Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жакынкы чет олколордогу кыргыздар

Фергана кыргыздары Кыргыздар Фергана ороонундо байыртадан эле байырлап андагы коп улуттун окулдору, озгочо озбектер, кыпчактар, тажиктер менен бирге жашап келгени белгилуу. Фергана чолкому 18-кылымдан оз алдынчалыкка ээ болуп, андагы бийлик 1709-жылы Шахрух бийдин колуна отуп, ал Кокон хандыгынын негиздоочусу болуп калат. Ушундан тартып Россия басып алганга чейин бул чолкомдогу бийликти Кокон хандыгы жургузгон. Адегенде Фергананын туздугундо, кийин тоолорунда жашаган кыргыздар Кокон хандыгынын туруктуу калкына айланган жана бул хандыктын коомдук-саясий турмушуна жигердуу катышкан. Ферганалык кыргыздар 19-кылымдан Кокон хандыгынын жогорку хандык бийлигин да оз колунда кармап турууга аракеттенишип, ал максатын жузого ашырышкан. Буга кыргыздардын тарбиясы менен Таласта эр жетип, Нузуп баш болгон кыргыз кыпчактардьш колдоосу меней Шераалынын хан которулушу кубо. Шераалы хан жана анын жолун жолдогон уулдары, озгочо Кудаяр хан кыргыз, кыпчактардын таасиринен чыга алган эмес. Ушуга байланыштуу ферганалык кыргыздар Кокон хандыгынын тарыхында коз каранды жана комускодо болушпай, ордонун ички жана тышкы саясатына жигердуу аралашып, хандык бийликтин тизгинин озбек, кыпчак тоболдору менен бирге кармашып, оздорун хандыктын тен укуктуу эгеси катары эсептешкен.

Муну Кокон хандары менен бийлеринин кыргыздар менен жакындашуу максатында куда-соок болуп, туугандашууга кылган аракеттеринен да байкасак болот. Алсак, Эрдене бий, Нарбото бий, Ажы бий кыргыз кыздарына уйлонушкон. Ажы бийдин кыргыз аялынан Шераалы хан торолгон. Шераалы хандын Жаркынайымынан Кудаяр хан, ал эми Соно айымынан Мала хан торолуп, алар бийликке келгенде кыргыз таякелеринин таасиринде болушкан. 1897-жылы статистикалык маалымат боюнча Фергана чолкомундо 424 миндей кыргыздар жашап, андагы калктын 30 пайзын тузгон. Алардын копчулугу оздорун Ферганада байыртадан эле жашаган туруктуу калк катары эсептешкен. Айрымдары болсо Чыгыш Туркстандан, Тениртоодон, Таластан жана башка жерлерден кочуп келип жашап калышкан.

Ферганадагы кыргыздардын жакада жашагандары дыйканчылык, ал эми тоолуу ороондордо жашагандары мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан. Совет бийлигинин улут саясатынын натыйжасында 1924-жылы Орто Азия чолкому улуттук мамлекеттуулукторго болунот. Бул маанилуу иште чолкомдо жашаган этностордун кызыкчылыктары толук эске алынбай, баш аламандыкка жол берилет. Натыйжада, байыртадан эле кыргыздар мекендеп келген Самаркан, Анжиян, Наманган, Фергана ороонунун копчулук болугу Озбекстандын чегине кирип калган. Кыргызстандын элинин чегараларды тактоо, кыргыздар мекендеп келген жерлерди Кыргызстанга кошуу жонундогу талаптарына Совет бийлиги конул бурган эмес. Учурда кыргыздар Озбекстандын дээрлик бардык облустарында жашашат. Алардын басымдуу копчулугу Анжиян, Наманган, Фергана, Жызак, Кокон, Ташкен, Самаркан, Сырдарыя облустарында турушат. Кыргыз айылдарынын копчулугу тоолуу райондордон орун алган. Сонку маалыматтар боюнча Озбекстанда 175 миндей кыргыз бар. Анда жашаган кыргыз балдары учун 40тан ашуун кыргыз тилиндеги мектептер иштейт.

Алар учун окуу китептери, окуу куралдары Кыргызстанда даярдалат. Эгемендуулуктун жылдарында Озбекстан менен Кыргызстандын ортосунда туболук достук келишими тузулду. Озбекстанда жашаган кыргыздар Озбекстандын экономикасын, маданиятын которууго салымдарын кошууда. Памир кыргыздары Дуйнодогу эн бийик Памир тоолорунун арасын, озондорун, кокту-колотторун кыргыздар байыртадан мекендешкен. Анткени Памир тоолору Кыргызстандын азыркы чегарасы менен эле туташ жатат. Кыргыздардын Памирди мекендеп калышы жонундо санжырада турдуу пикирлер айтылып келуудо. Алардын биринде кыргыздардын бир уруусу Алатоодон бул жакка Тегината аттуу кыргыз бийинин жетекчилиги менен журт которуп келип, тажиктер менен коншу жашап калышкан деп айтылат. Алар жашаган жер кийин ошол бийдин атынан Каратегин аталып калган имиш.

Экинчи санжыра боюнча кыргыздар Памирге кыргыз бийи Каранын жетекчилиги менен кочуп келген. Кыргыздар байыр алган жер Кара бийдин жана анын байбичеси Тегинанын атынан Каратегин аталып калган. Памирде кыргызча аталган жер-суу аталыштары коп кездешет. Бул Памир тоолорун кыргыздар коп замандар бою мекендеп келгендигин айгинелейт. Тарыхый булактарда 1635-1636-жылдары Каракорум менен Королонду мекендеп жургон 12 мин тутун кыргыз Каратегин аркылуу Гиссарга келгендиги эскерилет. Мындан кийинки кыргыздардын Памирге кочуп келиши ойроттордун чабуулу менен байланыштуу. Ойроттордун чабуулунан улам Каратегинге кочуп барган 100 мин тутундой кыргыздар Бухара хандыгына караштуу Гиссар, Куляб, Памир, Тундук Индия жана Кашкарга чейин барган. Калмактар кыйрагандан кийин качкан кыргыздардын негизги болугу Тениртоого кайтышып, бир аз тобу ошол тарапта калып калышса керек. 19-кылымда Памирди Кокон хандыгы, Кашкар эмири жана Ооганстандагы Вахап акими болуп алышкан.

Анда жашаган кыргыздар да формалдуу турде учко болунуп калган. Бирок кыргыздар уч ээликтин бирине да баш ийбестен, оздорун Памирдин мыйзамдуу кожоюндары катары сезишкен. 1832-жылы Кокон ханы Мадали Памирдеги оз бийлигин бекемдее учун Бостонтерек жана Ташкоргон чептерин курдурган. Кийинчерээк бул жерлер Памирдин административдик жана соода борбору болуп калган. Кокон хандыгы памирлик кыргыздарды озуно тартуу учун ал жактагы уруу тоболдоруно кушбок, лашкер, бек, датка, аксакал деген наамдарды ыйгарып турган. Памирди бийлоо учун Кокон хандыгы озунун наместниктери катары таасирлуу кыргыздарды жонотуп турган. Бирок эркиндикти суйгон памирлик кыргыздар Кокон хандыгына баш ийген эмес. Кашкар эмирине жана Оогандагы Вахап акимине караштуу кыргыздар да алардын бийлигин тааныган эмес.

Памирлик кыргыздардын эркиндик учун курошун коп жылдар бою Сахип Назар жетектеген. Кокон хандыгы аны озуно тартуу максатында ага датка мансабын ыйгарган. Ооган эмири болсо кээде Сахип Назарга жардам сурап кайрылып турган. Жайкысын ал жайлоолорго кочуй, кышкысын Кузары дарыясынын куймасындагы озондо кыштаган. Кайсы бир жылдары Алай жайлоолоруна жайлаган. Коргондор анын алп мучолуу, баатыр муноздуу болгондугун, чымыр денесине аппак сакалы жарашып тургандыгын, оз элинин эркиндиги, бакыбат жашоосу учун курошкондугун жазышкан. Ал ооган эмиринин аскерлерине, орус баскынчыларына бир нече жолу сокку урган. Андан оофган эмири да, орустар да чочулап турган.

Памир аймагын 1890-жылы Россия басып алган сон Сахип Назар колго тушурулуп, «каракчы» катары атылган. Ошентип, 19-кылымдын аягында памирлик кыргыздар коз карандысыздыгын жоготуп, ар кайсы мамлекеттердин курамына болунуп, мурда эркин кочуп-конуп жургон жерлерине ото албай «жабык» чегарада кун откорууго мажбур болушкан. Бул чолкомдо эл аралык абалдын мезгил-мезгили менен курчуп турушу аларды коптогон кыйынчылыктарга кириптер кылган. Тажикстанда жана Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин Памир кыргыздары тажикстандын, Оогандык жана алайлык болуп болунгон. Кыргызстан менен Тажикстандын чегарасын тактаганда кыргыздар жашаган Памирдин болугу Тажикстанга кирет. Памирлик кыргыздар негизинен мал чарбачылыгы менен кесиптенишип, топоз, кой остуруу онуккон.

Унаа катары негизинен топоз пайдаланылган. Памирлик кыргыздар негизинен шамалга туруктуу болуш учун жалпак жасалган боз уйлордо жашашкан. Дан азыктарын мал чарбасы азыктарына алмаштырып алып турушкан. Кийим-кечеси негизинен териден жана кийизден жасалган. Анчалык болбосо да акча-товар мамилелери жургузулгон.

Ал кыргыздар негизинен ичкилик тобуна кирип, тейит, кесек, найман, кыпчак болуп торт урууга болунот. Совет бийлигинин жылдарында Тажикстанга карап калган кыргыздар ал республиканын торт (Жергетал, Мургаб, Шаартуз, Яал) районуна болунгон. Акыркы маалыматтарга Караганда, Тажикстанда 106 минден ашуун кыргыздар жашашат. Алар жашаган жерлерде кыргыз мектептери бар. Окуу китептерин Кыргызстандан алышат. Тажикстандын кыргыз орто мектептерин буткон жаштардын айрымдары Кыргызстандын жогорку жана атайын орто окуу жайларынан билим алышууда. 1990-жылдардагы Тажикстандагы граждандык согуш кыргыздарга да коп кыйынчылыктарды алып келди.

Согуштан азап чегишкен айрым адамдар Кыргызстанга кочуп келишкен. Алардын айрымдары учурда кайра кайтууда. Россиядагы кыргыздар Азыркы Россия Федерациясында жашаган кыргыздардын бир тобунун тамыры теренге орто кылымдардагы Енисей кыргыздарына барып такалат. 18-кылымдын башында Енисей дарыясынын жогорку агымдарында орустар басып алган кыргыздар орто кылымдардагы Енисей кыргыздарынын урпактары болгон. Бул жерде жашаган кыргыздар жонундогу маалыматтар орустардын 1567-1583-жылдары жазылган тарыхый документтеринде кездешет. Аларда Енисей дарыясы кыргыз жеринин так ортосунан агып отору, аларды княздар башкарары, аларга жакын жерлерде калмактар жашары жазылган. Тарыхый маалыматтар боюнча 17-кылымда Енисейде болжол менен 7 миндей тутун кыргыздар жашап, негизинен кочмон мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан. Анчылык менен кошумча кесип катары алек болушкан.

Бул мезгилде Енисейлик кыргыздардын борбордошкон мамлекети болгон эмес. Алар бир нече уруулардан туруп, Алтысар жана Исар улустарына, кийин Алтыр улусуна болунгон. Аларды княздар башкарган. Булардын ичиней Алтыр улусунун таасири кучтуу болгон. Кыргыздардын бул чакан ээликтери озуно коншу бир катар этносторду баш ийдирип алардан салык катары баалуу ан терилерди (кыштым) алып турган. Ушуга байланыштуу кыргыздарга баш ийген элдер кыштымдар делип аталган.

Бийлик мураска калган. Уч улус оз кезегинде майда уруулук улустарга болунуп, алардын башчылары князь деп аталган. Орустар келген учурда мындай майда княздыктардын саны уч жузго жеткен. Жогорку башкаруу органы Кенеш болуп, ага бардык княздар, кыштымдардын окулдору да катышышкан. Бул кенеш курултай деп да аталган.

Курултайда Енисейдеги Кыргыз федерациясынын маселелери талкууланып, чечимдер кабыл алынган. 17-кылымдын аягында орустар Сибирди басып алуу саясатын кучотуп, азыркы Томск жана Красноярск шаарынын ордуна чеп курушкан. Ал жерде жашаган кыргыздарды орустар туштукту карай суруп салган. Сурулгонуно карабастан кыргыздар тундуктогу жерлерин Кыргыз жери деп аташып, орустарга такай доомат коюп, аларга кол салып, орус дыйкандарын талап-тоноп, эгиндерин, уй-жайын орттоп кетип турушкан. Енисейлик кыргыздардын орус баскынчыларына каршы курошун Еренак жетектеп, орустарга каршы бир нече жолу кыйраткыч сокку урат. 1678-жылы Еренак Красноярскиге кол салат. Орустардын 20дан ашуун кыштактарын орттоп, орус аскерлеринин бир тобун туткундап алат. 1680-жылы 1600 адамдан турган орус аскерлери кыргыздарга жортуулга аттанат. Бул салгылашта Еренак баштаган кыргыздар женилип, формалдуу турдо орус бийлигине баш иет. Тыныгуу учурунда кайрадан кол жыйнаган Еренак 1686-жылы орус аскерлерине кыйраткыч сокку урат.

Орустар менен Еренактын ортосундагы чечуучу салгылаш 1688-жылы Монголияда болуп, бул салгылашта Еренак курман болот. Еренактын коз карандысыздык учун курошун анын уулу Корчун уланткан. Ал дагы орус баскынчыларына каршы бир нече чабуулдарды уюштурган. Кыргыз княздарынын орус баскынчыларына каршы акыркы чабуулу 1700-жылы болгон. Бул жолу кыргыздар кара-калмактар менен бирдикте Кузнецк шаарына кол салат, бирок чегинууго мажбур болот.

1701-жылы орус аскерлери казак-орус кошуундары менен биргелешип, кыргыздар менен Красноярскиге жакын жерден беттешет. Айыгышкан салгылашта кыргыздар чон женилууго дуушар болуп, талкаланат. Енисей кыргыздарын орус баскынчыларына каршы курошу бир кылымга созулуп, бул жоокер элдин кайраттуулугу орус падышачылыгын бир топ сестенткен. Енисейдеги Кыргыз жерлери Россияга 1708-1720-жылы аралыгында биротоло кошулган. Кыргыздарды женген сон, алардын жаны жогорулашынан чочулаган падыша окмоту Енисей кыргыздарын бир болугун Алтайга кочуруп жиберген. Падыша окмоту Енисейлик кыргыздарды багынтып алган сон аларга каршы колониялык катаал саясат жургузгон. Аларды зордук жолу менен христиан динин кабыл алууга, адам аттарын орусча коюуга мажбурлаган.

Кылымдар бою оздорунун «кыргыз» деген атын, озгочолугун сактап келген эл акырындык менен башка элдер менен ассимиляцияга кирген. Натыйжада, оздорун кыргызмын деп атагандардын саны акырындап азайып, эл оз тилинен жана маданиятынан ажыраган. Совет бийлигинин сонку жылдарындагы эсеп боюнча Россия Федерациясынын аймагында 40 миндей кыргыз жашаган. Азыркы учурда Россиянын копчулук шаарларынын базарларында соода кылган кыргыздар бар. Алардын айрымдары ал жакта туруктуу жашашат. Болжол менен Россияда убактылуу жашаган кыргыздар 500 минден ашат.

СССРдин жашоосунун сонку жылдарындагы маалыматтар боюнча кыргыздар башка союздук республикаларда да жашашкан. Алсак, Казакстанда - 15 мин, Украинада - 3 мин (булар негизинен кулак катары зордук менен 30-жылдары Кыргызстандан кочурулгендор), Белоруссияда - 600дой, Туркмонстанда - 634, Молдова, Армения, Грузия, Латвия, Литва республикасынын ар биринде болжол менен 200дей кыргыздар жашап турушкан. Эгемендуу Кыргыз Республикасы озунун атуулдарынын дуйнонун бардык олколоруно барып билим алуусуна, эмгектенишине, башка олконун граждандык статусун алуусуна кенири мумкунчулукторду ачты. Кыргыз Республикасы озунун граждандарынын кызыкчылыктарын дуйнонун кайсы жеринде болсо дагы коргой тургандыгын озунун Конституциясында бекемдеген.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1283, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо