TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Арфа: конструкциясы, тарыхы, түрлөрү макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Арфа — чертме кылдуу музыкалык аспап, эки кыйгач жайгашкан рамадан туруп, алардын арасында көптөгөн кылдар тартылат. Эң байыркы аспаптардын бири, Ирландиянын символу. XVIII жүз жылдыкта бут менен басма арфа ойлоп табылып, классикалык музыкада стандарт болуп калган. Арфа Үн диапазону5 октава Классификациямузыкалык аспап, кылдуу музыкалык аспаптар, чертме кылдуу музыкалык аспап Тектеш аспаптаркора, конхоу, саунг, ченг, лазердик арфа Тарыхы Арфа эң байыркы музыкалык аспаптарга таандык. Киклад цивилизациясынын көркөм сүрөт искусствосунда эле отуруп алып ойноп жаткан арфачынын сюжети жайылган. Мындай мрамордук статуялар биздин заманга чейинки 2800—2300-жылдар менен белгиленет. Эң алгачкы байыркы египеттик арфалар болжолдуу биздин заманга чейинки 2400-жыл менен белгиленген. Түрлөрү боюнча догоо сымал, бурчтук жана рамалык арфалар айырмаланат. Европалыктар үчүн рамалуу арфалар көбүрөөк мүнөздүү. Арфанын эң байыркы жазма эскерүүсү салттуу түрдө Венанций Фортунатга таандык кылышат (биздин замандын VI кылымы). «Римдик сени лирада мактайт, варвар — арфада, грек сен жөнүндө Ахиллов аспабында ырдайт, британдык (же бретондук) — ротто.» Оригиналдуу тексти: Romanusque lyra plaudat tibi, barbarus harpa, Graecus achilliaca, chrotta Britanna canat. К. Закс жана башка изилдөөчүлөр «Ахиллов аспабы» деп лиранын алгачкы түрү (алгач Гомер тараптан эскерилген) — хелис аспабы айтылып жатат деп жоромолдошот. Арфа мурда эле кыйла үн диапазонуна ээ болгондуктан (5 октава), ал эми толук хроматикалык гаммадагы кылдарга орун жетишпегендиктен, арфада диатондук гаммадагы үндөрдү алуучу кылдар гана тартылган. Бут баскычы жок арфада эки гамманы гана ойноого мүмкүн — «до мажор» жана «ля минор» (табигый гана үн катар). Хроматикалык жогорулатуулар үчүн мурда кылдарды грифтин (моюнунун) жанынан манжалар менен басуу аркылуу кыскартылма болуусу керек эле; кийинчерээк мындай кылдарды кысууну кол менен кыймылга келүүчү илмектер менен ишке ашыра баштаган. Мындай арфалар аткаруучулар үчүн өтө ыңгайсыз болгон; бул кемчиликтер кыйла деңгээлде 1720-жылы Якоб Хохбрукер тарабынан ойлонуп табылган бут менен басма баскычтардагы механизмдер аркылуу азайтылган. Якоб арфага өткөргүч катары иштеген жети баскыч жасап, алар атайын жыгачтын бош мейкиндиги аркылуу грифке (моюнуна) өтүп, илмектер кылдарга бекем кысылуу менен аспаптын бардык көлөмүндө хроматикалык жогорулатууну чыгарган. 1810-жылы Себастьян Эрар, Хохбрукердин механизмин өркүндөтүп, Парижде эки бут баскычтуу арфаны патенттеген, бул аспап бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет. Арфанын эки адам ойноого арналган түрү дагы бар (төрт кол менен). Конструкциясы Арфа үч бурчтуу формагаээ болуп, түзүүчү бөлүктөрү кийинкидей: Резонатордук куту-чарасынын узундугу болжолдуу 1 метрдей, төмөн жагын көздөй кеңейип кетет; мурдагы формасы төрт бурчтуу болчу, азыркысы — бир жагынан ийилип кетет; жалпак капкактар (дека) менен жабылган. Төмөнкү узатасынан жарым тегерек келген капкагы клёндон жасалат (арзан моделдеринде жыгачтын катуу түрлөрүнөн жасалган фанерадан болот), ал эми өйдөңкү же маңдайкы дека көбүнчө карагайдан, капкактын ортосунан жана узатасынан, көзөнөктөрү бар ичке узун жыгач бекилет, көзөнөктөр аркылуу кылдар өтөт. Тирөөч: резонатордук чаранын учтарын бириктирет: корпус (чара) менен раманы; болбошу дагы мүмкүн. Буроолуу рама, мында кулактарына кылдар байланат. Түпкүрү — арфанын таянычы Кылдар, бардык «До» ноталары кызыл түстө, «Фа» — көк же кара. Бут баскычы бар арфа дагы негизги жана бут баскычтуу механизмдерге ээ. Негизинен арфада 46 кыл бар: 35 синтетикалык жана 11 металл. Алардын бир учу капкактын ылдый жагына, экинчи учу буроолорго бекилет. Түрлөрү Анддык арфа (индейлик, перулук) — резонатордук капкагынын көлөмү чоң болгон ири аспап, мунун эсебинен басстык регистрге көркөмдүүлүк берилет. Анд индей элдеринин арасында жайылган: кечуа, аймара (Перу, Боливия, Эквадор). Анддык арфада ойногон белгилүү аткаруучулардын арасында Хуан Кайамбе (Эквадор, Пимампиро кантону, Имбабура провинциясы) болгон. Ардин — мавританиялык бурчтук арфа. Валлиялык арфа — үч катар кылдары бар арфа. Ирландиялык арфа, ошондой эле, кельттик арфа — тизеге коюлуучу арфа, өлчөмдөрү анча чоң эмес (мындай аспаптар тармагында Эндрю Лоуренс-Кинг изилдөөлөрдү жүргүзгөнү белгилү). Леверстик арфа — бут баскычтары жок, үн түзүмү буроолор рамасындагы рычагтарды буруу аркылуу өзгөрөт. Парагвайлык арфа — гуарани маданиятынын таасири алдында, европалык арфадан өнүгүп чыккан. Бут басмалуу (педалдык) арфа — үн түзүмдөрү бут баскычтарды басуу аркылуу өзгөрүүчү музыкалык аспап. Батыш классикалык музыкасында популярдуу. Саунг — бирмалык жана мондук арфа. Электроарфа — электрондук үн алгычтар менен жабдылган бут басмалар бар арфанын түрү. Рок жана поп музыканын бир катар багыттарында, кээде дзажда колдонулат. Арфа көптөгөн кылымдар бою Ирландиянын саясий символу болуп келген. Биринчи жолу Ирландиянын символдук сүрөтү катары Шотландиянын королу Яков VI (Англиянын королу Яков I) королдук желегинде колдонулган, ошондон тарта Англиянын, Британиянын жана Бириккен Королдуктун бардык королдук желектеринде болгон, бирок сүрөттүн стили убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган. 1922-жылдан тарта Ирландиялык Эркин мамлекет арфаны мамлекеттик символ катары колдонууну улантып, арфанын сүрөтүн Ирландиянын Чоң мамлекеттик мөөрүндө, гербинде, Президенттик желегинде жана мөөрүндө, ошондой эле, бир катар башка мамлекеттик документтерде көрүүгө болоор эле. Ошондой эле, арфанын сүрөтүн Ирландиялык орто кылымдык тыйындардан баштап заманбап евро тыйындарына чейин байкоого болот. Арфада ойноодо көбүнчө глиссандо ыкмасы колдонулат — кылдарды манжалар менен терип ойноо. В. Моцарт, К. Дебюсси, Г. Гендель, Р. Глиэр жана башкалар оркестр менен арфада ойноого концерттерди жазышкан. Симфоникалык оркестрда сөзсүз түрдө катышат (2023). XIX кылымга чейин арфаны эркектердин аспабы катары санашкан, бирок 1929-жылы Урдагы (Ур — шумерлердин түштүк Дарыя аралык эң байыркы шаар-мамлекеттеринин бири, Месопотамия) падышалык күмбөздү казууда алтын жана күмүш арфаны кармаган 70тей аялдардын сөөктөрүн табышкан. Кошумча «Арфатерапия» ден-соолукту жакшыртуучу бүтүн бир багыт бар. XX кылымда арфа аристократиянын белгиси катары кабыл алынчу, орто кылымда муну монахтардын жана уламачылардын аспабы деп санашкан, ал эми байыркы заманда кудайлардын аспабы дешчү. Байыркы Грецияда Калиопа алтын арфадан ойногон делет (Байыркы Греция музыкасы) Биздин заманда арфада аялдар гана ойношот (2023). Арфада эң узак ойноо Карла Сита аттуу арфачыга таандык, ал 2010-жылы 17 жашында түрдүү музыкалык жанрлардагы музыкаларды 25 саат 34 мүнөт ойногон делет, бирок кандай шарттар менен ойногону белгисиз. Уламыштарга ылайык кельттик молчулук Кудайы арфада ойноо менен жыл мезгилдерин алмаштырган. Байыркы Египет жрецтери арфанын коштоосунда ырым-жырымдарды жүргүзүшкөн. Грецияда арфанын үнү асман менен жерди, кудайлар менен ажалдууларга көпүрө болуп берген тепкичти түзөт деп санашкан. Египет жана Сирияда арфаны өтө көркөмдөп кооздошчу, анткени алар анын сыйкырдуу касиети бар деп ишенишип, бейишке жол ачат дешчү.