Токмок шаары

"Токмок шаары" - Чүй облсунун аймагындагы өнөр жайлуу ири шаарлардын бири. Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол жээгинде, Чалдыбар - Бишкек - Балыкчы темир жана автомобиль жолдорунун боюнда, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан. Республиканын борбору Бишкектен 60 км, «Манас» аэропортунан 90 км чыгыш тарапта. Аянты 55,35 чарчы чакырым. Калкы 56,0 миң (2013). Шаар жайгашкан аймак негизинен түзөң келип, батыш тарапка бир аз жантайыңкы. Деңиз деңгээлинен 800-815 м бийиктикте. Январдын орточо температурасы -5°С, июлдуку 20-26°С. Жылдык жаан-чачыны 300-400 мм. Кышында жааган кардын калыңдыгы 15-20 см, кээ бир жылдарда 36 смге жетип, 70 күндөн 90 күнгө чейин жатат.

Калкы көп улуттуу. Элинин негизин кыргыздар (% менен; 52,3) менен орустар (15,5) жана дуңгандар (16,1) түзөт. Ошондой эле өзбектер (8,5), уйгурлар (1,7), татарлар (1,9), казактар (1,1) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы негизинен өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, соода, коммуналдык ишканаларда, базарларда жана өздүк үй чарбаларында иштейт.

Токмоктун тарыхы. Токмоктун аймагын биздин заманга чейин сактар, кийин усундар, 10-11-кылымдарда Карахандар кийинчерээк көчмөн түрк уруулары, анын ичинде кыргыздар мекендеген. 19-кылымдын 1-жарымында Кокон хандыгынын аскерлери Чүй өрөөнүн басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. Чеп ыңгайлуу жол тоому болгондуктан, көп узабай эле жарманкеге айланган. 1860-жылы Орус империясынын аскерлери Кокон хандыгынын аскерлерин кууп чыгып, 1862-жылы орус чебин негиздеген. 1866-ж. ал чеп Токмок уездинин борбору катары шаар статусун алган.

Өнөр жайы. Учурда "Токмок шаары" жеңил, тамак-аш, ун тартуу, дан азыктарын жана жем кошулмаларын чыгаруу, машина куруу, автомобилдерди жана айыл чарба шаймандарын оңдоо, курулуш материалдарын чыгаруу ж. б. өнөр жай тармактары иштейт. Кыргызстандагы эң ири ишканалардын бири - жүндү жууп ылгоо, андан жип ийрүү, чокой жана кийиз жасоочу фабрика жайгашкан. Тамак-аш респдагы эң ири эт комбинаты (учурда токтоп турат), сүт заводу, жашылча консервалар бирикмеси, ич май сызгыруучу, ун тартуу өнөр жай өнүккөн. Дан азыктарын чыгаруучу Чүй, Токмок комбинаттары, курулуш материалдар (ташты кесип жылмалоочу) жана темир-бетон, кыш заводдору, башка тармактардан кагаз картонун жасоочу фабрика, айнек заводу ж. б. ишканалар иштеген. Машина куруу өнөр жайдын маанилүү тармагы болгон. Шаарда Түштүк Кореянын «Goldstar» (азыркы LG) фирмасы менен бирдикте республикада 1-болуп телевизор жасоону өздөштүргөн белгилүү радио заводу жана автомобилдерди оңдоочу өндүрүш бирикмеси болгон. Бул өндүрүштүк бирикме автомобилдерди, тракторлорду, айыл чарба шаймандарын оңдоп, 1990-жылдан чакан «Тарз» маркасындагы автобустарды чыгарып турган. Өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө шаардын республикадагы чыгарылган телевизор, автобус, жуулуп ылганган жүн, андан ийрилген жип жана жүндөн жасалган бут кийимдер, картон кагаздары, курулуш айнектеринин дээрлик бардыгы (100% ы), өндүрүлгөн эттин 21,6% и, консерванын 43,1% и, темир-бетондун 3,0% и, ундун 25,4% жана жем кошулмасынын 12,1% Токмок шаарынын үлүшүнө таандык болгон. Шаардын өнөр жай ишканалары чыгарган өндүрүмдөр Чүй облусунун керектөөлөрүн камсыз кылуу менен республиканын башка региондоруна, ошондой эле коңшулаш өлкөлөргө дагы сатылып турган.

1991-жылдан, башкача айтканда Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон өлкөнүн бардык региондорунда, ошондой эле Токмок шаарында бир кыйла реформа жүрдү. Ошого байланыштуу Токмок шаарынын чарба жүргүзүү тармактарында көп структуралык өзгөрүүлөр болуп, түрдүү формадагы менчик ишканалар, мекемелер, уюмдар жана коомдор пайда болду. Экономиканы базардык (рыноктук) мамилеге өткөрүү реформасы өлкөнүн башка аймактарындагыдай эле Токмокто да өнөр жай өндүрүшүнүн жана калкты тейлөө кызматынын кыйла төмөндөшүнө алып келди. Айрым өнөр жай ишканалары иштебей, кээ бирлери чакан жана майда ишканаларга бөлүнүп кетти. Токмок шаарыннда 2013-жылы юридикалык каттоодон өткөн 896 субъекттин 396сы иштейт. Анын 129у (анын ичинде 35 нан чыгаруучу, 3 макарон азыктары, 5 чүчвара жана 1 колбаса цехтери, 10 тигилүү буюмдар, 4 техникаларды ремонттоочу, 12 жыгаччылык жана 3 эмерек жасоочу ж. б.) жеке, чакан 22 өнөр жай ишканасы ж. б. болгон. Ошондой эле айнек тара жана такталарды чыгаруучу, бетон буюмдар, кумблок (пескоблок) куюучу өндүрүштөрү да иштейт. Шаарда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 82,0%и ушул ишканаларга туура келет.

Транспорт. Шаардын негизги транспорту - маршрут таксилери (микроавтобус). Алар ички, сырткы жана шаар аралык маршрут каттамдарын жүргүзөт.

Окуу жайлар, мекемелер. Шаарда 13 орто, толук эмес орто мектеп, христиан мектеби, «Себат» түрк лицейи, музыкалык жана спорт мектептери, 5 бала бакча, маданият үйү, музей, мейманканалар, 3 китепкана, кинотеатрлар, Бишкектеги ЖОЖдордун (КТУнун, АУЦАнын) филиалдары, орто окуу жайлары (республиканын маданий агартуу, медициналык окуу жайлары, айыл чарбасын механикалаштыруу жана электрлештирүү техникуму, «Агро-коллеж») бар. Бир нече ресторан (анын ичинде «Баласагын», «Бакай-Ата», «Мега-полис», «Мик», «Достук» ж. б.), кафе-барлар, тамактануучу жайлар, кичи цехтер, наабайканалар, дүр-дүйнө дүкөндөрү иштейт. Санитария-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, оорукана, поликлиника, дарыканалар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго, Манап бийге эстеликтер орнотулган. Чүй өрөөнүндөгү эң ири (мал жана көк) базар иштеп, ал Казакстан менен тыгыз соода байланыш жүргүзөт. Токмоктон 12 чакырым түштүк тарапта жайгашкан «Бурана» мунарасы жана Кегети өрөөнүндөгү Кегети шаркыратмасы туризмдин өнүгүүсүнө шарт түзүүдө. Эс алуу паркы уюштурулган. Шаарда басмакана иштеп, кыргыз тилинде «Баласагын оттору», орус тилинде «Мой город» гезиттери ж. б. басылып чыгат. Мына достор "Токмок шаары" ушундай.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)