Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кайыңды (ыр)

Баш барак | Адабият | Кайыңды (ыр)
Кайыңды (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата5-февраль, 1945-жыл
ЖериКойсары

Калды, калды Кайыңды айлым ыраактап,
Мен калтардай алыс кеттим кылактап.
Мүрү түшкөн жетим куштун канатын
Айыктырган сууларыңа ыракмат.

Кеткен жолум, күндүк эмес айчылык,
Ошондуктан бир барбадым кайрылып.
Чолоо тийбей, боорум, калам экөөбүз
Өскөн айыл, тууган жерден айныдык.

Же эр болбой, сан жигитти башкарып,
Же мен болбой, күйгөн оттой таш каарып,
Баркын билбей, жаным, калам экөөбүз
Бир боор эже, агаларды таштадык.

Неге унуттум ууз таза күндөрдү,
Кылтак менен кыргый тутуп күлгөндү,
Эне-атадан, тууган, достон иши жок
Таштан белем Алыкулдун жүрөгү.

Жок туура эмес, кайда барсам–айлым бар,
Мага эне–казак, кыргыз, орустар.
Ким өмүрдө, кан кечишсе биз менен,
Ошол болот мага курдаш, мага жар.

Эстейм сени, Кайыңды айлым сагынам,
Барбайм сага, сагынганда не кылам.
Бул турмушта мен атылган күлүк ок,
Деңиз, дайра, тоодон өтүп жарылам.

Учам алыс, арышым бек чоюлбайт,
Такам болот, тамандарым оюлбайт.
Тирүү жаным буюрбаган сыяктуу
Мен өлгөндө сөөгүм сага коюлбайт.

Жайгаштыруу: 2024-03-20, Көрүүлөр: 40, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу