Ашказан оорусун алдын алуу

Адам ооруганда, бейтапканага барып, анализ тапшырып, көп саатык кезекте туруп, толтура даарыларды сатып алып, аны узак убакытка чейин ичүүгө туура келет. Ашказан ооруганда же тамак синируу органдарынын жарыркашы айтылган оорчулуктарды алып келет, ошондуктан ашказан оорусун алдын алуу көптөгөн түйшүктөрдү жеңилдетет.

Ичеги карын ооруларын алдын алуу жонундо айтып берели. Бул жонокой кенештер жана сунуштар жашына карабастан көптөгөн адамдарга, оорулардан алыс болууга жардам берет.

Мазмуну:

  • Профилактикалык ыкмалардын комплекси;
  • Рационалдуу тамактануу;
  • Зыяндуу адаттардан баш тартуу;
  • Дарыларды жана медициналык процедураларды байкап кабыл алуу;
  • Психикалык гармония;
  • Ашыкча салмак менен күрөшүү;
  • Дарыгерлерге өз убагында кайрылуу;
  • Кайсы дарыгерге кайрылуу керек;

Профилактикалык ыкмалардын комплекси
Тилекке каршы, көп адамдар сергек жашоо образынын элементардуу эрежелерин дагы сактабайт: туура жана өз убагында тамактануу, дарыгерлер жазып берге гана дарыларды кабыл алуу, арак, тамеки, насвай дегендерди жоготуу ж.б. Ошону менен катар бул эрежелерди сактоо көптөгөн оорулардын өөрчүп кетүүсүнөн сактайт, анын ичинде ашказан оорулары дагы. Мындай профилактикалык ыкмалар төмөнкүлөрдү камтышы зарыл: туура тамактануу, жаман адаттардан баш тартуу, дарыларды жана медициналык процедураларды абайлап алуу, психикалык комфорт, ашыкча салмактан арылуу, дарыгерлерге убагында кайрылуу.

Туура тамактануу
Барынаар эле билсенер керек, ичеги-карындардын ден-соолугу адамдын тамактануу мүнөзү менен бекем байланышта экенин. Күнүмдүк тамактануунун бардык нюанстары мааниге ээ: тамактануу режими, тамактын көлөмү, азыктардын топтому, кулинариялык жактан ашты иштетүү ж. б. Ашказан ооруларын алдын алуу үчүн деги эле ичеги-карын ооруларынан алыс болуу үчүн дарыгерлер жана адистер төмөнкүдөй кенештерди беришет:

  • Тамактануу режимин иретке келтирүү (дайыма бир убакта тамактануу тамак синируу ширесин бөлүп чыгаруу процессин жана органдардын кыймыл активдүүлүгүн бирдей кылат);
  • Лыкыйып тоюп албай, майда порциялар менен тез-тез тамактануу. Күнүнө 4 жолудан кем эмес, бирок бир кабыл ала турган тамактын көлөмү эки алаканга баткандай гана өлчөмдө болушу керек. Ал эми суткалык энергетикалык баалуулугу мындайча бөлүштүрүлүшү зарыл: таңкы тамак 25%, 15-20% экинчи таңкы тамак (полдник), 30-35% түшкү тамак жана 20-25% кечки тамак;
  • Кургак тамактануудан алыс болуу. Суюктуктун жетишсиздиги ичтин катышына, өттүн коюуу болушуна, ашказандын кыймыл-аракет ишинин бузулушуна түрткү болот.
  • Өтө ысык же өтө муздак тамакты жебеш керек. Мындай тамак ашказандын деги эле ичеги-карын системасынын сезимтел келген былжыр челин дүүлүктүрүп, жабыркатат.
  • Тамакка начар ээрий турган малдын майларын кошууну азайтуу же чектөө. Майлуу эт, майлуу сүт азыктары, кондитердик кремдер ж.б. Булар кызыл өңгөч жана ашказан, ашказан жана он эки эли ичеги ортосундагы клапандарды бошотуп, ашказандын кыймыл функцияларын начарлантат, өттүн жыйырылуусун алсыздандырат, ичеги-карын моторикасын күчөтөт, боордун жана ашказан астындагы бездин ткандарында майдын чогулуусуна өбөлгө болот. Ал эми мындай май менен тамакты кууруганда ал потенциалдуу канцерогендерге (рак оорусун пайда кылуучу зат, рак оорусу кантип пайда болот) айланат;
  • Углеводдордон алыс болуу (таттуулар, май токочтор, ак нан ж.б.), булар зарнага, ич катууга, ашыкча газ чогулууга, ал гана эмес ашказан алдындагы бездин чыңалуусуна алып келиши мүмкүн;
  • Эфир майлары бар азыктарды (турп, капуста, сарымсак, жашыл жана баш пияз, редис, брюква, горчица, хрен ж.б.) жана ачуу тамактарды көп колдонбоо керек. Булар тамак сиңирүүчү ширенин бөлүнүп чыгуусун күчөтүп, дайыма кабыл алганда кызыл өңгөч, ашказан, ашказан безинин, он эки эли ичегинин ооруларына алып келет;
  • Ышталган, сүрсүтүлгөн азыктарды абайлап колдонуу. Буларды ыштаганда же сүрсүткөндө канцерогендер пайда болот. Ошондой эле химиялык консерванттар, боектор, стабилизаторлор кошулган азыктарды дагы байкап колдонуу керек. Анткени, андайлар ичеги-карын микрофлорасынын, боор клеткаларынын, ичегилердин бардык былжыр челинин зыянга учуратат, бузат;
  • Өт суусун калыптандыруучу жана бөлүп чыгаруучу, ичегинин кыймылын күчөтүүчү, ичегилердин клеткаларын сактоочу өсүмдүк майларын гана колдонуу жакшы;
  • Клетчаткага бай азыктарды кабыл алууну унутоо керек, алар ич катканга жардам берип, пайдалуу ичеги флорасынын көбөйүүсүнө көмөктөшүп, өттүн химиялык составын жакшыртат, холестерин алмашуу процессин нормалдаштырат, организмдеги токсиндерди, радиоактивдүү кошулмаларды, канцерогендерди, пестициддерди айдайт;
  • Кычкыл сүт азыктарын колдонгула. Алар: айран, быштак, кымыз, каймак, ацидофилин ж.б. Бул азыктар боордун токсиндерге туруктуулугун жакшыртып, ичегидеги чирүү процесстерин басаңдатат, ичеги моторикасын жакшыртат. Жаңы (свежий) кефир ич катууну жок кылат, ал эми 3 күн туруп калган кефир огош бетер ичти катырат;
  • Күнүмдүк рационго балык эмес деңиз азыктарын колдон келсе кошкула, булар тамак-аш йоддун, май алмашууну жакшыртуучу сиңимдүү белоктун эң жакшы булактары. Айтылган зат алмашуулар бузулса, ашказан алдындагы безди, боорду май басып, өт коюланып, рефлюкс-эзофагитам оорусуна алып келиши мүмкүн.

Жаман адаттардан баш тартуу
Алкоголдун зыян экенин баарынар эле билсенер керек. Анын курамындагы этил спирти организмдеги процесстердин көбүнө өтө начар таасир этет дагы төмөнкүдөй органдарды жабыркатат:

  • Алгогол боорду жана ашказан алдындагы безди уулантып, алардын дистрофиялык (ткандардын жана органдардын бузулуусу) өзгөрүүлөргө алып келет. Гепатит, панкреатит, цирроз деген оорулар ушундан улам пайда болот;
  • Ашказан алдындагы бездин бөлүп чыгарган ширесинин химиялык курамын өзгөртүүгө алып келет. Ашказан ширеси өтө коюуу болуп, панкреатиттик агымдарда бөтөнчө бүтөлүүлөр пайда болот, шире агымдары бузулат дагы, ал панкреатитке алып келет;
  • Кызыл өңгөчтүн, ашказандын, ичегинин былжыр челин жабыркатат;
  • Май алмашууну бузат дагы, боордун май жаралуусун оор абалга алып келет;
  • Шишүү же шишик пайда болуу процесстерине алып келет;

Бирок бардык алкоголдук ичимдиктерге катуу тыюуу салуу дагы болбойт. Олуттуу статистикалык маалыматтарга таянган дүйнөлүк медицина, жумасына эркектерге 21 алкоголдук бирдик, аялдарга 14 алкоголдук бирдик кабыл алуу болот деп айтышат. 1 бирдик 125мл вино же 25мл арак, же 250мл сырага барабар. "Аа ичимдик иче берсе болот экен" - деп жыргап кеткендер чыгаар. Андай эмес достор. Бул норманы дароо баарын ичип алуу таптакыр болбойт, аны 1 жумага өтө тактык менен бөлүү керек. Эгер кичине эле 1-5мл ашып кетсе, ал ден-соолукка эки эсе зыян алып келет - деп жазышат. Ошондо күнүнө канча деп сурагандар чыгаар. Бул суроонун жообу эң эле оңой: вино күнүнө - 17мл (эртең менен - 5.6мл, түштө - 5.6мл, кечинде 5.6мл), арак күнүнө - 3мл (эртең менен - 1мл, түштө - 1мл, кечинде 1мл), сыра күнүнө - 35мл (эртең менен - 11.6мл, түштө - 11.6мл, кечинде 11.6мл). Үчөөнү кошуп ичүү дагы болбойт, үчөөнүн бирөөсүн гана. Эми мындай достор, ушунча кенедей алкогол ичимдигин күн сайын тамчыдан эсептеп ичкенден көрө, таптакыр ичпей эле койгон жакшы. Анткени, бул өлчөмдөр, мындайча айтканда "тиштин арасында эле калат", ден-соолук болсо табылбайт.

Арактан кем калбаган жаман адат - тамеки. Дал ушул тамеки тартуу гастроэзофагеалдык рефлюкстук оорунун себепкери, тамеки ашказан жарасын жана эрозиянын айыгуусун өтө жай кылат. Көп учурда тескерисинче күчөтөт. Ашказан, ашказан алдындагы бездин, кызыл өңгөчтүн рагын күчөтөт жана мүмкүндүгүн көбөйтөт. Крона оорусуна алып келет. Эске салып кетели достор, макалабыздын аты "ашказан ооруларын алдын алуу" болгондуктан, азыр биз жаман адаттардын ашказанга жана ичегиге тийгизген зыяндарын гана жазып жатабыз. Булар башка органдарга дагы олуттуу таасир этет. Бул жөнүндө биздин "тамеки чегүү", "аракечтик", "онокот аракечтик" аттуу макалаларыбыздан толук билип алсаныз болот.

Дарыларды жана медициналык процедураларды байкап кабыл алуу
Дары-дармектерди көзөмөлсүз кабыл алуу тамак-сиңирүү органдары жактан олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Тилекке каршы мадициналык маалыматтын жеткиликтүү болсо дагы дайыма эле туура медициналык сабаттуулукка алып келбейт. Анткени, көпчүлүк адамдар, маалыматты теле көрсөтүүлөрдөн, радио уктуруулардан, ошол эле интернеттен туура эмес алышат дагы адистин жардамы жок, өз алдынча даарыланып киришет (элементардык анализ дагы тапшырбастан). Мындай өзүн-өзү билүү, абдан жаман натыйжаларга алып келет. Таблеткалар, капсулалар, күкүмдөр, клизмалар, тундурмалар зыянсыз боло бербейт. Булар төмөнкүдөй оорулардын себеби болушу мүмкүн:

  • Ашказандын же он эки эли ичегинин курч жаралары жана эрозиялары (гормондор, ооруну басандаткычтар, сезгенүүгө каршы каражаттар), кээде булар кан агууга да алып келет;
  • Кызыл өңгөчтүн сезгенүүсү (кальций жана калий каражаттары, нитраттар, кан басымды төмөндөтүүчү каражаттар, антидепрессанттар, антибиотиктер жана башкалар);
  • Дары-дармектен пайда болгон гепатит (гормоналдык контрацептивдерди, анаболиктерди, шишикке каршы каражаттарды, сульфаниламид, сезгенүүгө каршы каражаттар, антибиотиктер, кан басымды төмөндөтүүчү дарылар, статиндер жана башкаларды кабыл алганда пайда болот);
  • Ичеги дисбактериозу көбүнчө антибиотиктерди, ичти жумшартуучу дарыларды, психотроптук каражаттарды жана сорбенттерди кабыл алганда пайда болот;
  • Өттө таштын пайда болуусу гормоналдык контрацептивдерди, ЭКО протоколунда колдонуучу каражаттарды колдонгондо чыгат;
  • Жалган мембраноздуу колит оорусу антибиотиктерди, шишик өсүүсүн жана иммунитетти басаңдатуучу дарыларды ичкенде жаралат;
  • Панкреатиттер болсо организмдеги мителерге каршы каражаттарды, гормондорду, антибиотиктерди, зара чыгаруучу дарыларды, цитостатиктерди ичкенде өөрчүйт;
  • Ич катуулар болсо, клизма, ичти жумшартуучу дарыларды, холинолитиктерди, психотроптук дарыларды ашкере колдонгондо өрчүп кетет;
  • Ич өтүү ошол эле психотроптук, магний каражаттары, кээ бир өттү чыгаруучу дарыларды колдонгондо пайда болот;

Дары-дармектерден тышкары, кээ бир даарылоо же жалган даарылоо манипуляциялары дагы зыянга алып келиши мүмкүн. Мындай кырдаал бейтаптын оорусун профессионалдуу эмес же жетишээрлик эмес баалоодон чыгат. Биз эмнени айтып жатабыз? кеп түрдүү организмди тазалоо, ичегини монитордук тазалоо, тюбаж, ачка болуу дегендер жонүндө болуп жатат.

Психикалык комфорт
Көптөгөн тамак синируу оорулары психоэмоционалдуу чөйрө менен түздөн-түз же кыйыр байланышта болот. Күн сайын стресс болуу, узакка созулган психикалык жүктөр, чукул психотрамалык кырдаалдар (жакын адамдын каза болуусу же оорушу, ажырашуу, жумуштан айдалуу, конфликтер ж.б.), ички карама-каршылыктар гастроэнтерологиялык оорулардын себеби болот: функционалдуу диспепсия, СИС (сезгенген ичеги синдрому), жаралар, өт чыгаруучу жолдордун дискинезиясы жана башка ушул сыяктуу көптөгөн оорулар.

Айтмакчы, бул психикалык факторлорду жок кылуу же психотерапевттин жардамысыз, бул ооруларды дары менен дарылоо мүмкүндүгү өтө төмөн болот. Бейтаптар өзүн, айланасындагыларды жана дарыгерлерди чарчатып жылдар бою оорукананын кабинеттерин каккылап жүрө бериши мүмкүн. Андан тышкары кээ бир бейтаптар башынан эле тамак синируу органдарынын ооруларына жакын болушат. Мисалы, көптөгөн ашказан жарасы бар адамдар жаш кезинен эле шашма холерик темпераментинде болушат.

Ашыкча салмак менен курошуу
Адам семиргенде анын тышкы келбети эле зыян тартпастан, ички органдарынын түзүмү дагы бузулат. Май кошулуулар боордо жана ашказан алдындагы безде пайда болуп, нормалдуу ткандарын кысып, алардын функцияларын бузат. Өттүн курамы өзгөрөт дагы, өт чыгаруучу жана өттүн өзүндө таштардын калыптануусуна көмөктөшөт. Тамак синируу трубкасынын бардык бөлүмдөрүндө кыймыл мүмкүндүктөрү начарлайт. Ошондуктан семиз адамдар өзүнүн туура тамактануусуна көңүл буруп, физикалык кыймыл аракетин көбөйтүү зарыл.

Дарыгерлерге өз убагында кайрылуу
Тамак синируу органдарынын бузулуусу пайда болгондо, ич ооруганда, зарна болгондо, дарыгерлерге кайрылуу жакшы, анткени, адистер күн сайын адамдарды даарылайт, алар оорулардын жаны түрлөрүн билишет, кайсы даары эффективдүү жана зыяны аз экенин билишет. Ооба, кээ бир оорулар билинбей өтөт, кээ бир оорулардын симптомдору башка ооруга окшош болот, кээ бир ооруларды болсо квалификациялык анализ жүргүзүүдөн кийин гана аныктоого болот. Ошондуктан дарыгерлерге өз убагында кайрылыныз, түрдүү көзү ачыкардын, чала дарыгерлердин сөзүнө кирбегиле.

Кортунду
Мынакей достор, "ашказан ооруларын алдын алуу" аттуу макалабыз ушундай. Кошумча сууролор же түшүнбөгөн жерлер болсо пикир калтырып жазып койгула. Макаланы кыргызча дайындаган Акылбекова Ү. Ыраазычылыктар: Каракол шаардык ооруканасынын терапевти Асанбекова А., хирург - Сагындыков Б. "Ашказан оорусу" аттуу макалабыздан ашказан ооруларын билип алыныз.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)