Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жумушчу (ыр)

Баш барак | Адабият | Жумушчу (ыр)
Жумушчу (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата3-ноябрь, 1948-жыл
ЖериЧолпон-Ата

Жумушчу калк: дал өзүмдөй жөнөкөй,
Анда каруу, менде таттуу көмөкөй.
Бизсиз, ырсыз жана эмгексиз
Бул турмуштун бир минуту жөн өтпөй.

Нечен дайра, нечен суулар байланып
Өлкөбүзгө нечен шаар жайланып
Жумушчу калк кана соруп чылымын,
Мен үстүндө ак куш болуп айланып.

Жумуш күчөп, жыл артынан жыл кууп,
Оңдоп, бүтүп улам бийик, кең куруп,
Жумушчу калк чайын ичип үйүндө
Мен үстүндө алтын канат ыр тууп.

Бакыт жасап кур темирден чапкылап
Тынчтык жасап, отту арыга тарткылап
Бул жашоонун жаны бизде экенин
Мен жар салам, канатымды каккылап.

Жайгаштыруу: 2024-03-21, Көрүүлөр: 116, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу