Маданият деген эмне

Маданият - бир нече аныктамаларга ээ болгон татаал термин. "Маданият деген эмне", бул суроого көптөгөн жылдар бою жооп издешкен. Маданияттын негизги жана кошумча түрлөрүн төкпөй-чачпай айтып берели.

Маданият (латын сөзүнөн которгондо - тарбия, тарбиялануу дегендү түшүндүрөт) көп түшүнүктү жана ар кандай тармактарды ээлеген көп кырдуу термин. Көп учурда адамдын өзү-өзү байытууга байланыштуу болгон тигил же бул тармактагы иши.

Негизги түрлөрү:

-Материалдык маданият - материалдык көрүнүштөр менен бааланат десек болот го. Буларга интерьер буюмдары, кийим-кечектер, аксессуарлар жана башкалар кирет. Маданияттын бул формасы күнүмдүк жашоону көрсөтөт деп эсептелинет.

-Адабий маданият - адамдын чыгармачылык ишинин натыйжасында жаралган жаңы нерселер, алар китеп, сүрөт, ыр, дизайн, обон жана башкалар болушу мүмкүн.

-Жан-дүйнө маданияты - адамдын өзүн-өзү алып жүрүү, жан-дүйнө өнүгүүсүн, аң-сезимин камтыган маданияттын эң татаал түрү.

-Физикалык маданият - Адамдын тышкы келбетине жана ден-соолугуна багытталган иштер, физикалык машыгуулар, ден-соолукту чындоо ж.б.

Маданиятсыз адамды көпчүлүктүн арасынан аныктоо абдан оңой. Алардын кичине төмөнкү белгилер кирет: сабатсыз сүйлөө, бейтааныш адамга сен деп кайрылуу, цензурасы жок лексика. Дасторкон үстүндө отурганда маданиятсыз адам, чалпылдап тамак ичет же чайнайт, оозуна тамак салып алып сүйлөйт жана башка ушул сыяктуу көп белгилер кирет.

Ички маданият - адамдын биринчи 20 жыл жашоосунун ичинде калыптануучу моралдык жана нравалык негиздер. Ички маданият өзүнөн өзү калыптанбайт, ага тышкы факторлор таасир этет, алар: ата эненин тарбиясы, курбу-курдаштар, мугалимдер ж.б.

Коомдук маданият - эл ичинде көп жылдар бою калыптанган өзүн-өзү алып жүрүү факторлору. Бул жерге болгон иш-чараларды, архитектураны, живопись жана башакалар кирет.

Кайсы бир конкреттүү багыттагы маданият - бул кайсы бир конкреттүү кырдаалдагы өзүн-өзү алып жүрүү маданияты. Мисалы, кеп маданияты дегенди көп учурда укса болот. Бул фразаны төмөнкүдөй интерпретация кылса болот: Адамдын сүйлөө манерасы, башка адамдар менен канчалык сүйлөшө билүүсү.

Окумуштуулардын көз карашы менен - "маданият деген эмне"

Негизги милдети маданиятты изилдөө болгон абдан көп илимдер бар. Мисалы, Философия илиминде этика аталган өзүнчө багыт бар, ал нравалык жана морал түшүнүктөрү менен бирге маданиятты изилдейт. Этнограф окумуштуулардын ою боюнча, маданият - бул кылымдар бою калыптанган жан-дүйнө этносунун өндүрүш жана коомдук тарматагы жетишкендиктери. Конкреттүү коомдун мүчөлөрү кандай моралдык принциптерге ээ, өзүнүн жана башка элдин мүчөлөрү менен кандай мамиле түзүшөт, дал ушул нерсе маданиятты аныктайт.

Маданият байыркы ойчулдардын ою боюнча

Байыркы дүйнөдө "маданият" деген сөз бир нече мааниге ээ болчу:

-Айыл-чарба маданияты. Болгон каражаттарды эл канчалык жакшы колдонот.

-Нравалык маданият. Бул өзүн төмөнкүдөй түшүнүктөрдү камтыйт: билим алуу, тарбия, жеке өнүгүү жана башка.

-Жан-дүйнө маданияты. Маданияттын бул түрү өзүн-өзү өнүктүрүүгө, өзүн-өзү таанып билүүгө жана өзүнүн ички сапаттарын жакшыртууга умтулган адамдарды аныктайт.

Маданияттын көп кырдуулугу

"Маданият деген эмне" суроосуна бир маанилүү жооп берүү мүмкүн эмес. Маданият жөнүндө социологдор, культурологдор, психологдор жана башка көптөгөн адистер ой-толгоо кылышат, жана булардын ар бирине маданият деген сөз ар башканы билдирет. Негизи энциклопедияда маданият - адам ишинин мүнөздөмөсү деп жазылат. Бул аныктама көп адамдарга жага бербейт болушу керек, кичине болсо да көркөм жана элеганттуу аныктама бир монологдо айтылат. Ал мындай - маданият биздин кылган ишибизди, өсүп келе жаткан муундун жүрөгүндөгү жана жан-дүйнөсүндөгү изибизди ченеген.

Ушундай ар түрдүү маданият, маданият бул...

-Кептин жана жазуунун сабаттуулугу

-Азык-түлүк алынуучу өстүрүлүп жаткан өсүмдүктөр

-Адептүүлүк

-Тиричиликке, дүйнөгө, айланага көз караш

Дал ушул акыркы пунктту биз мектепте окуйбуз. Ал жакта маданият дүйнөгө болгон көз караштар жыйындысы катары, адамдар жакшы деп эсептеген нерсе окутулат. Маданиятка фолклордук чыгармаларды (ырлар, тамсилдер, жомоктор, лакаптар) кирет, адабий чыгармалар (ыр саптары, поэмлар, аңгемелер, эпостор), драматикалык чыгармалар (пьесалар ж.б.), кинематография чыгармалары (көркөм, документалдуу фильмдер ж.б.), диний ырым-жырымдар жана башкалар кирет.

Маданияттагы өзгөрүүлөр жана алардын себептери

Маданият өзгөрүүлөрүнүн факторолору:

-Жаратылыш ресурстары;

-Маданий өзгөчөлүктөрдүн жана комплекстердин кезигүүсүндө (маданияттардын кезигүүсү) бир коомдон экинчи коомго өз ара киришүүсү же алмашуусу;

-Технология - үңкүрдө жашаган адамдар таш бетине сүрөт тартчу, азыркы технология болсо кино тартканга мүмкүндүк берет;

-Социалдык институттар жана уюмдар (булар адамдардын жан-дүйнө баалуулуктарына таасир этет);

-Баалуулук-маанилүүлүк - мисал катары модернизм жана реализмди алалы, реализм мезгилинде түз маани бааланчу, анткени маданият жөнөкөй адамдарга багытталган эле, ал эми модернизм болсо көрүүчүгө тарыхты өзү ойлоп чыгууга мүмкүндүк берген.

-Рационалдык-маалымат берүүчү - Адамдар дүйнөнү көбүрөөк биле баштаганда маданияттагы диндин ролун байкаса болот.

Маданияттагы өзгөрүүлөрдү доор менен байланыштырат: алгачкы маданият, байыркы дүйнө маданияты, орто кылым маданияты, ренессанс жана жаңы мезгил маданияттары. Бардык баскычтарга өзүнүн белгилүү бир өзгөчөлүк мүнөздүү, алар жөнүндө чексиз кеп кылса болот. "Маданият деген эмне" аттуу кыскача маалыматыбыз ушундай, көрүшкөнчө достор.

Комментариев: 1 RSS

1 Элзада 12-10-2017 16:19

Абдан жакшы, маалыматтуу макала экен, рахмат

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)