Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз тоолору (ыр)

Баш барак | Адабият | Кыргыз тоолору (ыр)
Кыргыз тоолору (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата9—10-ноябрь, 1946-жыл
Жазылган жериЧолпон-Ата шаары

Тоого тоолор курамалап, курашып,
Узун тартып, уламалап, улашып,
Алда кайда кебез тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.

Кара зоолор ар кай жерде каркайып,
Катмарлашып, калың тартып заңкайып.
Алмаз сындуу көккө тийген миздери,
Арстандын азуусундай арсайып.

Мөңгү кетпей чокулары жалтырап,
Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап,
Ар жагынан бер жагына куш эмес,
Араң гана бороон өтөт калтырап.

Жаз келерде эң биринчи жаз конуп,
Кыш болордо эң биринчи кыш тоңуп.
Ай ааламга ай тие элек кезинде
Эң биринчи ай жамынып ак болуп.

Түн болордо эң кийинки түндү алып,
Түз жерлерден кийин кетип мунарык
Дүйнө жүзү көзүн ача электе
Эң биринчи күндү тосуп кызарып.

Кыргыз тоосу Советстан тоолору,
Мындай кыйын кымбат тоолор болорбу,
Бүркүп салат бороонуна аралаш
Улуу өлкөгө уурданган жоолорду.

Кыргыз тоосу, элдин сүйгөн тоолору,
Мындай сонун асыл тоолор болорбу,
Асман тиреп, жеңе билет ар качан,
Өлкөбүзгө кас санаган жоолорду.

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм,
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

Жайгаштыруу: 2024-03-20, Көрүүлөр: 69, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу