Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Материалдык маданият

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Материалдык маданият

Көчмөндүк турмушту атамзамандан башынан кечирген кыргыздардын "материалдык маданият" тарыхы өтө бай жана эң байыркы болуп эсептелет.

Жашоо шартына ылайыкташып жасаган боз үйлөрү, кийген кийимдери, тамак-ашы, оокат-тиричилиги жана алыс сапарга жолоочулугу, мал-жан менен мамилелери ж.б. толгон турмушу ошол элдин тарыхый өнүгүшүн, рухий дүйнөсүн көрсөтүп турат. Далай мезгилди, жерди жана узак жолду басып, көчмөндүк жашоону кечирген кыргыздардын материалдык маданиятына башка конушуна, боордош уруулардын, элдердин жана өлкөлөрдүн таасири тийгендиги байкалат. Кыргыздардын "материалдык маданият" тарыхы үй-жай жасоо жана жасалгалоодогу, кийим, үй тиричилик буюмдарындагы, тамак-аш даярдоодогу, ошондой эле жөрөлгө-салттары менен рухий маданиятынын башка көрүнүштөрүндөгү жакынкы мезгилге чейин сакталып келген өзгөчөлүктөр алтай, хакас, тыва, (тува), казак ж.б. кээ бир элдерде учурайт.



Бул алардын маданиятынын окшоштуктарына жана өз ара карым-катышта болгонун ырастайт. Энесай доорундагы кыргыздар менен Ала-Тоодогу жашаган кыргыздардын материалдык маданияты ар түрдүү өнүккөнүн жана өзгөчөлүгүн археолог окумуштуулардын, маданият изилдөөчүлөрдүн эмгегинен дайын болгон. Азыркы күндө да Кыргызстандын Түштүк жана Түндүк тарабында, Памирдеги, Кызыл Суудагы, Алтайдагы жашаган кыргыздардын материалдык маданияты ар түрдүү экендиги, өзгөчө айырмачылыгы бардыгы көрүнүп турат. Айрыкча, кыргыздардын эзелки материалдык маданияты жөнүндөгү кабарлар байыркы Кытай жазмаларында көп жолу эскерилет.



Ошондой эле XIX-XX кылымдардагы кыргыздардын турмушун, "материалдык маданият" ар түркүн көрүнүшүн жана пайдаланышын орус жана батыш саякатчылары, изилдөөчүлөрү басма сөзгө баалуу далилдерди калтырышты.

Жайгаштыруу: 2017-08-23, Көрүүлөр: 14334, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо