Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Оорулуу акын (ыр)

Баш барак | Адабият | Оорулуу акын (ыр)
Оорулуу акын (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата6-февраль, 1945-жыл
ЖериКойсары

Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат.
Акын, акын,
Акын баркын–
Өлүм билбей кол сунат.

Оорулуу акын,
Сөздөрү алтын,
Алсыз, жалгыз олтурат.
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.

Оорулуу акын,
Өмүр артын
Каламына калтырат,
Билген достор,
Жан жолдоштор,
Эстесин деп бир убак.

Оорулуу акын,
Соолук баркын,
Эми билип тамшанат.
Кимдер келет,
Кимдер кетет,
Келүүчүгө из калат.

Оорулуу акын,
Ойлоп баккын,
Бизден журтка не кылат?
Биз өлөрбүз,
Бирок өчпөс–
Жазган ырлар төрт сабак.

Заман калыс,
Эрдик, намыс,
Керек болор,
Берели.
Жан бүткөнчө–
Кадырлайлы,
Ата менен энени.

Жайгаштыруу: 2024-03-20, Көрүүлөр: 50, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу