Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жемиш багы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жемиш багы

Эзиле бышкан кызыл алма, ширин алмурут, көгүлжүн кара өрүк, кабыгы түктүү, жыты аңкыган шабдалы, кожогат, карагат, дан куурайды баарыңар жакшы көрөсүңөр. Ушунун баарын бизге жемиш багы тартуулайт. Мөмө-жемиштер консерваланат, кургатылат, алардан кыям, шире, суусун жасалат. Миңдеген жылдар мурун адамдар жапайы дарак, бадал жана чөптөрдүн мөмө-жемиштерин терип жешкен. Көптөгөн мындай өсүмдүктөр Европа, Азия жана башка дүйнө бөлүктөрүндө азыр да кездешет. Азыркы жемиш өсүмдүктөрүнүн бардыгы ошол жапайы өсүмдүктөрдөн келип чыккан.

Мисалы, адамга жапайы алманын мөмөсү жагып калды дейли. Ал үйүнүн жанына жапайы алманын уругун өстүрүп же жаш көчөтүн токойдон алып келип тиккен. Тукумдукка эң мыкты өсүмдүктөрдү калтырган. Мындай тандоо көптөгөн кылымдар бою уланган. Ошентип аз-аздан жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы, эгилме түрлөрү келип чыккан. Жапайылардан алардын мөмөсү алда-канча ири, ширелүү, ширин келет. Жер шарынын ар кайсы жерлеринде алма, алмурут, кара өрүк жана башка жемиш өсүмдүктөрүнүн ар түрдүү көп сорттору чыгарылган. Сорттор даамы, мөмөсүнүн чоңдугу, бышуу мөөнөтү жана башка касиеттери боюнча айырмаланат.

Негизги беш жемиш өсүмдүгү - алма, алмурут, шабдалы, кара өрүк жана чиенин 17500 сорту, алардын ичинен алманын 6 миңден ашуун сорту бар. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү көп жылдык. Маслина менен таттуу каштан миң жыл, жаңгак - 100-300 жылга чейин, алма менен алмурут - 100, карагат менен дан куурай - 25, кожогат - 5-6 жылга чейин жашайт. Биздин жемиш бактарда кыркка жакын жемиш түрлөрү: алма, алмурут, бий алма, чие, кара өрүк, гилас, кызыл өрүк, шабдалы, карагат, жангак, жана башкалар өстүрүлөт. Көрүнүктүү орус окумуштуусу - селекционер И. В. Мичурин, анын шакирттери жана жолун жолдоочулар жемиш өсүмдүктөрүнүн эң сонун жаңы сотторун чыгарышкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2250, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу