Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Акыркы коңгуроо ыр саптары

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Акыркы коңгуроо ыр саптары

Акыркы коңгуроого, бүтүрүүчүлөргө арналган ырлар, куттуктоолор жыйнагы Сиздер үчүн. Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, карлыгачтар, турмуштун даңгыр жолуна аттанып жаткан сапарыңар байсалдуу болсун. Азыр силер канат күүлөп талпынып, максат кылган кесипке ээ болууга дилгирленип, таң атпай үн катпай кыялдардын кучагында жүрөсүңөр. Ылайым тилегиңер орундалсын, жорткондо жолуңар болсун. Мугалимден ата-энеден алган адамгерчиликтин, адеп-ахлактын үлгүлөрү силердин төрт тарабы төп келген улуу инсан болушуңарга таасири тийсин. Аким эмес адам, алтынга эмес, акылга бай инсан болгула.

Мугалим, мектеп тууралуу ыр саптар макаланын аягындагы шилтемеде

Каалоо болсун чын дилден эми менден,
Кадыр-баркты тапкыла жети элден.
Уюткулуу жериңер унутулбай,
Учасыңар балдарым мектебиңерден.

Силер менен кызыктуу мага таңдар,
Сезип туяр иштерди алакан бар.
Келечектен тапкыла ордуңарды,
Кайрылбасын канатыңар балапандар.

Кубанычка толуп турсун кечтериңер,
Кандай гана кызыктуу окуу кездер.
Суранарым татыктуу адам болуш,
Сыймыктансын эртеңи мектебиңер.

Арыбаңыз агай-эжейлер,
Биз ыраазыбыз билим берген мугалимге.
Биз ыраазыбыз күнү-түнү эмгектенген,
Биз ыраазыбыз кубансак бирге кубанган эжей-агайга.
(Бекбосунов К.)

Мектептен алган терең билим, жугумдуу тарбияңар өмүрүңөрдү жалаң жакшылык, оомат, ийгилик менен толтурууга себепкер болсун. Өзүңөрдөн кийинки өсүп келе жаткан келечек муунга жагымдуу жорук, өрнөктүү адаттарыңар менен жакшылык жолго баштай кеткиле.

Сүйүүм бар менин силерге таптаза,
Сызам ичтен кетишет деп туш тарапка.
Сыймыктанып жүрөйүнчү силер менен,
Агай-эжей, эли-журтум, айтор баары мактаса.

Бир кезекте сен жаш элең,
Эч нерсени сезбеген.
Жылдар өтүп чоңойдун сен,
Турмуш жолун эңсеген.

Өмүр деген бир келет да бир кетет,
Ал өмүрдү сен бактылуу жашап өт.
Бирөөлөргө жакшы маанай тартуулап,
Бирөөлөрдүн жакшы жагын алып кел.

Шанга толуп быйыл биздин мектебибиз,
Окуучулар "бүтүрүүчү" лента кийип.
Акыркы коңгуроону шыңгыратып,
Өткөрүштү кезекти кичи муунга,
Чоң турмушка кадам аттап, кыялданып.

Окуучулук сапарга карап, чоң болуп,
Ар бириңер турмуш көздөй камданып.
Келечекке, алга карай көчтүңөр,
Майнап чыксын, максатынар оң болуп.

Мекенибиз чоң үмүттү байланып,
Күтүп жатат силерди бек камданып.
Түрткү болуп элибизге ар дайым,
Ата-журттун эмгегине кайрылып.

Окугула, көп нерсени билгиле,
Кыргыз көчүн өрдү карай сүргүлө.
Мектеп берген билимиңди аруулап,
Билим менен, ыйман менен жүргүлө.

Акыйкатты асабадай көтөргүн,
Мына келди силер үчүн өсөөр күн.
Тоскоолдорду тоголотуп өтсөңөр,
Ала-Тоодо жыт аңкытып өсөөр күн.

Узак-узак, узак болсун сапарың,
Коюуу болсун, суудай болбой катарың.
Сыймыктансын агай менен эжекең,
Актагыла ишеничин апанын.
(Акимжнов Р.)

Убакыт деген зымырык куш, мындан он жыл мурун ак бантик тагынып алып, апаңардын колунан бекем кармап, энтелеп жүрөктөгү кубаныч менен ушул мектептин ак босогосун аттагансынар. Мына бүгүн мезгил келип, 10 жыл билим алган алтын, жылуу уяңардан канат кагып, күүлөнүп, ар кимиңер, ар кай жактарга учканы турасынар. Кубалашып ойногон күндөр кайда? Нанды тең бөлүшүп жеген күндөр кайда? Шыңгыраган коңгуроонун үнү кайда? Окуучулук күндөр келбейт кайра. Мугалимдердин талыкпай берген билимин, татыктуу тарбиясын, ата-энеңердин ак мээнетин актаган, келечекте биз сыймыктанган, эл үчүн кызмат кылган, эл керегине жараган атуулдардан болушуңарга тилектешбиз.

Бул жашоого алып келген, кымбатым менин ата-энем.
Бактылуубуз биз дайыма, сиздер менен,
Ден-соолукта болгула биз менен.

Кош бол уям мектебим,
Балачагым сенде калды билемин.
Парта, доска, коңгуронун үндөрү,
Эже-агайга рахмат айтып келемин.

Кечээ эле ак кийимчен бала кезим,
Мектебимдин аттаганмын босогосун.
Билемин күндө-күндө эске тутам,
Биринчи коңгуроонун кагылганын.

Мектептин босогосун аттап жаңы,
Кечээ эле келген элем мен дагы.
Билинбестен убакыттар өтүптүр,
Бүгүн минтип ойлоо турам, кош айтып.

Жан дүйнөмдө бир башкача сезим турат,
Ойлорум алда-канча алып учат.
Кантээр экенмин мектебимсиз алтындай,
Кол кармашып бирге өткөн күндөрүмсүз.
(Эстебесова К.)

Байкабай кетирген кемчиликти, жосунсуз жорукту, силерге жакпаган адатты жокко чыгара кеткиле. Элдин тиреги, ата-эненин көксөгөн тилеги болгула. Илим менен билимге кана сугарылган илимпоз аалым болгула. Мекен үчүн азамат атуул болгула.

Мугалим шылдыраган алтын булак,
Алгын деп окуучуга билим сунат.
Он бир жыл билим алган окуучулар,
Ыраазычылык ырларын сизге сунат.

Мына ошентип күндөр өттү арадан,
Артта калды балалык кез карасам.
Эстейбиз го тентек кыял кездерди,
Кайра келбейт бул күндөрүм эчен-эчен самасам.

Эң биринчи мугалимге ыраазыбыз баарыбыз,
Чындыгында төлөй албас чоң суммада карызбыз.
Эмгегиңизди унутпай, тарбияңызды сиңирип,
Миң мертебе таазим этүү, милдет дагы, парзыбыз.

Күндөр өтөт, жылдар өтөт билинбей,
Балалык кез өтөт көзгө илинбей.
Окуучулук күндөрүбүз артта калып,
Мектеп менен коштошууга күндөр келет.

Мектеп турат, биз да бүтүп жатабыз,
Мына ошого биз аябай капабыз.
Не дегенде балалык кез келбейт го,
Агай-эжейлер бизге сабак бербейт го.

Куттуу болсун кымбаттуу бүтүрүүчү,
Ташыркаба, жолдор татаал күтүлүүчү.
Ылайым ачылып ак жолуңар,
Аттангыла кесиптик илим үчүн.

Кымбатсыңар менин бүтүрүүчүлөрүм,
Кыйналамын, кош дей албайт жүрөгүм.
Каалаганым ак жолунар ачылып,
Кангылачы ичип илим мүрөгүн.

Баягыдай шарактап бир баспайбыз,
Жада калса сабактан да качпайбыз.
Шаттык толуп жүзүбүзгө тим эле,
Таза кыял күлкүлөрдү чачпайбыз.

Класс менен ишембиликке чыкпайбыз,
Жашыл аянттын арыктарын чаппайбыз.
Эх, эх десең бирге окуган курбулар,
Ойноо мүнөз балалыкты таппайбыз.

Не демекбиз, ушул мыйзам, ушул шарт,
Турмуш ошол кээде ачуу, кээде кант.
Эң негизги мектеп бүтүп кетебиз,
Бийик-бийик максаттарга жетебиз.
(Жеңишбеков М.)

Сүйүктүү агай-эжекелер, Сиздерди бүгүкү 25-май акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктайбыз. Биздин бүгүнкү турушубуз, келечектеги ийгиликтерибиз, а тамгасын таанытып колго калем карматкан Сиздердин эмгегиңиздер. Көп жылдар бою бизди сабырдуу мүнөз менен тарбиялап, жашоодо өз ордубузду табууга көмөктөшкөн, кандай жагдай болбосун, акыл-кеңештерин берген Сиздерди мугалимдерибизге алкышыбыз чексиз. Илим-билим ордосунда иштеген мугалимдер миң мертебе рахмат Сиздерге. Сиздер салган жолдор менен, из менен бүткүл дүйнө сыймыктансын.

Баёоо мүнөз, каткырыгы калың чыккан,
Кош бол менин тентек кыял кездерим.
Билим алдык, тарбияландык он жыл сенден,
Кош бол менин алтын уям мектебим.

Колубузга аттестатты алабыз,
Жашоонун жолуна биз аттанабыз.
Балалыктын балын татып күлөлүчү,
Коштошуу бийине бир түшөлүчү.

Эсте калат ушул мүнөт ушул күн,
Коңгурообуз кагылат силер үчүн.
Он бирлерге угузабыз мектептеги,
Акыркы коңгуроонун шыңгыр үнүн.

Таалайынар дарыядай ага берсин,
Көктөгү жылдыз болуп жана берсин.
Дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди,
Кудайым тартуу кылып силерге бере берсин.
(Маратова Э.)

Келечегиңер кең, баскан жолуңар шыдыр болсун. Жараткан ар бир кадамыңарга бакыт нурун жар кылсын. Майрамынар кут болсун садагалар.

Кечээ гана ак мектепке келген балдар,
Билим алып канат каккан балапандар.
Эми минтип үйрөнүп, учушканда,
Татаал турмуш сапарына аттандыңар.

Билинбестен өсүп бойго жеттиңер,
Уяңардан учуп мына кеттиңер.
Келечекте чыгаан инсан болом деп,
Кош айтышып ак мектептен кеттиңер.
Колдоп турсун эми өзү жараткан,
Ачык болсун узун жолунар бараткан.

Акылыңар ачык болсун ар дайым,
Кенен болсун келечекке кадамың.
Ишенебиз актаарына акыры,
Эмгектерин эжей менен агайдын.

Силерсиңер эми нак доор сүрүүчү,
Сапаттарга ээ болуп түз жүрүүчү.
Келечекте талпынтып, кадам таштап,
Ак жол сага алтындай бүтүрүүчү.

Иштен кетип миңдеген өкүнүчү,
Толкунданып ашуудан сүйүнүчү.
Ак мектепти аяктап олтурушкан,
Ак жол сага акактай бүтүрүүчү.

Мына эми бизге келди бүтүрүүчү,
Келечекте чоң үмүттү аткаруучу.
Өтүп жатат убакыттар билинбестен,
Кош мектебим, жакшы калгын эми сен.

Бүтүрдүңөр мектепти мына бүгүн,
Күттүңөр ушул күндү бир канча күн.
Коштошуп кетсеңер да башка жакка,
Кайрылып он жылдан соң келээр күнүң.
(Арсланова А.)

Турмуштун чоң жолуна аттануу менен, ары татаал, ары салтанаттуу жашоонун тайгагынан тайбаган, көз жетпеген бийиктиктерди багынткан чыгаан, кыргыздын кыраандыгын даңазалаган, бийик максаттуу инсандардан болгула. Ак жол сага бүтүрүүчү.

Гүл сунуп агайыңа, эжекеңе,
Ыр сунуп жаркыраган келечекке.
Кээ бириңдин көзүңдөн жаш кылгырат,
Кыя албай, жалт-жалт карап мектебиңе.

Окудуң он бир жылы билим алдың,
Отурдуң бир партада тарбия алдың.
Улантып эми алган билимиңди,
Ардактуу бир кесипти тандап алгын.

Жакшы айтып, жаман айтып билим берген,
Мугалимдин жан дүйнөсү сени менен.
Кетээрде чын жүрөктөн каалоо айтып,
Көңүлдү көтөрөлү тилек менен.

Ак мектебим чоңойткон улан кыздар,
Канча жолу мелдешти алыпсыздар.
Келечекте болгун кыргыз аалымдары,
Иш көрсөтүп болгун элдин акындары.
Ачык жол сага бүтүрүүчү!

Эжейдер урушканда бүжүрөйүп,
Кээ бири ыйлайт дагы, кээ бири күлүп.
Физкультура сабактан алдыңкы элек,
Топ ойноп, башка ойноп же жүгүрүп.

Капа тартпай көтөргүлө башынарды,
Көп ыйлабай аарчыгыла жашынарды.
Келечекте сүйгөн кесип ээси болуп,
Ар убакта эстегиле агай-эжейди.

Балалык жок баягы биз ойногон,
Мектепте кубалашып биз чоңойгон.
Мугалим жаз дегенди жазбай кыйнап,
Кээ бирде айтканын кылбай койдук.

Чыгасынар ашуулардан, дайралардан,
Күндөр болот маңдай жарган, көңүл калган.
Коркпогула кыйындыктан качпагыла,
Жалкоолукту чаңдай үйлөп таштагыла.

Эрте таңда булбул таңшып сайрады,
Жарык тийип асамандагы ай дагы.
Табигатта куттук айтып жаткансыйт.
Бүгүнкүдөй акыркы коңгуроо майрамды.

Бир класста бирге окуп бирге өскөн,
Классташтар бакыт тилейм барынарга.
Айлак жок да, каалабастан не кылам,
Биртуганым аман болгун дайыма.

Ак жол тилеп баарыңа,
Билимин берип талыкпай.
Батасын берип силерге,
Узатат бүгүн эже-агай.

Мектебим алтын үйүм жаркыраган,
Энемдей камкорсуң сен аны танбайм.
Аттанып турмуш деген узун жолго,
Турушат коштошууга окуучулар.

Коңгуроонун акыркы үнүн эшитип,
Мына бүгүн коштошуучу күн келди.
Жашоо таймаш, оку, иште тайманбай,
Колдон келсе тээ алдыда жүр эми.
(Клычбекова С.)

Сабак алып мугалимден,
Ээ болдуңар илимге.
Тарбиялап билим берген,
Мектепти эстей жүргүлө.

11 жыл бирге окуган классташым,
Кол беришпей коштошоор убак жакын.
Ойлогондо жүрөгүм кулун болуп,
Кирпигимдин учунда турат жашым.

Оюнкарак кыял калып баягы,
Окуучулук күндүн ушул аягы.
Сурансаң да, жалынсаң да кайрадан,
Өтпөйт эми агай эжей сабагын.

Акыл айткан, билим берген мугалимге,
Ыраазыбыз ар бир кылган мээнетине.
Ар убак жакшылыкка жетелеген,
Рахмат айтып, таазим этем бүгүн сизге.

Унутпайбыз окуучулук күнүбүздү,
Устатым деп, эстеп жүрөм сөзүңүздү.
Уядан учуп жатып кушка окшоп,
Улуу инсан болсок дейбиз өзүңүздөн.

Канаттуулар сайрап турат ушул күндө,
Кээ бирине шаттуу күндөр, таттуу күндөр.
Кечээ гана тамтаң басып келдиң эле,
Өтүп барат биздин ширин арзуу күндөр.

Турмуш татаал, узак жолду басасыңар,
Кечүү кечип, ашууларды ашасыңар.
Талбай окуп кесипке ээ болсоңор,
Турмуштан силер өз ордуңарды табасыңар.

Ишке ашсын тилек, максат, оюңар,
Ачык болсун, шыдыр болсун жолуңар.
Талбай иштеп сүйгөн эмгек жолунда,
Мекениңе керек инсан болгула.

Бул мектепте асыл күндөр өткөн эле,
Сыйлык алып, сынактардан жеңген элек.
Эң мыкты класс деген наамды алып,
Бир канча ирет алдыга чыккан элек.

Бизди окуткан агай-эжей кадырын,
Кетээрде эми билдик, тааныдык.
Окутуучу билим сандык экенин,
Чынын айтсак эми билдик, ынандык.

Учурдан пайдаланып мен сиздерден,
Баш ийип, тизе бүгүп таазим этем.
Билбестен көңүлгө доо кетирсем,
Кечир деймин ак дилимден, чын жүрөктөн.

Билем канча убакыттар өтө берет,
Сезимдеги, жүрөктөгү ой термелет.
Эстегенде бир жылмайып эске салчу,
Калды өзүңдө окуучулук алтын кезек.

Шатырай төккөн жамгыр арасында,
Кагылсын коңгуроолор ар бир жылда.
Мектепте бүтүрүүчү боло берсин,
Кучагы азем гүлгө толо берсин.

Ак тилек, чоң мүктүү ойго сала,
Ээрчишип эчен келген эне-бала.
Мектебим ырыс, таалай уюткусу,
Мугалим билим берди сага, мага.

Өкүнүчтүү, толкунданып кетти жүрөк,
Уядан уюктан учуп чыккан балапандай,
Май айында кетип жатты канат күүлөп.

Окуучулук өмүрдүн зор убагы,
Жашообуздун эң кызыктуу курагы.
Андан бери он жыл өтүп алыстап,
Улам бизден бала кыял узады.

Бир уядан жем талашкан балапан,
Баары бирдей канат кагып бараткан.
Алган билим баарыбызды дегдетип,
Келечекте кесип издеп бараткан.

Ала-Тоодой бийик болсун башыңар,
Узак болсун өмүрүңөр жашыңар.
Калк ичинде кадыр-баркка бөлөнүп,
Ак жолдосун бараткан кең жолуңар.

Алкыш сага "а" тамгасын тааныткан,
Эне тилди балдай ширин сүйлөткөн.
Асылданда, акактан да кымбатуу,
Биздин сүйкүм, татынакай эжекем.

Ала-Тоодой бийиктикке кол сунган,
Жыркын жол сизге бүтүрүүчү кыз-улан.
Жашооңордо жакшылыктар көп болсун,
Орундалсын ой-максаттар умтулган.
(Алибекова Д.)

Ырлардын көбүнчөсүнүн авторлорун таба албадык, билгендер болсо айтып коюууну суранабыз, андан тышкары ката жазуулар, туура келбестиктерди байкасыңыз дагы. Бул жыйнакка Сиздер дагы кол кагыш кылып, өз колуңардан жаралган ыр-саптарыңарды кошуп койсоңуздар болот. Ал үчүн жөн гана пикир жазуу формасына жазып коюңуз.

Жайгаштыруу: 2020-05-31, Көрүүлөр: 88969, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-08-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу