TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Айдарбеков Иманалы макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Иманалы Айдарбеков — советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз революциялык комитеттин төрагасы (1924—1925), Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы (1927—1929). Иманалы Айдарбеков 1884-жылы ошол кездеги Жетисуу облусунун Бишкек уездинин Арчалы айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1917-жылы — сол эсерлер партиясынын мүчөсү. 1918-жылдан тарта РКП(б) мүчөсү. Бишкек бакча жүргүзүү айыл-чарба мектебинде жана Ташкент гидротехникалык (бүтпөй калган) мектебинде окуган. Кыргыз мамлекетинин негизделиши жана өнүгүшүнө салымын кошкон. Иманалы Айдарбеков Төрөлгөн датасы1884-жыл Төрөлгөн жериЖетисуу облусу, Пишпек уезди, Арчалы айылы Каза болгон датасы1938-жыл, 5-ноябрь Каза болгон жериФрунзе шаары, Кыргызстан ПартияРКП(б) (1918) Биографиясынан 1918-жылы — айыл жамаатынын катчысы. 1918-жылдан тарта ЧК органдарында, түрдүү уезддик аткаруу комитеттеринде жана ревкомдордо иштеген. Тоо Облусунун Кеңештери Уюштуруучулук съездинин делегаты. Абдыкерим Сыдыковго колдоо көрсөтүп тарапташтарынын өзөгүндө болгон. 1920—1921-жылдары — Пишпек узеддик революциялык комитеттин төрагасы, 1920 жана 1922—1923-жылдары — Пишпек уезддик шаардык Кеңештин аткаруу комитетинин төрагасы, 1923-жылы — Жетисуу облустук кеңештин аткаруу комитетинин президиум мүчөсү, 1923—1924-жылдары — Жетисуу облустук жер бөлүмүнүн башчысы, 1924-жыл — Жетисуу облустук Кеңештин аткаруу комитетинин төрагасы, 1924—1925-жылдары — Кара-Кыргыз революциялык комитеттин төрагасы. 1925-жылдын март айында Кыргыз автономиялык облусунун аткаруу комитетинин биринчи курамын тандоодо анын курамына Абдыкерим Сыдыков жана анын тарапташтары кирбей калган, анын ичинде Иманалы Айдарбеков дагы. 1925-жылдын апрел айында Ташкент шаарындагы Орто Азиядагы Кыргыз автономиялуу облусунун атайын өкүлү болуп дайындалган. 1925-жылдын июль айында аткаруу бюросу «партиялык уюмдун тынчтыгын камсыздоо максатында Айдарбеков менен Сыдыковду тез арада ЦК ВКП(б) Орто-Азиялык бюросуна командировкалоо» чечимин кабыл алган. Айдарбековго облустун иштеп жаткан башчылыгына каршы чыккан айтылуу Жусуп Абдрахмановдун тарапташтарынын «30 тобуна» катышуусу үчүн катуу сөгүш жарыяланган. Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин (орусча ВЦИК) тушунда ал Кыргыздын автономиялуу облусунун атайын өкүлү болгон. 1925—1927-жылдары — «Средазхлеб» башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз айыл-чарба банк башкармалыгынын мүчөсү, 1927-ж. — Кыргыз АССРинин Эл Чарбар Борбордук Кеңешинин төрагасы, 1927—1929-жылдары — Кыргыз АССРинин Башкы Сотунун төрагасы. 1929-жылдан тарта — Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жайынын элдик комиссары, Кыргыз АССР соодасынын элдик комиссары. Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басаңдатууга катышкан. 1935-жылдын 16-августунда ВКП(б) Кыргыз облустук көзөмөл комиссиясы тарабынан «өзүн сатпаган, абдрамановчудан баш тартпаган улутчул, эки жүздүү» деп партиядан чыгарылган. 1937-жылдын 4-сентябрында камалган. Социал-Туран партиясына таандык, Тоолуу облустун калыптануусунда топтук каршылык көрсөтүүнү уюштурган деген жалган жалаа менен күнөөлөнгөн. 1938-жылдын 5-ноябрында Фрунзе шаардык түрмөсүнүн алдында атылган. 1958-жылы реабилитацияланган. 1991-жылы сөөгү Атабейит көрүстөнүнө кайра коюлган. Небереси Чыңгыз Айдарбеков — дипломат, 2018-жылдан 2020-жылга чейин — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри.