Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Электрондук музыкалык аспаптар

Баш барак | Музыка | Электрондук музыкалык аспаптар

Электрондук музыкалык аспаптар (ЭМА) — үндү генерациялоо үчүн (анын ичинде сентездоо үчүн дагы), түрдүү электрондук схемаларды, алгоритмдерди колдонгон аспаптар. Мындай аспаптар, электрлик жана электрондук же аналогдук аудио белгилердин (сигналдардын) жардамы менен үндүн бийиктигин, катуулугун, жыштыгын же ар бир генерациялануучу кесиндини өзгөртө алат.

Мазмуну

Иштөө негизи

Интерактивдүү бөлүкчөлөрдү камтыган электрондук музыкалык аспапта колдонуучулук интерфейс менен аракеттенүүдө, электрондук схемалардан турган (генераторлор, модуляторлор, чыпкалар ж. б.) электр чынжырына белги жөнөтүлөт. Муну электр белгиси чыгуучу жеринде үндүн электр белгиси калыптанып, ал күчөткүчкө берилет, ал эми күчөткүчтөн динамиктер аркылуу даяр үндөр чыгат.

Электрондук музыкалык аспаптарды электр механикалык аспаптардан айырмалоо абзель. Электр механикалык музыкалык аспаптарда үн механикалык жол менен жаралат, андан кийин, үн алгычтын жардамы менен электр белгисине айландырылат. Мисалы, электрогитарада кылдарын черткенде үн пайда болуп, бирок гитаранын өзүнөн үнү колдонулбайт. Кылдардын термелүүсү үн алгычта белгинин пайда болуусуна алып келет, андан кийин бул белги ар кандай үн эффектилери менен иштелиши мүмкүн (мисалы, дисторшн, фузз), а бул үндүн алгачкы тембрын кыйла өзгөртөт.

Бардык электрондук жана электр механикалуу музыкалык аспаптар үн белгилерин (сигналдарын) иштеткен көптөгөн түзүлүштөргө кирет. Ошону менен бирге, кээ бир музыкалык аспаптар электр механикалык аспаптарда ойноодо, кээде бир гана үн эффектилерин алуу үчүн колдонулат.

Тарыхы

Биринчи электрондук музыкалык аспапты 1901-жылы Тадэус Кэхилл ойлоп чыгарган. Аспаптын салмагы 7 тонна болуп, телармониум (англисче Telharmonium) аталышында болгон. Электр генераторлору жана тоналдык дөңгөлөктөрдүн негизинде жасалган телармониум татаал клавиатуранын жардамы менен ар кандай ноталарды чыгарган, аспаптын трансляциясын шаардык телефон аркылуу угууга мүмкүн эле.

Үндү генерациялоо үчүн регенеративдүү радио кабылдагычтын ышкырыктарын колдонушкан (мисалы Бронштейн «электроласы», 1928).

Кийинчерээк, франциялык Эдгар Варез (композитор жана инженер) электрондук валторналар, флейталар жана магниттик тасманын жардамы менен бир нече композицияларды түзгөн. Алардын бири, «Poeme electronique», 1958-жылы Брюссель жарманкесинде, Филипс павильону үчүн жазылган.

Заманбап аспаптар

Учурда (2023), электрондук музыкалык аспаптар музыканын заманбап багыттарында кеңири колдонулат. Улам жаңы жана жакшырган музыкалык аспаптардын өнүгүүсү активдүү жүрүп, изилдөөнүн дисциплинардык чөйчөсү саналат.

Көптөгөн электрондук музыкалык аспаптардын арасында кийинкилерди белгилөөгө болот:

Белгилүү өндүрүүчүлөр

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-06-23, Көрүүлөр: 342, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу