Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коом

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Коом
Коом, же социум (латынча socium) — адамдык биримдик, жалпылык, мунун спецификасын адамдар ортосундагы мамилелер, мамилелешүү жана биригүү формалары түзөт.
Коом деген эмне

"Коом деген эмне", коомдун турлору кандай? Келгиле коом жонундо маалыматты сиздерге айтып берүүгө аракет кылалы.

Жөнөкөй сөз менен айтканда коом — бул жалпы кызыкчылыктары, баалуулуктары жана багыттары бар адамдардын тобу.

Америкалык социолог Эдвард Шилз коомдун төмөнкүдөй критерийлерин белгилейт:

Коом жонундо түшүнүк

«Коом» деген сөз, жалпы, биргеликте, жамааттык дегенди түшүндүрөт. Ал биринчиден адамдардын биригүү формасын, чогу жашоо куруу жана биргеликте иш аракет кылууну айгинелейт.

Адам коому өтө эле ар түрдүү — өзүнө бир нече ондогон адамды камтышы мүмкүн (биринчи муун, аңчылар тобу) же жүздөгөн миллион (заманбап Кытай же Индия өлкөлөрү мисал катары).

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, коомдук жашоо жерде адамдын пайда болуусу менен башталган. Түрдүү улуттардын тарыхын изилдөө, алардын адамдык коому кандай өнүгүп кандай жолго түшкөнүн көрсөтүп турат.

Адам баласы пайда болгондон баштап эле башка адамдар менен байланыш түзбөй жашай алган эмес. Байыркы адамдар уруу-уруу болуп биригишип, бул биригүүлөр бир нече ондогон адамдан баштап, жүздөгөнгө чейин жеткен.

Байыркы адамдардын биригүүсү жана өз ара мамиле түзүүсү адам баласына татаал табигый шарттарды башынан өткөрүп, түрдүү кырсыктар менен (суу ташкын, өрт, жер титирөө) күрөшүүгө, душмандардан жана жапайы жаныбарлардын кол салуусунан коргоп, жаңы аймактарды өздөштүрүүгө жардамын тийгизген. «Коом» деген түшүнүк мына ушундан жаралган десек да болот.

Илим болсо, коомду адамдардын табигый орногон мамилелеринин тарыхый натыйжасы деген көз карашта. Илимий кызматкерлердин айтуусуна караганда коом 40 миң жылдан бери жашап келет. Акылдуу адам пайда болгон кезден тарта, байыркы үйүрлөр тууганчылык жамаатка айланган. Байыркы дүйнө тарыхынан белгилүү болгондой тууганчылык жамаат, жамааттык эмгек жана жалпы мүлк менен байланышкан адамдардын туруктуу биримдик формасын элестеткен.

Убакыт өткөн сайын адам тарыхындагы коом түшүнүгү өзгөрүп жана такталып турган. Антикалык Греция доорунда бул түшүнүк, гректердин арасында жамааттык биримдикти элестеткен, тиричилик мамилелерди чагылдырган.

Байыркы Рим окумуштуусу Аристотель үчүн коомдогу адам мамилелериндеги негизги нерсе тууганчылык жана сүйүү мамилелери болгон. Дал ушундай мамилелерден үй-бүлө курулганына байланыштуу Аристотель коом түшүнүгүн үй-бүлө түшүнүгүнөн ажыраткан эмес.

Байыркы Римдиктердин коом түшүнүгү юридикалык мааниге ээ болуп, мүлк себебине келүүчү келишим, биримдик дегенди түшүндүргөн. Мындай коом эркин жана биргелешкен максаттын негизинде жаралган.

Ошентип, үй-бүлөө биримдиги, мүлк келишими антикалык дүйнөдө, коом түшүнүгүнүн башкы маанисин түзгөн.

Заманбап доордо коом деп улуттарды, өлкөнү, мамлекетти айтат. Бул түшүнүктөрдү төмөнкүдөй айырмалоо керек: өлкө — коомдун географиялык түшүнүгү, мамлекет — саясый, ал эми коом — социалдык, (латын тилиндеги socium — коом, socialis — коомдук).

Өлкөлөрдү изилдөө георграфия илимине, мамлекетке — политология жана укук таануу, ал эми коомду — социология илими изилдейт.

Коомду ким түзөт

Коомду, ошол өлкөдө жашаган, ошол өлкөнүн тарыхына, маданиятына, салтына таандык адамдар түзөт. Бул мамлекеттин мамиле түзүү процессине, көп кырдуу байланыштарга жана мамилелерге баш баккан жарандар.

Коом түшүнүгү каалаган тарыхый доорго колдонмо боло алат. Коом өлкө жана мамлекет жок кезде эле жашап келген. Зор улуттар жана уруулар мейкиндикте эркин орун которуштуруп, жаңы аймактарды ээлеп келген.

Заманбап дүйнөдө коом чеги, шартка ылайык өлкөлөрдүн аймактык чек араларына туура келет.

Коом деген түшүнүк абдан көп кырдуу. Ал адамдардын (топтордун) кызыкчылык биримдигин (мисалы, спорт же программисттер коому) түшүндүрүшү мүмкүн, же ата-тек (бугу уруусу, арык уруусу дегендей, кыргыз урууларын караңыз) биримдигин билдириши мүмкүн. Тарыхта болсо коом деп улуттун же өлкөнүн тарыхтагы конкреттүү бир баскычтагы өнүгүүсүн айтышат (мисалы, биринчи коом, кул ээлөөчүлүк коому ж. б.).

Коом түзүмү же тармактары

Коомдун түзүмү дайыма адамдарды кызыктырып келген. Көптөгөн кылымдар бою окумуштуулар адам коомун түзүү үчүн анын моделин, сүрөттөлүшүн издөөгө аракет жасап келишкен. Аны пирамида, саат механизми жана ошондой эле бутактуу дарак түрүндө элестетишкен.

Коомду анын ар бир тармагы (жактары) өзгөчө бир функцияны аткарган, социалдык бүтүн организм катары элестетсе болот. Мисалы, экономика жашоого зарыл болгон каражаттарды табууга жардам берет, дин болсо жашоо маанисинин маселелерин чечет, үй-бүлө адамдардын жаңы муунун тарбиялайт.

Коом таануу, коомдук жашоонун негизги төрт тармагын белгилейт: экономикалык, саясый, социалдык жана мүдөөлүк (жан-дүйнөлүк), география сыяктуу — төрт өлкө (жактар): түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сыяктуу.

Мындай бөлүштүрүү шарттуу болгону менен, коомдук көрүнүштөрдүн арасында багыт табууга жакшы жардам берет.

Экономика тармагы

Адамдарга зарыл болгон товар жана кызматтарды өндүрүү жана аларды адамдардын арасында бөлүштүрүү кирет. Ишканалар (фирмалар) жана адамдар арасындагы экономикалык мамилелер экономикалык тармакты түзөт.

Саясый тармак

Саясый тармак, мамлекет (өкмөт), мамлекет бийлигинин органдары жана башкармалыгы менен байланыштуу. Кыргыз Республикасында — бул президент жана президент аппараты, парламент, бийлик, аймактык башкаруу органдары, аскер күчтөрү, милиция, салык жана бажы кызматтары, бул өкмөттү түзөт, ошондой эле буга кирбеген саясый партиялар. Өкмөттүн негизги тапшырмасы десек туура болот го, бул коомдогу тартипти камсыз кылуу, мыйзамдарды чыгаруу жана анын аткарылуусун көзөмөлдөө, социалдык конфликттерди чечүү, салык чогултуу ж. б.

Мүдөөлүк тармак

Мүдөөлүк же жан-дүйнөлүк тармакка маданият, илим, билим алуу жана дин кирет. Анын түзүүчү бөлүгү катары университеттер, мектептер, музейлер, театрлар, сүрөт галереялары, массалык маалымат каражаттары (ММК), маданий эстеликтер, мечиттер түзөт.

Социалдык тармак

Социалдык тармак болсо ири социалдык топтордун карым-катнашын камтыйт: улуттардын, элдердин, класстардын, сословиялардын ж. б. Ошондой эле ал жарандардын күнүмдүк карым-катнаштарын дагы өзүнө алат же камтыйт. Бул тармакка адамдардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу мекемелери таандык. Дүкөндөр, ашканалар жана кафелер, ооруканалар, телефон, почта, клубдар, маданият парктары, стадиондор ж. б. Маанилүү ролду социалдык коргоо мекемелери ээлейт. Мындай мекемелер пенсионерлерге, жумушсуздарга, көп балалууларга, аз камсыз болгондорго, майыптарга жардам берүүгө багытталган.

Коомдун бардык жашоо тармактары бири-бири менен байланышта болуп дайыма өзгөрүп, өнүгүп турат.

Кортунду

Коом бири-бирине байланышы бар адамдардын тобу. Коомдук жашоо адамдын пайда болуусу менен башталган. Окумуштуулардын айтуусу боюнча коомдун пайда болгонуна 40 миң жылдай болгон. Илим болсо коомду адамдардын карым-катнашынын натыйжасы деп эсептейт.

Коомдук жашоонун негизги төрт тармагы бар: экономикалык, саясый, социалдык жана мүдөөлүк. Бардык тармактар бири-бири менен байланышта болуп, дайыма өзгөрүүнүн жана өнүгүүнүн үстүндө.

Маданият сыяктуу эле, коом деген эмне — суроосуна кыскача бир аныктама менен жооп берүү кыйын, коом түрдүү жана көп кырдуу, бирок негизги түшүнүктөрүн айтууга аракет кылдык.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-07-18, Көрүүлөр: 38593, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу