Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Корнет (музыкалык аспап)

Баш барак | Музыка | Корнет (музыкалык аспап)

Корнет (немисче Kornett), корнет-а-пистон (французча cornet a pistons — жапкычтары [вентильдери] бар корнет) — помпалык (сейрек — бурма) жапкычтары (поршендери) бар жез үйлөмө музыкалык аспап. Конструкциясы, түзүмү, диапазону жана ойноо техникасы боюнча түтүк аспабына жакын, бирок, андан жумшагыраак жана негизги түтүгүнүн көп сандаган кайрылыштарынан (корнетте — 4, түтүктө — 2) улам басаңдатылган үнүн менен айырмаланат.

Корнет
Корнет музыкалык аспабынын түзүлүшү
Корнет музыкалык аспабынын түзүлүшү
Диапазонукичи октавадагы Ми — экинчи октавадагы си-бемоль
КлассификацияХорнбостель — Закс системасы, үйлөмө музыкалы аспап, жез үйлөмө музыкалык аспап
Тектеш аспаптарТүтүк

Флейта сымал эски корнет аспабы дагы бар.

Диапазону кичи октавадагы МИден экинчи октавадагы си-бемольго чейин. Реалдуу үнүн чыгышынан өйдө болгон чоң секундага ноталанат (мисалы, кичи октавадагы си-бемоль негизги тоналдуулугу биринчи октавадагы до катары ноталанат). Си-бемоль (in B) жана ля (in A) түзүмдөрүндө колдонулат, ноталар негизинен үнүнүн чыныгы чыгуусунан бир же бир жарым тоналдуулук жогору, ачкыч белгилерсиз жазылат.

Альт, тенор, баритон жана тубалар менен кошо корнет үйлөмө оркестрдин аспаптарынын негизиги тобуна кирип, күү үнүнүн функциясын аткарат. Симфониялык оркестрдагы корнет партиялары түтүктөрдө аткарылат.

Корнет сары жезден жасалган эң кичине үйлөмө аспап, жез аспаптардан жасалуучу башка тектеш аспаптар арасында эң жогорку (же ичке) үнгө ээ.

Тарыхы

XIX кылымда корнеттер түтүк аспабы менен оркестр курамына көп кошулчу. Түтүктөр хроматикалык аспап болгону менен композиторлор буларга соло жана виртуоздук эпизоддорду сейрек ишенип беришчү. Корнет болсо чоң виртуоздук мүмкүнчүлүктөргө жана жумшагыраак тембрга ээ деп саналчу. Ошентсе да, тембрдин назиктиги биринчи гана октавада бар. Төмөнкү регистрда анын тембри караңгы жана коркунучтуу (төмөнкү кларнеттин аралашмасы менен англис мүйүзүнүн тембрине окшошуп кетет), төмөнкү ноталар түтүккө караганда жеңилирээк. Экинчи октавада анын тембри кыйкырыктуу (чыңылдак), фанфарчылыктын уятсыз боёкторуна боёлот. Корнеттер Берлиоздун («Гарольд Италияда» симфониясы), Бизенин («Арлезианка» драмасына музыка), Чайковскийдин («Франческа да Римини» италиялык каприччиосу) оркестрдик чыгармаларында, коркунучтуу чыккан четки регистрлар колдонулган.

Корнетте ойноо учуру, иллюстрация
Корнетте ойноо учуру, иллюстрация

XIX кылымдын экинчи жарымында корнет атактуулукка батып турган кези эле. 1869-жылы корнет классы Париж консерваториясында ачылып, анын негиздөөчүсү жана биринчи профессору атактуу виртуоз-корнетчи Жан-Батист Арбан болгон.

XX кылымда корнеттин түтүктөрүнүн конструкциясынын жана түтүкчүлөрдүн чебердигинин жакшыртылышы чапчандык жана тембр маселесин дээрлик жокко чыгарып, корнеттер оркестрдан жок болуп кеткен. Биздин убакта (XXI кылымда) корнеттердин оркестрлик партиялары эреже катары түтүктөрдө аткарылат, бирок, кээде оригиналдуу аспап дагы пайдаланылат.

Бул аспап свингге чейинки мезгилдеги джаздык ансамбльдарда белгилүү болгон, кийин түтүккө орун бошоткон. Луи Армстронг жана Кинг Оливер белгилүү джаздык корнетчилер болгон.

Атактуу корнетчилер

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2024-04-04, Көрүүлөр: 66, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-08, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу