Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Улуу Британия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Улуу Британия

Жеринин аянты - 244820 чарчы чакырым. Калкы - 59648000 адам. Улуу Британия мамлекети Атлантика океанындагы аралдарда (алар Европанын жээгине жакын) жайгашкан. Аянты анча чоң эмес, бирок калк абдан жыш жайгашкан өлкө. Качандыр бир кездерде анын көп сандаган колониясы болгон. Азыр анын дээрлик бардыгы көз карандысыздыкка ээ. Мамлекет башчысы - монарх, анын бийлигин парламент чектейт. Улуу Британия - (Англия деп да аталат), Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия болуп төрт бөлүктөн турат. Шотландия өлкөнүн түндүк тарабында жайгашкан. Бул аймак тоолуу жана көлдүү, өрөөндөрү кооз.

Шотландыктар хор менен ырдап жана бийлегенди жакшы көрүшөт. Элдик майрамдарда волын менен аткарылган музыка жаңырат, өзгөчө шотландыктардын улуттук кийими, айрыкча эркектердин чакмактуу килты деген юбкасы абдан кызык. Ошондой эле Шотландия - көмүрдүн жана электр энергиясынын, болоттун жана кемелердин, заводдордун жана ири порттордун өлкөсү. Эдинбург (Шотландиянын башкы шаары) жана Глазго шаарларында, алардын чет жакаларында завод-фабрикалар, шахталар, кеме куруучу верфтер абдан көп. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө Шотландиядан чыккан машина жана товарларды ташыган кемелер ушул жерде, Клайд дарыясындагы верфте курулган. Улуу Британиянын эң тоолуу бөлүгү - Уэльс. Бул жерде болот менен ак тунуке чыгаруучу заводдор курулган, таш көмүр казылып алынат.

Уэльстин башкы шаары - Кардифф. Улуу Британиянын эң чоң жана калк жыш жайгашкан бөлүгү - Англия, Англиянын Бирмингем, Манчестер, Ливерпуль деген эски шаарларында ири өнөр жай ишканалары жайгашкан. Күзүндө жана кышында туман басып турат. Англияда автомобиль, электроника аэрокыймылдаткыч, тигүүчү машина, куурчак жана телекөрсөткүчтөрдү чыгарат. Англиянын түштүгүндө Улуу Британиянын борбору - Лондон жайгашкан.

Ал Европадагы эң байыркы шаарлардын бири. Лондондун Вест-Энд («батыш аймак» дегенди билгизет) районунда эң мыкты, эң баалуу музей, театр, мейманкана, дүкөндөр бар. Бул жер жашыл бактуу келип, мында Лондондун Гайд-парк деген эң чоң паркы жайгашкан. Сити-банк, түрдүү кеңсе, сот имараттары топтошкон шаардын борборундагы район. Ситидеги көрктүү, бирок көп жылдык ыштан карарып кеткен үйлөр мындан жүздөгөн жылдар мурун курулган. Бул алтындар дүйнөсүнүн кире беришинде мурда чеп да, ак сарай да, түрмө да болуп келип, азыр музейге айланган Тауэр имараты сакчыдай зыңкыят. Тауэрдин дубалын бойлой Темза дарыясы агып өтөт. Дарыянын бир нече чакырымы созулуп жаткан жээгинде Лондон портунун доктору менен причалдары бар. Порттогу крандар күн сайын келген кемелерден эгин, эт, кумшекер, цемент, күкүрт, калай, пахта, банан түшүрүп алып турушат. Ал эми мындан кемелер: автомобиль, станок, кийим-кечек, бут кийим, кез-демелерди жүктөп кетишет.

Лондон портуна катарлаш - Ист-Энд («чыгыш аймак») - докер жумушчуларынын аймагы жайгашкан. Лондондун айланасы бак-шактуу келип, жашыл түскө жамынып жатат, талааларында буудай жана арпа өсөт, шалбааларына мал жайылат. Бул районду көпчүлүк учурда жашыл Англия деп аташат. Улуу Британия дүйнөгө белгилүү жазуучулар - В. Шекспирдин, Ч. Диккенстин, окумуштуулар И. Нъютондун, Ч. Дарвиндин, М. Фарадейдин мекени. Ирландия аралынын түндүк-чыгышында Улуу Британиянын бир бөлүгү - Түндүк Ирландия жайгашкан. Бул жерде айдоо аянты, жайыт, огород жана жемиш бактары көп. Башкы шаары - Белфаст. Анда көп сандаган кеме куруучу, авиациялык ири заводдор жана текстиль фабрикалары бар. Түндүк Ирландияда жергиликтүү элдин граждандык укук үчүн болгон күрөшү басылбай келе жатат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 29102, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу