрү бар. Фольклордук музыка жогорку деңгээлде обондуу жана ритмдүү келип, барабандар — алардын ажырагыс бөлүгү. Африка өлкөлөрүндө барабандарда ойноо — көпчүлүк диний жана светтик жөрөлгөлөрдүн маанилүү бөлүгү. Барабанда ойноо байыркы маданий салттарга ээ. Мындан тышкары, барабандар билдирүүлөрдү берүү үчүн кеңири колдонулчу — мисалы, түрдүү үн айкалыштыктарындагы йоруба тилин айтса болот. Африканын барабандарынын арасында — ашико, кпанлого, джембе, бата жана башкалары белгилүү. Латын Америкага барабандар Африкадан африкалык кулдар аркылуу алынып келинген. Булардан атабаке, куика, конга сыяктуу барабандар пайда болгон. Теги европалык барабандарга пандейраны таандык кылса болот. Түштүк жана Борбордук Америкада жыгачтын бүтүн бөлүгүнөн жасалган тепонацтль аталган барабардар дагы белгилүү. Кубада тимбалес барабаны ойлоп табылган. Бали аралында жана Индонезияда элдик музыка гамелан оркестры (металл урма аспаптары) менен берилген. Мында генданг барабаны, ошондой эле Самоада пате салттуу урма аспабы, Фиджиде лали урма аспабы колдонулат. Япониядагы барабандар тайко аталган жалпы аталышка ээ. Булар 2 чоң топко бөлүнөт: бё-дайко жана симе-дайко. Биринчисинде мембрана мыктар менен бекилип, тууралоо мүмкүнчүлүгү жок. Экинчисинде жиптер жана бурамалар аркылуу тууралоого болот. Бул барабандар VII кылымдан бери гагаку аталган салттуу музыкада колдонулат. Ошондой эле, булар буддалык жана синтоисттик жөрөлгөлөрдө пайдаланылат. Кытайда барабандар сыягы түрк жана тибет аспаптарынан келип чыккан деген ойлор бар. Булардын ичинде: баньгу, пайгу жана башкалар бар. Индия музыкасында колдонулуучу барабандарга табла жана мриданга таандык. Армения жана Азербайджан элдик музыкасында дхол, ошондой эле нагара барабандарынын түрлөрү колдонулат. Турцияда дарбука чөйчөгү формасындагы барабандар пайда болуп, түрдүү аталыштарда жайылган. Мисалы, бумбек, тарабука, дарбук ж. б. Формасы боюнча Барабандарды формасы боюнча дагы классификациялоого болот: Алкактуулар Чөйчөк сымалдуулар Цилиндр формасындагылар Казан сымалдуулар Кум саат формасында Конус сымал Колдонулушу Барабандар ритм-топтор курамында ошондой эле, соло аспап катары колдонулушу мүмкүн. Түрдүү барабанда музыкалык ансамбльдардын курамдарына кирет, анын ичинде — бир гана урма астаптан турган ансамбльдарда дагы. Аспаптар музыкада зарыл болгон аспаптык колоритти жана динамиканы камсыз кылат. Ошондой эле, ритмдик жана урма эффектилерди кеңейтет. Жыгач же синтетикалык материалдардан жасалган барабандарда алакан менен же таякчалар менен уруп ойноого болот. Алакан менен ойноо фокусту кезектештирүү жана кол менен уруунун күчүн жайылтып, чебердик менен ойноону талап кылат. Жогорку үндөрдү алуу үчүн колду чыңалтуу керек. Манжаларды жөргөлөтүп, чертип, мембрананы сылап манжалар менен ойноо дагы колдонулат. Таякчаларды колдонууда абалга жараша жана барабанчынын жеке каалоолору менен таякчалардын түрдүү кармап ойноолору, аспапка уруулары пайдаланылат. Колдонуунун кийинкидей түрлөрү белгилүү: Салттуу колдонулушу — аскер барабанчыларынын салттарынан чыккан. Мында таякчалар симметриялуу эмес кармалат, барабандын куру тоскоолдук жаратпаш үчүн. Симметриялуу кармап колдонуу (matched grip). Таякчалар өз ара же кыйгач бурчта симметриялуу кармалат. Мындай кармоо эң көп пайдаланылат жана бир нече варианттарга ээ: Французча кармоо (French grip). Немецтик кармоо (German grip). Америкалык кармоо. Уруунун кийинкидей ыкмалары белгиленет: Меллер техникасы (Moeller method). Америкалык барабанчы Сэнфорд Августус Меллердин ысымынан аталган. Булчуңдардын табигый иштөөсү, ашыкча кыймысыз жана чыңалуусуз ойноодо негизделген. Гладстоун ыкмасы. Таякчанын теңсалмактуулук чекитин табуу жана анын секирип кетүүсүн көзөмөлдөөдө негизделген. Колдонулуучу булчуңдарга жараша манжалык, алакандык, чыканактык техникаларды айырмалашат. Таякчалардан тышкары зарыл болгондо түрдүү чачыларды, балкачаларды же атайын жасалган чыбыктуу таякталарды, руттарды (англисче rute) колдонушат. Барабанда ойноону үйрөнүүнүн негизинде барабандык рудименттер кызмат кылат — барабанга уруунун ар кандай ыраатын билдирген (мисалы, акценттелген жана акценттелген эмес ыраат) атайын ойноо ыкмалар. Эң жөнөкөй барабандык рудимент — бул кезектешип урууну билдирген барабандык бытыра (орусча дробь). Мындан тышкары белгилүү рудименттерге Double Stroke Roll (эки соккулуу бытыра) таандык. Ал бир кол менен эки урууну билдирип, эки колдо кезектештирип урулат. Ритмдик партиялар квадрат аталган аягына чыккан функционалдык-гармониялуу түзүмгө кошулат. Марштык оркестрдин урма аспаптар секциясы тарабынан аткарылуучу үзүндүлөр канденция аталат (англиче drum candence).