Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

20-февраль - социалдык адилеттуулук куну

Баш барак | Күндөр | 20-февраль - социалдык адилеттуулук куну

Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттуулук куну 2009-жылдан баштап жыл сайын белгиленип келет. БУУ нун Генералдык Ассамблеясы бул майрамды 2007-жылдын 26-ноябрындагы № A/RES/62/10 атайын резолюциясы менен кабыл алган. Майрамдын жаңы күнү - 20-февралдын пайда болуусуна 1995-жылдын март айында Копенгаген шаарында заманбап коомдун социалдык өнүгүү тапшырмалары жарыяланган жогорку деңгээлде өткөн бүткүл дүйнөлүк жолугушуусу түрткү болгон.

Социалдык адилеттүүлүк — бул жөн гана этникалык императив эмес, бул улуттук туруктуулуктун жана глобалдуу жетишкендиктин негизи. Улуттардын жана элдердин продуктивдүү потенциалын толук кандуу өздөштүрүүдө тең мүмкүнчүлүктөр, тилектештик, адам укуктарын урматтоо өтө маанилүү.

Социалдык адилеттүүлүк мамлекеттердин ичинде да, башка мамлекеттер арасында да тынч, бакубат жашоонун негизги принциби болуп саналат. Биз эркектер менен аялзатынын же жергиликтүү элдер менен мигранттардын ортосундагы тең укуктуулукка дем берип, социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин колдоо керек.

Адамдардын жынысына, жаш курагына, улутуна, этникалык жана диний көз карашына, маданиятына жана майыптыгына байланыштуу болгон тоскоолдуктарды жоюп, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоого көмөк көрсөтөбүз. (БУУнун 8-Генкатчысы Пан Ги Мун)

Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттер 20-февралды социалдык адилеттүүлүктү бекемдеп (анын ичинде адилеттүүлүктүн өзүн дагы), жыл сайын белгилүү бир темага арналган улуттуук деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө багыштайт.

Уюштуруучулардын ою боюнча, бул эл аралык күн жакырчылыкты жоюуга, элдерди толук акылык, татыктуу жумуш менен камсыз кылууга, эркек менен аялзатынын ортосундагы тең укуктуулукка жетүүгө жана ошондой эле бардыгы үчүн социалдык жетишкендиктин жана социалдык адилеттүүлүктүн орношуна жардам берет.

БУУ социалдык адилеттүүлүккө умтулууну өзүнүн башкы максаттарынын бири катары эсептейт. Уюм адамдын жынысына, жаш курагына, расасына, этникалык жана диний көз карашына, маданиятына жана майыптыгына байланыштуу болгон тоскоолдуктарды жоюп, адилеттүүлүк принциптерин колдойт.

Бул багытта иш жүргүзгөн негизги документтердин бири - максаты социалдык глобализация болгон социалдык адилеттүүлүк жөнүндө декларация.

Мында иш, социалдык маек, жумуш ордунда негизги принциптер жана укуктар менен камсыз кылуу аркылуу бардыгына адилеттүү жыйынтыкка жетүү кепилдигине басым жасалат.

Социалдык адилеттүүлүк мамлекеттин анын бекемдөөсүнө, өсүүсүнө жардам бергендерге болгон мамилеси аркылуу аныкталат, башкы көрсөткүч - айлык акынын өлчөмү. Факт боюнча, жогорку бийлик бул жерде арбитр жана бааны бычуучу болуп саналат, анткени бул моралдык-психологиялык чөйрөдө эч кандай юридикалык норма иштебейт.

Бийлик өзү гана жакырлар менен байлардын кирешелеринин ажырымынан улам пайда болгон кырдаалды жөнгө сала алат. Бийлик өзүнөн башкаларга да пайда алып келе ала тургандарды чыпкалоо, топтоо, издөө үчүн бардык аймактардан, бардык чөйрөдөн таланттуу адамдарды издөөчү системага ээ болушу зарыл. Бийликтин жардамысыз бул жерде эч кандай адилеттүүлүктү күтүп кереги жок, бул чөйрө өзүн-өзү жөнгө сала албайт.

Адамдар арасындагы жаратылышы, мээси, жөндөмдүүлүгү боюнча табигый теңсиздикке кайрылсак, бул жерде баары жөнөкөй көрүнөт: көп акча тиешелүү сапаттарга ээ болгон жаранда болушу керек. Бирок, дээрлик бардык "цивилизациялык мамлекеттерде" негизинен акчаны туугандык байланыштары бар акылсыздар алышат. Мамлекет гана башчылардын туугандарынын бийликке массалык иргелүүсүнө бөгөт коюп, же, тескерисинче, активдештире алат.

Социалдык адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнбү?

Мындай суроо, көбүнчө философторго (өзгөчө куру кыялкечтерге) багытталган. А социалдык адилеттүүлүктү талап кылуунун адамдарда пайда болуусу мыйзам ченемдүү - Фрейд дал ушундан цивилизация башталарына көңүл бурган. Ошондо социалдык адилеттүүлүктү талап кылуунун эки булагы бар экени билинет. Бири - инфантилдик: өзүмдүн жашап жаткандыгым үчүн эле башкаларда бар нерселерди мен да каалайм, бирок ордуна башка бир нерсе берүү керектигин ойлонбойбуз.

Социалдык адилеттүүлүктү талап кылуунун экинчи булагы - терең жана инстинктивдүү. Социалдык инстинкт, албетте, кандайдыр бир коомдук иерархияны жана салыштырмалуу теңсиздикти колдоодон куралган - бирок алар түшүнүктүү жана белгилүү ченден чыкпагандай болуусу шарт. Заманбап коомдо калктын көбүрөөк камсыз болгон бөлүгү менен абсолюттук социалдык фрустрация деңгээлинде жашаган негизги массанын кирешедеги (жана чыныгы укуктардагы) диспропорциясы өтө жогору. ССРБнен мураска калган калктын камкордугу эле ушул күнгө чейин чыныгы каршылык көрсөтүүлөрдү болтурбай келүүдө.

Жайгаштыруу: 2020-05-18, Көрүүлөр: 3697, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-17, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу