Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ашказан оорусу

"Ашказан оорусу" пайда болгондо, чоң ролду туура тамактануу ээлейт. Туура эмес тамактануу көп учурда ашказан ооруларына алып келет. Ашказан ооруларын кантип алдын алуу керек? Бул жөнүндө ылдый жакка шилтеме беребиз. Ал эми ашказан ооруларынын түрлөрү кандай? Келгиле аларды алгач билип алалы.

Гастрит
Качан кеп ашказандын былжыр челиндеги сезгенүү жана же дистрофиялык (органдардын, ткандардын бузулуусу) өзгөрүүлөр жөнүндө болгондо, гастрит деген түшүнүк колдонулат. Бул оору полиэтиологиялык (көп себептүү) оору, анткени ал көптөгөн экзогендик (тышкы чөйрө таасиринин натыйжасында пайда болуучу) жана эндогендик (ички чөйрө таасиринин натыйжасында пайда болуучу) факторлордун натыйжасында өөрчүйт. Эндогендик (тышкы) факторлор жөнүндө айтсак, биринчиден булар тамактануудагы мүчүлүштүктөр, инфекциялык оорулар, ошондой эле азыктагы уулуу (токсикалык) инфекциялар. Белгилүү болгондой ар кандай татымалдар, алкоголдук ичимдиктер, өтө ысык тамак, кээ бир даарылар, чала чайналган тамак, ошондой эле кургак тамактануу адаты ашказандын былжыр челин дүүлүктүрөт. Өнөкөт гастритке мезгил-мезгили менен оорунун кармап калуусу мүнөздүү. Гастриттин негиз түзүүчү фактору катары эндокриндик системанын жана нерв системасынын иштөөсүнүн бузулушу.

Гастриттин биринчи белгилери:

Гастрит төмөнкүлөрдөн курч мүнөзгө өтүп кетиши мүмкүн:

Өнөкөт гастриттин белгилери:

[ushka=seredina]

Ашказан жарасы
Ашказан жарасы бул өнөкөт оору, мында ашказандын жана он эки эли ичегинин былжыр чели бузулуп, жаралар жана эрозиялар пайда болот. Былжыр чел ашказан ширесине каршылык көрсөтө албай калганда оору өөрчүйт. Бул патологиялык процесстин негизинде кан-тамырдын бузулуусу, ашказан дубалынын трофикалык өзгөрүүлөрү, интоксикация, ошондой эле нерв жана эндокриндик өзгөрүүлөр жатат. Бирок медицинанын акыркы жетишкендиктери ашказан жарасынын себеби Helicobacter pylori аттуу инфекциялык агент деп айтышат. Бул бактерия ашказандын ширесинин өтө кычкыл аймагында да жашай алгандай болдуп көнүп алган, ал эми анын ашказанда болуусунун натыйжасы ашказандын ички эпителиалдык катмарын бузулуусуна алып келет. Ашказан жарасынын пайда болуу себептери: Айтылгандай эле Helicobacter pylori бактериясынын ашказанда болуусу, тукум куучулук, туура эмес тамактануу, стресс абалга көп кабыл болуу, өнөкөт гастриттин же доудиниттин болуусу, алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана насвай чегүү, кээ бир дарыларды көп кабыл алуу (аспирин, ибупрофен, диклофенак ж.б.)

Ашказан жарасынын белгилери:

Мындан башка дагы көптөгөн белгилери бар, алар ашказан жарасынын түрлөрүнө жараша болот. Мисал катары айта кетсек, ашказандын ачыштыруусу, сайгылаштыруусу жана башка ушул сыяктуулар.

Ашказандын курч атония оорусу
Бул патологиялык абал ашказандын булчуңдарынын жана дубалдарынын жаракатка учуроосу, тытылышы, кесилишинын натыйжасында кеңейүүсү менен шартталат. Бул оору ашказандын булчуңдарынын иннервациясынын (нерв клеткаларынын көп болуусу) же рефлектордун булузушунда өөрчүп кетет. Бул оору сейрек кездешет дагы, инфаркт миокарда, пневмония, перитонит, стеноз привратника, ашказан тамырларынын тромбозу, инфекциялык процесстер (мисалы, бюршной тиф) жана башка ооруга чалдыкканда кезигет. Атония болгондо ашказан оорлоп же ал толуп кеткендей сезимдер пайда болот, ошондой эле сезимдер эпигастралдык аймакта (жүрөктүн асты жагы) байкалат. Кээ бир учурларда оорутат.

Дүүлүккөн (сезгенген) ашказан
Функционалдык ашказан гиперсекрециясы (же дүүлүккөн ашказан) - бул ашказан ширесинин көп бөлүнүп чыгуусу, жана көп учурда ашказан кычкылдуулугунун жогорулашы менен коштолот. Ашказан ширесинин көп өлчөмдө бөлүнүп чыгуусуна ар кандай татымалдар, алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана насвай чегүү, белок-көмүртектүү тамактануу, ошондой эле психо-эмоциялык бузулуулар өбөлгө болот. Негизи, дүүлүккөн ашказан оорусу белгисиз өтөт. Кээ бир учурларда привратниктин рефлектордук тырышуусунан эпигастралдык аймак оорутат (жүрөктүн ылдый жагы). Кошумча мындай оору менен жабыркаган адамдар зарна болот, сейрек учурларда кычкыл ашказан ширесин кусуу менен белгиленет.

Ашказан пневматозу
Ашказандын пневматозу болгондо, ашказандагы абанын көбөйүүсү белгиленет. Бул оору ашказандын органикалык жабыркоосунун натыйжасында өөрчүйт, бирок көп учурда жогорку нерв системанын ишинин бузулуу фонунда пайда болот. Пневматоз болгондо эпигастралдык аймакта (жүрөктүн ылдый жагы) оорлонуу, кысылуу жана ал жер толуп кеткендей сезимдер болот. Тез-тез жана катуу кекирүүлөр белгиленет. Кекирүү ушунчалык катуу болгондуктан, мындай оору менен ооруган адамдар коомдук жайлардан өзүн алыс алып жүргөнгө аракет кылат. Пневматоз менен ооруганда ашказанда чоң өлчөмдөгү газ шарлары пайда болот, аны ренгенологиялык изилдөөдө көрсө болот.

Ашказан уулануулары
Ашказан уулануулары - таза эмес, чирип бараткан азыктарды кабыл алганда кармайт. Оору чакыруучу бактериялар тамак сиңирүү органдарына кирип аларды жабыркатат. Натыйжада адам кускусу келет, башы айланат, шалдырайт, ичи өтөт.

Сальмонеллёз
Курч инфекциялык оору. Ал организмге сальмонелл түрүндөгү бактериялар кирип кеткенде күчөйт. Негизги булактары: эт, эт өндүрүмдөрү, сүт жана сүт өндүрүмдөрү, жумуртка жана башкалар. Эгер сальмонелла бактериялары бар азык-түлүк организмге кирип кетсе тамак сиңирүү органдарын толугу менен жабыркатат дагы адам оор ууланууга чалдыгат.

Ботулизм
Ботулизм - курч инфекциялык оору. Ботулизм таякчаларынын организмге кирип кетүүсү менен адамды ооруга чалдыктырат. Ал таякчалар күчтүү ууларды (токсиндерди) бөлүп чыгарып, адамдын өлүмүнө алып келиши толук ыктымал. Негизги булактары: консерваланган азыктар, начар жуулган жана чирип бараткан азык-түлүктөр.

Ашказан ооруларын алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоо маанилүү: колдуу тамактануу алдында таза жуу, жуулган жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди гана кабыл алуу, азыктардын үстүнө ар кандай чымын-чиркейлер, чаң-чуңдар туруп калбоо үчүн үстүн жаап кармоо, чийки сууну ичпөө жана башка ушул сыяктуулар.

Алкогол, тамеки, насвай дегендер жөнүндө айтсак, спирт ичимдиктери тамак сиңирүү органдарынын бардыгына бирдей зыяндуу. Арак былжыр челди дүүлүктүрүп, ашказан кан-тамырларынын тез-тез жыйрылуусуна алып келип, ашказан жарасы жана рак оорусунун өөрчүшүнө шарт түзөт. Аракеч адамдардын ашказан алдындагы без жана боорунун клеткалары көп учурда кайра жаралып (цирроз оорусу), ал адамдын өлүмүнө алып келет.

Тамеки болсо ашказандагы кычкылдуулукту өтө тез көбөйтүп, кайра эле ашказан жарасына алып келет, андан тышкары тамекинин түтүнүндөгү уулу заттар ашказандын дубалдарына жабышып калат дагы алар кошумча жабыркатууга жардамчы болушат.

Насвай - бул жөнүндө интернет тармагында дагы, теле көрсөтүүдө дагы өтө аз маалымат берилет. Насвай ашказанга тамекиден эки эсе көп зыян алып келет, анткени насвай аткан адамдын шилекейи аркылуу ашказанга эң жаман бактериялар, уулу заттар, шелочтор күнүнө адам канча жолу насвай атса ошончо жолу ашказанга кирип турат(эң аз атуу күнүнө 6-7 жолу - такталган стат маалымат).

Тамактанып жатканда аз-аздан жеп, майда чайноо зарыл. Тамак ар түрдүү болуусу шарт. Достор бул жөнүдө силерге арналган "Ашказан оорусун алдын алуу" аттуу макалабызга толурураак жазганбыз, шашпай ошол жактан окуңуз. Ал эми "Ашказан оорусу" жонундогу макалабыз болсо аягына чыкты.

Даярдаган: Саулешка
Көмөктөшкөндөр: Бишкек шаардык поликлиникасынын дарыгерлери Деркембаева А., Алакүчүков Б., Эгербердиев М., Жанжигитова М.

Жайгаштыруу: 2018-06-25, Көрүүлөр: 39086, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-06-25
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо