TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
5-Март — Ак Калпак күнү: тарыхы, авторлор, даталар макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Ак калпак күнү — Кыргызстанда калпак баш кийимине арналган, жыл сайын 5-мартта өткөрүлүүчү майрам. Жогорку Кенештин (https://kenesh.kg/kg) 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак күнү, иллюстрация Ак калпак күнү Кабыл алуу датасы29-июнь, 2016-жыл Токтом номери№825-VI Бегиленүүчү күн5-март Күн тартибииш күн Ак калпак күнү жөнүндө Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Жылда Ак калпак күнү бүткүл Кыргызстанда майрамдык салтанат, атайын иш-чаралар, жарманкелер, концерттер, флэшмобтор өткөрүлөт. Мектептерде маданий-массалык иштер жүрүп, бардык эркектер бул күнү калпак кийишет. Ал эми 5 март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган. Баш кийим тууралуу Негизги макала: Калпак Калпак — бул улуттук иденттүүлүк, айкөлдүк, абийир жана ар-намысты символдоштурган кыргыз элинин салттуу баш кийими. Чыныгы калпак кийизден даярдалып, тарыхый тамырга ээ, ошондой эле, кыргыз маданиятынын маанилүү элементи катары саналат. Баш кийимди кыргыздар кылымдар кийишип, бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон калууда. Тарыхы жана мааниси Калпак байыркы замандан бери эле кыргыздардын улуттук кийиминин бөлүгү болгон. Анын келип чыгышы элибиздин көчмөн жашоо образы менен байланыштуу. Көчүпө-конуп жүргөн эл бирде жаанда калып, бирде аптаптуу ысыкта болуп, баш кийим каалагандай шарттарга ыңгайлуу болуусу шарт эле. Муздак мезгилдерде болсо баштын жылуулугун сактап, жамгырды өткөрбөйт, ал эми ысыкта күн өтүүдөн коргойт. Бул баш кийимди байлар дагы, жөнөкөй карапайым калк дагы кийген, бирок, анын формасы, оюуулары жана түстөрү социалдык абалга, адамдын жашына, ал гана эмес жашаган аймагына жашара айырмаланып турган. Мисалы, улгайган адамдардын калпактары айкөлдүк жана жашоо тажрыйбасын чагылдыруу максатында татаалыраак оюуулар менен көркөмдөлчү. Заманбап маданиятта XXI кылымда дагы калпак Кыргызстандын маданиятында маанилүү ролду аткарып келет. Ал улуттук кийимдин элементи катары гана колдонулбастан, улуттук сыймыктын символу катары дагы саналат. 2019-жылдын 12-декабрында калпак ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген, а бул анын өзгөчө баалуулугун дагы да болсо тастыктайт. Бүгүнкү күндө калпакты бир гана официалдуу иш-чараларда жана улуттук майрамдарда гана эмес, күнүмдүк жашоодо да колдонушат. Дизайнерлер болсо заманбап стилге ылайыкташтырып улам жаңы түрлөрүн чыгарууда. Мунун баары калпакты Кыргызстанда гана эмес, андан сырткаркы өлкөлөрдө дагы атагын чыгарууда. Ырлар Калпак күнү боло берсин (ыр) Ак калпакты алтын башка теңеген (ыр) Ак калпак (ыр)