Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаркырак коңуз

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жаркырак коңуз

Силер жайкысын күн батып караңгы киргенде кайсы бир жерден чөптүн же бадалдын арасынан жашыл сыяктанып, жарык чыгарып күйүп турган кичинекей шамды көргөн учуруңар болду беле? Ал кээде бир нече кеч бою бир эле жерде узакка, бир калыпта күйүп тура алат. Анын жарыгы менен караңгыда сааттын цифрасын да көрүүгө болот. Мындай сырдуу шамды ким жагат? Бул - абдан пайдалуу жаркырак коңуз. Ал зыянкеч үлүлдөрдүн кабыгына кирип, аларды жок кылат. Жаркырак коңуздун денесинде өзгөчө заттуу клеткалары бар, бул зат кычкылтек менен кошулганда жарык чыгарат. Бул клеткаларга көптөгөн түтүкчөлөр биригишет. Жаркырак коңуз аларды жаап койгондо, клеткалар жарык чыгарбай калат.

Түтүкчөнү ачканда ал аркылуу аба өтүп, шам күйөт. Канаттуу коңуздар - эркектери, алардын лампочкалары кээде гана бир аз убакытка күйөт. Канатсыз ургаачылары жайкы түн караңгысында узакка чейин жарык чыгарып турат. Дүйнөдө жарык чыгаруучу конуздардын көптөгөн түрлөрү бар. Тропиктеги өлкөлөрдө алар чоңураак болот, дарактарды аралап тобу менен учушат, жалбырактардын бетинде жаркылдап өйдө-төмөн жылып жүрөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 501, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу