Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жүгөрү. Жугору жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жүгөрү. Жугору жонундо маалымат

"Жугору жонундо маалымат" - мындан миңдеген жыл мурда эле байыркы индейлер - инктер менен ацтектер жүгөрү айдашкан. Инктердин гүлдөгөн мамлекети Түштүк Америкадагы Перуда, ал эми ацтектердики Борбордук Америкадагы Мексикада болгон. Ал жакта жүгөрү маис деп аталып, ыйык өсүмдүк катары бааланган. Мындай ажайып данды Европага Колумб алып келген. Индей маиси Испания менен Португалиянын талааларына бат эле көнүгүп, андан Африка жана Азияга тараган. Буга чейин минтип бир да өсүмдүк ушунчалык тездик менен жер шарына таралган эмес. "Жугору жонундо маалымат" аз болсо бул шилтемеге өтүңүз.

Азыркы кезде адамзаттын тамак-ашына пайдаланылган өсүмдүктөрдүн эң негизги үч түрү бар: буудай, күрүч жана жүгөрү. Булардан ун, акшак тартылып, май алынат, момпосуй, вискоза, киноплёнка жасалат. Жүгөрүнүн даны жана сабагы менен сотосунан даярдалган силос малга өтө баалуу тоют болуп эсептелет. Мындан башка кант жүгөрүсү да бар. Аны консервалап же чийки жесе да болот. Кууруганда барсайып жарылуучу жүгөрүдөн бадырак кууруса балдар аны жакшы жейт. Жүгөрүнүн кээ бир сортторунун сабагы 6мге чейин жетет. Жүгөрүнүн мындай сорту айдалган талаада кадимки токойдогудай адашып кетүүгө да болот. "Жугору жонундо маалымат" ушундай достор. Кошумча шилтеменин макала ортосунда бердик.бул жүгөрү жөнүндөгү дагы бир макалабыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 8228, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу