Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаратылыш жан досум

Баш барак | Экология | Жаратылыш жан досум

Жаратылыш жан досум макаласы жаратылыш жана адам баласы жөнүндө болмокчу. Алгач жаратылыш эмне экенин билип алалы. Жаратылыш деген эмне, табигый чөйрө, «жаратылыш» чөйрөсү – адамзат турмуш-тиричилик өткөргөн айлана-чөйрөнүн табигый бөлүгү, адам баласын курчаган жаратылыштын бөлүгү, айлана-чөйрөсү.

Негизги макала: Жаратылыш

Ал адамды курчап турган жандуу жана жансыз жаратылышты, анын ичинде адам баласынын таасири тийбеген, ошондой эле түрдүү деңгээлде антропогендик өзгөрүүлөргө дуушарланган, бирок өз алдынча табигый өнүгүүсүн токтотпогон же жарым-жартылай өнүгүүсүн жоготкон (мисалы, арасынан кыйылып кеткен токой массиви, аңыз жерлер, кырылуудан сакталып калган жапайы айбанат популяциясы ж. б.) чөйрөнү бүт камтыйт.

Адам баласынын таасиринен түп тамырынан бери өзгөргөн табият, башкача айтканда жасалма жол менен пайда болгон техногендик чөйрөнүн айрым элементтери (мисалы, таштанды каналдар, парктар, тоо-кен таштандылары ж. б.), эгерде адам баласы алардын абалына дагы кийлигишпесе, анда алар бара-бара табигый чөйрөнүн бир бөлүгү болуп кетиши да мүмкүн.

Жаратылыш жан досум

Жаратылыш жан досум

Жашоо денгээлин көтөрүү максатында технологияларды жакшыртып, бир гана токойду карап көрөлү, башкача айтканда жыгачты тез даярдоочу түрдүү машиналарды ойлоп чыгарууда. Бирок табият кырсыктарынан коргону эч кимдин азырынча колунан келе элек. Адам баласына табиятты сыйлап, апасындай сүйүшү керек. Анткени, табиятка балта чабуу, өз келечегибизге балта чабууга барабар. Адам баласынын табият менен болгон байланышы адам тарыхынан эле бирге келе жатат. Төрөлгөнүбүздөн баштап бизи курчап турган бул табият эмеспи.

Жыш токойлор жана майда капчыгайлар, деги эле өсүмдүктөр бизге эң керектүү таза абаны берет. Абасыз жерде жашоо мүмкүн эмес да. Албетте, экинчи маанилүү ресурс бул - суу. Тоодон аккан суулар, мөлтүр таза көлдөр бизге сууну берет. Ал эли Чынгыз атабыз айткан жер энебиз биздин курсагыбызды тойгузуп баарынан улук нанды берет эмеспи.

Албетте, адамзаты дайыма эле табиятка аяр жана сый мамиле жасаган эмес. Азыр технологиялардын заманында бул түшүнүк андан дагы көбүрөөк унутулап баратат. Байыркы заманда адам цивилизациясы жаңыдан пайда боло баштаганда, биз-адамдар табият берекесинен толук көз каранды элек. Андан соң адамдар жөн гана жер иштетпестен, кан төгүп, башка адамдарды күчкө салып, катуу иштете баштаган. Адамдар уламдан-улам өнүгүп, табият ресурстарын көбүрөөк алуу максатында түрдүү каражаттарды ойлоп таба баштайт. Кетменден баштап ири тракторлорго чейин. Ооба, мурда кышкыга кампаны эле толтурсам болду деп ойлонушчу, азырчы? Азыр көбүрөөк акча тапсам, көбүрөөк түшүм алсам, көбүрөөк өндүрүм чыгарсам деп ойлойбуз. А табиятчы? биздин алтындай болгон жаратылышыбыз эмне болуп жатканын сураган адам жок. Өзүбүзгө өзүбүз чуңкур казуудабыз.

Мурда эт менен камсыз болуу үчүн көптөгөн чакырым аралыкта басып өтүп, жаныбардын изинен түшчү эле. Балык кармоо үчүн узун таякты алып, сааттап дайранын жээгинде балыкты күтүп, кийим болсо жаныбарлардын терисинен тигилчү. Ошого карабастан жаратылыш бизди багып келди, жана багып келүүдө, жерибиз болсо унчукпастан миңдеген жылдар бою бизди көтөрүп келет. Бирок жаратылыш менен жерибиздин жаны чексиз эмес. Муну мен эколог дегендин баары тынбай айтып келишет.

Бүгүнкү күндө адам баласы табиятты багынтып алгандай сезилет, бирок ал андай эмес. Албетте, технологиялар жашообузду жеңилдетип келет, бирок жер-энебиздин чыдамы такыр түгөнүп бараткандай. Жылдан-жылга планетанын температура жогорулап баратат, жылдан-жылга табият кырсыктары көбөйүп баратат. Жаратылыш бизге "Токтогула, абайлагыла!..." деп үн каткансыйт.

Жаратылыш жан досум, ал бизге кылымдар бюо азыктарын берип, жылуулугун чачып, мээримин төгүп келди. А биз жаратылышка эмне кылдык? Ооба, биз жаратылышты түгөтүп баратабыз, өлүмгө жетелеп баратабыз. Бир нерсени эске сактоо керек, табият кетсе, ал бизди дагы ала кетет. Жаратылышты коргойлу, өз ата-энебиздей, өз туугандарыбыздай, балдарыбыздай сүйөлү. Табият жаны, адам жаны менен бир.

Айлана-чөйрөнү булгоо

Айлана-чөйрөнү булгоо

Адам жана жаратылыш

Адам жана жаратылыш

Таштандыны кайра иштетүү

Таштандыны кайра иштетүү

Суу

Негизги макала: Суу

Суу

Табият жана жандуу дүйнө

Табият жана жандуу дуйно

Мынакей достор жаратылыш деген бир чети назик, бир чети коркунучтуу көрүнүш. Жаратылышты коргоону үйрөнөлү. Андай болбосо, келерки 30-50 жылдыкта эле кайрылгыз кырсыктар болушу мүмкүн. Жаратылыш биздин байлыгыбыз экенин ар бирибиз эсибизден чыгарбасак.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-10-16, Көрүүлөр: 157265, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу