Учкул сөздөр

Учкул сөздөр ар бир элде көп кездешет. Ар түрдүү - ташка-тамга баскандай, акылдуу, заардуу, күлкүлүү, келекелүү, орундуу, амалкөй, миңдеген сөз айкаштары жазылган чоң-чоң томдор жарык көрдү. Алардын көбүн алгач жазуучулар менен акындар өздөрүнүн чыгармаларында беришсе, башка бир бөлүгү мамлекеттик ишмерлердин, атактуу окумуштуулардын ооздорунан чыккан. Учкул сөздөрдүн көбү бизге элдик макал-лакаптардан келип жеткен. Адам канчалык таланттуу болсо, анын сөзү да ошончолук учкул болот. Бул сөздөр өлкөнү жүз, миң жолу айланып өтөт. Биз кээде өзү алсыз, ачуусу чукул, урушчаак адамдын токтоо, оюнда арамдыгы жок күчтүү адамга асылганын шылдыңдоо үчүн көпчүлүк учурда мындай дейбиз: «Ит үрө берет, кербен жүрө берет».

Учкул сөздөр биздин сөздөрүбүздө көп кайталанып отуруп, көнүмүш адат болуп кеткендиктен ал кимдин сөзү экени унутулуп да калат. «Иттин доолдой тиктирем дегенинде» деп көп кыялданып, бирок анысын эч качан ишке ашырбаган адамдар жөнүндө айтылат. Аны биринчи жолу Тоголок Молдо жазып чыккан. «Артык өнөр баш жарбайт» деген сөздү да көп колдонобуз. Өнөрлүү адамдын жолу дайым ачык, анын өнөрү бардык мезгилде адамдарга, бүткүл элге керек, ал эч убакта артыкбаш болбойт. Тескерисинче колунан иш келбеген адам турмушта кор болушу мүмкүн. Кимдир бирөө өтө чаташкан, татаал ишти эр жүрөктүүлүк менен оңой эле чечип койсо аны «Гордий түйүнүн кыя чапты» деп коюшат. Бул сөз бизге эки жарым миң жылдай мурда пайда болгон байыркы грек легендасынан келип жеткен.

Легенда боюнча Гордий түйүнү деп абдан чаташкан түйүн аталган, аны менен Фригиянын падышасы Гордий арабанын ок жыгачына моюнтурук байлап койгон. Эгерде кимде ким бул түйүндү чечсе ал бүтүндөй Азияны ээлейт деген жарыя болгон. Уламыш боюнча Александр Македонский түйүндү кылыч менен кыя чапкан. Муну окугандан кийин силер учкул сөздөрдү улуу адамдар гана жаратат деген ойго келерсиңер. Бирок ал андай деле эмес.

«Өрдөк жокто чулдук бий». Муну биринчи ким айтканы белгисиз. Бирок эң башында кимдир бирөө айтканы шексиз. Анткени бул төрт сөз бир мезгилде беш же жыйырма, элүү же жүз кишинин оозунан чыгышы мүмкүн эмес да. Кимдир бирөө аны биринчи айтып, анан ал учкул сөзгө айланып кеткен. Мына ушундай эч кимге тиешелүү болбогон учкул сөздөрдү биз макал-ылакап деп атайбыз. Алардагы акыл байлыгы бүткүл элге таандык.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)