Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коштошуу (ыр)

Баш барак | Адабият | Коштошуу (ыр)
Коштошуу (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата29-ноябрь, 1946-жыл
ЖериЧолпон-Ата

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы,
Алыс сапар, кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек сүйгөн жардын көз жашы.
Жолтоо кылып, кош дегенди угузбай
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата эненин көз жашы.
Эгер «кел!» деп ата мекен чакырса,
«Аманбыдан» «кош» деп айткан сөз жакшы.

Жайгаштыруу: 2024-03-20, Көрүүлөр: 62, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу