Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арфа

Баш барак | Музыка | Арфа

Арфа — чертме кылдуу музыкалык аспап, эки кыйгач жайгашкан рамадан туруп, алардын арасында көптөгөн кылдар тартылат. Эң байыркы аспаптардын бири, Ирландиянын символу. XVIII жүз жылдыкта бут менен басма арфа ойлоп табылып, классикалык музыкада стандарт болуп калган.

Мазмуну
Арфа
Арфа
Үн диапазону5 октава
Классификациямузыкалык аспап, кылдуу музыкалык аспаптар, чертме кылдуу музыкалык аспап
Тектеш аспаптаркора, конхоу, саунг, ченг, лазердик арфа

Тарыхы

Арфа эң байыркы музыкалык аспаптарга таандык. Киклад цивилизациясынын көркөм сүрөт искусствосунда эле отуруп алып ойноп жаткан арфачынын сюжети жайылган. Мындай мрамордук статуялар биздин заманга чейинки 2800—2300-жылдар менен белгиленет. Эң алгачкы байыркы египеттик арфалар болжолдуу биздин заманга чейинки 2400-жыл менен белгиленген.

Түрлөрү боюнча догоо сымал, бурчтук жана рамалык арфалар айырмаланат. Европалыктар үчүн рамалуу арфалар көбүрөөк мүнөздүү. Арфанын эң байыркы жазма эскерүүсү салттуу түрдө Венанций Фортунатга таандык кылышат (биздин замандын VI кылымы).

«Римдик сени лирада мактайт, варвар — арфада, грек сен жөнүндө Ахиллов аспабында ырдайт, британдык (же бретондук) — ротто.»

Оригиналдуу тексти: Romanusque lyra plaudat tibi, barbarus harpa, Graecus achilliaca, chrotta Britanna canat.

К. Закс жана башка изилдөөчүлөр «Ахиллов аспабы» деп лиранын алгачкы түрү (алгач Гомер тараптан эскерилген) — хелис аспабы айтылып жатат деп жоромолдошот.

Арфа мурда эле кыйла үн диапазонуна ээ болгондуктан (5 октава), ал эми толук хроматикалык гаммадагы кылдарга орун жетишпегендиктен, арфада диатондук гаммадагы үндөрдү алуучу кылдар гана тартылган. Бут баскычы жок арфада эки гамманы гана ойноого мүмкүн — «до мажор» жана «ля минор» (табигый гана үн катар). Хроматикалык жогорулатуулар үчүн мурда кылдарды грифтин (моюнунун) жанынан манжалар менен басуу аркылуу кыскартылма болуусу керек эле; кийинчерээк мындай кылдарды кысууну кол менен кыймылга келүүчү илмектер менен ишке ашыра баштаган. Мындай арфалар аткаруучулар үчүн өтө ыңгайсыз болгон; бул кемчиликтер кыйла деңгээлде 1720-жылы Якоб Хохбрукер тарабынан ойлонуп табылган бут менен басма баскычтардагы механизмдер аркылуу азайтылган. Якоб арфага өткөргүч катары иштеген жети баскыч жасап, алар атайын жыгачтын бош мейкиндиги аркылуу грифке (моюнуна) өтүп, илмектер кылдарга бекем кысылуу менен аспаптын бардык көлөмүндө хроматикалык жогорулатууну чыгарган.

1810-жылы Себастьян Эрар, Хохбрукердин механизмин өркүндөтүп, Парижде эки бут баскычтуу арфаны патенттеген, бул аспап бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет. Арфанын эки адам ойноого арналган түрү дагы бар (төрт кол менен).

Конструкциясы

Арфа үч бурчтуу формагаээ болуп, түзүүчү бөлүктөрү кийинкидей:

Арфанын конструкциясы

Бут баскычы бар арфа дагы негизги жана бут баскычтуу механизмдерге ээ. Негизинен арфада 46 кыл бар: 35 синтетикалык жана 11 металл. Алардын бир учу капкактын ылдый жагына, экинчи учу буроолорго бекилет.

Түрлөрү

Арфа көптөгөн кылымдар бою Ирландиянын саясий символу болуп келген. Биринчи жолу Ирландиянын символдук сүрөтү катары Шотландиянын королу Яков VI (Англиянын королу Яков I) королдук желегинде колдонулган, ошондон тарта Англиянын, Британиянын жана Бириккен Королдуктун бардык королдук желектеринде болгон, бирок сүрөттүн стили убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган.

1922-жылдан тарта Ирландиялык Эркин мамлекет арфаны мамлекеттик символ катары колдонууну улантып, арфанын сүрөтүн Ирландиянын Чоң мамлекеттик мөөрүндө, гербинде, Президенттик желегинде жана мөөрүндө, ошондой эле, бир катар башка мамлекеттик документтерде көрүүгө болоор эле. Ошондой эле, арфанын сүрөтүн Ирландиялык орто кылымдык тыйындардан баштап заманбап евро тыйындарына чейин байкоого болот.

Арфада ойноодо көбүнчө глиссандо ыкмасы колдонулат — кылдарды манжалар менен терип ойноо. В. Моцарт, К. Дебюсси, Г. Гендель, Р. Глиэр жана башкалар оркестр менен арфада ойноого концерттерди жазышкан. Симфоникалык оркестрда сөзсүз түрдө катышат (2023).

XIX кылымга чейин арфаны эркектердин аспабы катары санашкан, бирок 1929-жылы Урдагы (Ур — шумерлердин түштүк Дарыя аралык эң байыркы шаар-мамлекеттеринин бири, Месопотамия) падышалык күмбөздү казууда алтын жана күмүш арфаны кармаган 70тей аялдардын сөөктөрүн табышкан.

Кошумча

Жайгаштыруу: 2023-10-17, Көрүүлөр: 298, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу