TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Ала-Тоо (ыр) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Ала-Тоо (ыр), автор: Касым Тыныстанов Тексти Кечиккен соң зарыгып, "Унутту" деп таарынып. Коргоол менен күн санап, Жүргөндүрсүң камыгып. Түндө жатып уктабай, Күндүзүндө токтобой, Жолоочудан жол сурап, Кургандырсың, Ала-Тоо! Баламдан кабар өчтү деп, Санаймын эрте-кечти–деп Кагылбаган жаш балам, Кандай жолго түштү–деп. Зардап ыйлап, үн салып, Башыңа түшпөй күн чалып, Дөңдөн түшпөй эрте-кеч Тургандырсың Ала-Тоо! Айлар, жылдар өттү–деп, Кабарсыз болуп кетти–деп, Катпаган балтыр баламды Кимиси мерт этти–деп, Булуттан жоолук оронуп, Ак чачың музга боелуп, Көз жашың менен сай-сайды Жуугандырсың, Ала-Тоо! Балама залал болор–деп, Кийимсиз болсо тоңор–деп, Жолдо болсо жаш балам, Жүрүүгө болсун оңой–деп. Каршы туруп ызгаарга, Күч көрсөтүп муз-карга, Түштүк, түндүк катташын Буугандырсың, Ала-Тоо! Жер сагынбас эл болбос, Эл сагынбас эр болбос. Жатка моюн сунгандай Эр жүрөгү кир болбос. Какпаган кирпик көзүңдү, Муңканып айткан сөзүңдү. Ким унутуп кетмекчи, Зарыкпагын, Ала-Тоо! Жардамчы болгон кезде арбак, Эр жигит кимге сайдырмак. Канжыгадан баш чечпей, Кимге мөөрөй алдырмак. Эрмин деп сенден мен туулсам, Эр деп мени сен туусаң. Мени ким мерт этмекчи, Камыкпагын, Ала-Тоо! Жаңы тестер болгондо, Эл жайлоого конгондо. Козу жайып өндүргө, Ышкынга жыргап оңгондо. Чакырышып той берип, Мартсынышып, бой керип. Жуурат куйган жалпак таш Али эсимде, Ала-Тоо! "Он алты" достум жеткенде, Жайлоого көчүп өткөндө. Көч үстүнөн селкиге Көз ымдап өтө кеткенде. Чыдабай селки: "Ойт! чу! ай!" Деген кезде капчыгай, Үнүн созгон чыдабай, Баары эсимде, Ала-Тоо! Кийин кандай күн болду, Кимдер көчтү, ким конду. Неге десең бооруңда Тура албадым мен оңдуу. Мурун сенден көргөндүн, Сен эсептеп бергендин Чыпчыргасы коробой, Баары эсимде Ала-Тоо! Каргыштын шамы жанганда, Жазыксыз кандар тамганда, Таяныч издеп тырмалап, Жөө жалаң жолго салганда. Долуланып, солкулдап, Алай-дүлөй толкундап. Узатып салган Ысык-Көл Зары эсимде, Ала-Тоо! Мен аманмын, барамын, Мүнөзү бар балаңын. Кашкайып чыкпай, караансыз Колуңду кантип аламын? Эң биринчи саламым– Саган арнап жазганым, Жакшы саатта күтүп ал, Бул белегим, Ала-Тоо! Кеп жашадың, көп көрдүң, Ачуу-таттуу жеп көрдүң. Тагдыр чапкан балтага Кыңк этпедиң, эп көрдүң. Илгерки күндөр үрөйүн, Жемденгендей жүрөгүм. Эркелетип сүйлөсөң, Бул тилегим, Ала-Тоо!