Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаңгак

Баш барак | Өсүмдүктөр | Жаңгак

Жаңгак — кургак жегиликтүү мөмөлөр же уруктар. Жаңгактарда негизинен майлар көп камтылат. Ар кандай азык максаттарында колдонулат, анын ичинде, бышырууда, ысылыктарда (бышырылган же чийки) жана ароматизатор катары. Ботаникалык жаңгактардан тышкары кулинарияда жаңгак деп окшош көрүнүшкө жана кулинариялык ролго ээ болгон мөмөлөр жана уруктар аталат.

Көпчүлүк адамдар жаңгак десе эле, грек жаңгагын элестетет, бирок, жаңгактардын түрү абдан көп. Мисалы, жер жаңгак, грек жаңгагы, бразилия, кедр, миндаль, мисте, токой жаңгагы ж. б.

Жаңгак

Грек жаңгагы

Жайкысын кыргыз жергесинин Арстанбап, Кызылүңкүр, Аркыт деген ажайып жерлерине барып калсаңар, алыстан андагы түздүктөрдү, тоону көздөй жогорулаган коктуларды тегиз жаап, көлдөй тармалданып билинер-билинбес токулган жашыл аймакты көрөсүңөр. Жакындап келсеңер, уңгу сөңгөгү кучак жеткис, заңгырап асманга бой керген, бутактары туш тарапка бапырайып, дүпүйгөн зор жаңгак дарактардын арасында турган болосуң. Бул жаңгак токою. Негизинен грек жаңгактары өсөт (латынча Juglans regia). Кыргызстанда жаңгак дарактарынын көпчүлүгү Арстанбап, Когарт, Аксы жана Өзгөн аймагында кезигет. Жаңгак токойлорунун дүйнө боюнча эң ирилери Кыргызстанда. Жалпы аянты 276 миң гектарга жетет.

Жапайы жаңгак ошондой эле, Кичи Азия, Балкан жарым аралы, Иран жана Кытайда кездешет. Азыркы кезде табигый токойлордон жаңгактын бири-биринен мөмөсү менен айырмаланган 900 түрү табылган. Жалбырактары жазы, жыттуу келип, кеч ачылат. Кечирээк гүлдөп, кеч түйүлгөндүктөн кай бир жылдары үшүк алып, мөмө байлабай да калат. Жаңгак 7-8 жылдан кийин түшүм бере баштайт. Түшүм бара-бара көбөйөт.

100-120 жылдык дарактан 80-90 кг, кай бир учурда 200-250 кгга чейин түшүм алынат. Жангак ным жана жылуулукту сүйгөн өсүмдүк. Ным жетиштүү жерлерде бийик, көркөмдүү болуп өсөт. Таштуу кургак сайларда жана күнгөй беттерде жангак бадал сымал бутактанып жерге жакын өсүп, анча бийик көтөрүлө албайт. Токойдо жаңгактын жерге түшкөн мөмөсүнөн шарты туура келсе, жаңы көчөттөр өнүп чыгат. Азыркы кезде жаңгакты өстүрүү, көбөйтүү, жаңы жерлерге тигүү ишин токой чарбалары жүргүзүүдө. Жаңгактын мөмөсү данектүү, тоголок же сүйрү.

Аны менен адам жана жапайы жандыктар да (доңуз, кирпи, кашкулак жана башка) азыктанышат. Данектин 45-70 пайызы май, 8-21 пайызы белоктон турат. Жаңгактын данеги - өтө жогору калориялуу азык. 1 кг данеги 8000-8500 калорияга чейин энергия берет. Ал А, В витаминдерине бай. Чала бышкан жаңгакта С витамини көп, андан кыям кайнатууга болот. Жангак кулинария жана кондитер өндүрүшүндө да кеңири колдонулат. Кыргызстандагы жаңгактардын данегинин майлуулугу да өтө жогору. Маселен, биздеги жапайы токойлордогу өскөн жаңгактын данегиндеги май орто эсеп менен 70,8 пайызга барабар болсо, Францияда эгилме жаңгактын майлуулугу орточо 55,5 пайыздан ашпайт. Жангак өтө пайдалуу.

Анын жалбырагынан жыттуу заттар жана С витамини алынат. Кабыгы боёк катары колдонулат. Сөңгөгү өтө бышык, кооз келип баалуу мебелдерди жасоого жумшалат. Жаңгак медицинада дары-дармек жасоодо да пайдаланылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4153, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-13, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу