Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көчөт

Баш барак | Ботаника | Көчөт

Көчөт — багбанчылык, жашылчачылык, мөмөчүлүк, токойчулук, тамекичилик жана башкаларда көчүрүп отургузуу үчүн атайын өстүрүлгөн жаш өсүмдүктөр.

Жалпы маалымат

Башкача айтканда, көчөт — бул уруктан же жаш бутактан өстүрүлүп, туруктуу жерге ортургузууга багытталган жаш дарак, бадал же өсүмдүк түрлөрү. Эреже катары жасалма шарттардагы питомниктерде, күнөсканаларда, парниктерде өстүрүлөт. Тамыр системасы ачык же жабык өстүрүлүшү мүмкүн.

Көчөт

Ачык аянтка отургузулуучу жашылча көчөттөрү күнөсканада же парникте өстүрүлөт. Бадыраң, томат жана башка жашылча көчөттөрүнө электр кубаты менен кошумча жарык берилет. Мындай учурда өсүмдүк 7-15 күн эрте мөмө байлап, түшүмдүүлүгү жогорулайт (мисалы, бадыраңдыкы 15-20%, томаттыкы 20-30%). Эрте жетилүүчү ак жана түстүү капуста, бадыраң, томат, баклажан, калемпир көчөттөрү карапа идишке өстүрүлүп, аларды жабуу үчүн ар кандай плёнкалар (полиэтилен, поливинилхлорид жана башка) колдонулат.

Плёнка менен жабылуучу жайларда көчөт өстүрүүдө температура режимине, абанын нымдуулугуна өзгөчө көңүл буруу керек. Өсүмдүктү көчөтүнөн өстүрүү анын ачык аянттагы вегетация мөөнөтүн кыскартат; вегетация мезгили узак, баалуу сорттогу өсүмдүктөрдү жайы кыска аймактарда өстүрүүгө, эрте түшүм алууга жана башка мүмкүндүк берет. Жакшы көчөт өстүрүү үчүн топурактын таза болушу, илдет менен зыянкечтерге каршы дары чачуу, имараттын жакшы желдетилиши, жер семирткичтердин берилиши, абанын өтө нымдуу болушу зарыл.

Көчөт тигүү — парник, күнөскана же питомникте өстүрүлгөн жаш өсүмдүктөрдү туруктуу жайга (аянт, бак, токой жана башка) отургузуу (тигүү).

Көчөттөрдү көбөйтүү ыкмалары

Вегетативдик көбөйтүү

Жаңы организмдин уруктарынан эмес, энелик өсүмдүктүн бөлүктөрүнөн калыптандырууну билдирген жыныссыз көбөйүү. Вегетативдик көбөйүүнүн негизинде анын (организмдин) регенерацияга, жоготулган же зыянга учураган бөлүктөрүнүн калыбына келүүгө мүмкүндүгү, ошондой эле, өзүнчө бөлүкчөлөрдөн бүтүн өсүмдүктүн өсүп чыгуусу жатат. Кыйыштыруу дагы вегетативдик көбөйүүгө кирет.

Генеративдик көбөйүү

Үрөн, уруктар менен көбөйүү. Уруктар менен көбөйүүнүн артыкчылыгы — анын көптөгөн вирустар жана грибоктордон корголгондугунда. Бирок, көбөйүү өзү энелик өсүмдүктүн сорттук мүнөздөмөлөрүн толук бербейт.

Жайгаштыруу: 2024-02-07, Көрүүлөр: 354, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу