Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жаңыл Мырзанын Үчүкө, Түлкүгө жаа тартышы

Келин кетти деп угуп,
Сүйүнчүлүү кеп угуп.
Үчүкенин үйүнө,
Келип түштү энеси.
Арылбайт акыр заманда,
Көпчүлүктүн жемеси.
Келген элдин баарысын,
Арача салат энеси.
Катын алсын деп айтып,
Катуулады мүнөзү.
Алса Жаңылды алсын дейт,
Ат бастырып барсын дейт,
Эр Жаңылды алсын дейт,
Эр Жаңылды албаса,
Менден туубай калсын дейт.
Өзү Нойгут уруусу,
Ургаачынын сулуусу.
Манап эмес, бай эмес
Эл бийлеген бий эмес.
Букара байкуш Жагоого,
Айтпаптыр кудай уулдан.
Канат жасап камчы урган,
Кайраттуу кыз туулган.
Ата-энеси, элинин,
Жарпын ачкан кызы дейт.
Элди сактап душмандан,
Өөк сырттан ушу дейт.
Жардылыгы болбосо,
Жандан ашкан мыкты дейт.
Мылтык атып, жаа тарткан,
Эркектерден ыктуу дейт.
Ит агытып, куш салган,
Кесипке даана шыктуу дейт.
Какшаал менен тоюнда,
Калың Нойгут айлы дейт.
Өзү баатыр Жаңылдын,
Жок экен азыр кайны дейт.
Мыкты болсо эр Түлкү,
Эриш бузуп, эл чапсын.
Жылкы тийип чаңдатып,
Калмакты кошо тең чапсын.
Алы буга келбесе,
Көрүнбөсүн көзүмө.
Жалганда тирүү жүргөнчө,
Бычак салсын өзүнө.
Эгер Жаңыл албаса,
Ак сүтүмдөн кечпеймин,
Акыретке барганда,
Салбасын мени арманга.
Деп, ошентип күнүгө,
Тынчын алды Түлкүнүн.
Түп көтөрүп түрүлүп,
Түлкүнүн колу сүрүлүп,
Жөнөп калды бөлүнүп.
Сөзүн укпай коёбу!
Аттандырды чуу менен,
Асабалуу туу менен.
Ай туяктан бээ айтып,
Аябаган дуу менен.
Үчүкө, Түлкү баш болуп,
Мингени буудан ат болуп,
Ал сапарда жасоосу,
Алда канча көрүнүп,
Аккочкор, Каңкы бул экөө,
Бир кош болуп бөлүнүп,
Жаңылды байлап алмакка,
Шатыра-шатман жол жүрүп,
Барды Какшаал тоосуна,
Ийри жардын жээги,
Имерилиш оозуна.
Ак чийдин төмөн жагында,
Кере таштын сайында,
Кемегесин ойдуруп,
Бээден кармап ырымдап.
Ай туякты сойдуруп.
Жалгыз-жарым жүргөндү,
Токтотуп алып кеп сурап,
Нойгут элдин күздөөсү,
Жылкысы кайда деп сурап.
Учураган жан болсо,
Жок издеген ал болсо,
Чылбыр толгоп санына,
Тирүүлөй азап чектирген.
Нойгутка кабар түшүрбөй,
Же нойгуттар күтүнбөй,
Кармап алып ургулап,
Тилин толгоп жулдурат.
Өлбөсө да а шордуу,
Сүйлөй албайт чулдурап.
Кетирсе да толук сөз,
Элге барып айталбайт.
Мына ушундай мыкаачы,
Үчүкө, Түлкү шайтанды айт.
Шайтандык эмей эмине,
Тынч элди келип чабышты,
Жылкысын жылас кылышты.
Койлорун союп короодон,
Корум кылып кырышты,
Төрт түлүгүн чогултуп,
Алдына салып жыйышты.
Нокто-чыкта, желени.
Кылыч менен кыйышты.
Кайчы-тулга, казанды,
Карсылдатып чабышты.
Коломто гүлүн сапырып,
Эшиктен төргө чачышты.
Киймин тоноп сыйрыса,
Жылаңач чуркап качышты.
Кызыл уук кыйраса,
Кыяматтай кыйнаса,
Элчилеп да эр Жаңыл,
Же бир жасоол жыйбаса,
Айтылбай турган иш бекен,
Намыс кылбай тим болгон,
Анча-мынча кыз бекен,
Аты Жаңыл болгон соң,
Анты-шерти бепбекем.
Ургаачылык ушу деп,
Тим жатыш буга кеп бекен.
Ал кезде Жаңыл үйдө жок,
Жортуул келчү жолдо бейм.
Катындарын какшатып,
Караан түндү баштатып,
Сүттүү менен сүрөгүн,
Такалуудан тай койбой,
Кулун-тайын чыңыртып,
Төөнүн мурдун жырылтып,
Добул кагып, мал койбой,
Кулун-тайын чыңыртып,
Төөнүн мурдун жырылтып,
Добул кагып, мал тийип,
Түндүктөн булар бута атып,
Үч төрт айыл жылкысын,
Алып чыкты узатып.
Эки кошко эки тай,
Туугандашып союшту.
Ээн жердин бөрүлөр,
Этке майга тоюшту.
Үчүкө, Түлкү ошентип,
Тийип алып жылкысын,
Жаңыл Мырза жок кезде,
Элдин ачкан уйкусун.
Чандатып үч жүз бээ алды,
Жай жаткан элден төө алды...
Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)