Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тоту куш

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тоту куш

Бул кулпурган кооз, тумшугу жоон, жазы, учу иймекей куштар Африка, Америка жана Австралиянын тропик токойлорунда жашайт. Тоту куштун куйрук жагындагы канаттары көбүнчө көк, кызыл, сары түстө болот. Тоту куштар кыска, бирок күчтүү тумшуктары менен өсүмдүктүн даны жана мөмөсүн, уругун чагып жеп азыктанат. Чоң тоту куштар катуу жаңгакты да чагып жей алат. Ошондой эле тоту куштун тумшугу дарактын шактарына чыкканга үчүнчү бутундай эле кызмат аткарат. Тоту куштардын буттары дарактарды кармап чыгууга абдан ылайыкталган. Буттарынын эки манжасы алдын, ал эми экөө артын карайт, ошондуктан кармаган жеринде аттиштей бекем жабышат. Көпчүлүк тоту куштардын канаты жакшы өнүккөн - алар ылдам учат.

Учпагандары да бар, мисалы, Жаңы Зеландиядагы бабырган тоту куштары жерде гана жүрөт, коркунуч боло калганда дарактардын тамырынын астындагы ийиндерге кирип кетишет. Токойдо жашаган тоту куштар бири-бири менен катуу үн чыгарып кыйкырып же назик үн менен шыбырагандай сүйлөшүшөт. Колго үйрөтүлгөн тоту куштардын кээ бир түрлөрү адамдын айрым сөзүн туурайт. Кээде бүтүндөй сөз айкаштарын да кайталай алышат. Тоту куштар ал сөздөрдү түшүнүп, аң-сезимдүү айтпастан, жаттап алгандай жөн гана кайталай берет. Айрыкча африкалык боз тоту куш жако жана америкалык амазондордун кээ бир түрлөрү сөздөрдү жаттап кайталаганга өтө жөндөмдүү. Тоту куштардын чоңдугу ар түрдүү болот. Мисалы, кичинекей наардуу кыргый тоту кушунун узундугу 18 см гана болсо (куйругунун учуна дейре), ал эми Түштүк Америкадагы ара деген чоң тоту куштун узуну бир метрге чейин жетет.

Тоту куштардын үч жүздөн ашык түрү белгилүү, алардын ичинен өзгөчө белгилүүлөрү - австралиялык какаду жана розелла, африкалык түгөйчүл, америкалык ара жана амохон тоту куштары. Тоту куштар бардык нерсеге кызыгып, зээндүү, колго жакшы үйрөнөт жана ар дайым өзүнүн ээсин тааныйт. Колго үйрөтүлгөн кичинекей наардуу кыргый тотулар Австралиядан тараган. Өз мекенинде алар чөптөй жашыл түстө гана болушат, кишилер болсо колго үйрөтүлгөн кичинекей тоту куштардын сары, көк жана ак түстөрүн чыгарышкан. Кичинекей наардуу кыргый тоту куштар капастагы жасалма көңдөйлөрдү уялап, оңой эле көбөйүшөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 8509, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу