Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Манас эпосундагу кыргыздардын көчүшү же биригиши

Манас эпосунун экинчи бөлүгүндө Манас он бешке келгенде Алтайда жашаган кыргыздар чогулуп, кытайдан, калмактан коргонуу жөнүндө кеңеш курушат. Алтайда турган кыргыздар жүз миң экен. Манасты кан көтөрүшөт. Андан кийин Манас күчтүү кол уюштуруп, калмактын каны Жолойду жеңет. Акбалта Манаска Ала-Тоого барып, элди көрүп, Кошой Дөөгө кези - гип, кеңешин угуп, келгин деген сөзүн айтат. Манас кырк жигитин алып Ала-Тоону көрүүгө бет алат. Каркыраны басып жердин малга жайлуу, элге токчулук бере турган, жер экендигин байкайт. Ысык-Көлдү жер соорусу турбайбы - деп аябай суктанат. Чеч-Төбө - Ата жерине келгенде Кутунай - кароолчу Кошойго келип: "Оргуп чыккан чаң көрдүм, орою суук жан көрдүм", - деп Манастын келишин кабарлайт. Кошой Манастын келиши - не той өткөрөт. Манас менен Кошой сырдашып, Эсенкандын Алоокенин кылыктарын эстешип, алты айдан кийин Манасты тосуп чыгарын эскер - тип, убаданы бекитишет. Манас Алтайга келип, кыргыз элин жыйнап той өткөрөт. Мына ошондо элге кайрылып, Ала-Тоого көчүү жөнүндөгү оюн ортого салат. Манас колу менен кыргыз айлына келип, алар менен аралашып калат. Колдун аркасынан Алтайда калган кыргыздар да көчүп келишет. Ошон - до Кошой Манаска кайрылып, алдыда толуп жаткан кармашуулар бар экенин айтат. Алооке хан тынч жатып албайт, ал бир шумдукту баштайт. Ошон үчүн ар дайым камдуу бололу, бири-бирибизге кабар берип туралы деген ойду билдирет. Манаска Таласка барып, Кең-Колдун оозунан орун алгын дейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)